Ошуя 1:1—11

1  Жүйүт падышалары Узиянын+, Жотамдын+, Ахаздын+, Хискиянын+ күндөрүндө+ жана Ысрайыл падышасы Жоаштын+ уулу Жеробамдын+ күндөрүндө Бейринин уулу Ошуяга+ Жахабанын айткан сөзү+.  Жахаба Ошуя аркылуу айткан сөзүн мындай деп баштады. Жахаба Ошуяга: «Бар да+, аял ал, ал аял бузуктук кылат, сен бузуктуктан төрөлгөн балдарга ата болосуң. Анткени бул жер бузуктук кылып, Жахабадан баш тартып жатат»,— деди+.  Ошондо ал Диблаимдин кызы Гомерди аялдыкка алды. Анын боюна бүтүп, уул төрөп берди+.  Жахаба Ошуяга: «Атын Изреил кой+, анткени жакында Жехунун+ үйүн Изреилде кан төккөнү үчүн жоопко тартам; ошентип, Ысрайыл үйүнүн падышалыгын жок кылам+.  Ошол күнү мен Изреил өрөөнүндө Ысрайылдын жаасын сындырам»,— деди+.  Гомердин дагы боюна бүтүп, кыз төрөдү. Ошондо Кудай Ошуяга: «Атын Лорухам* кой+, анткени мен Ысрайыл үйүнө мындан ары ырайым кылбайм+, аларды кууп жиберем+.  Ал эми Жүйүт үйүнө ырайым кылам+, мен аларды жаа, кылыч, согуш, аттар, атчандар менен эмес+, Жахаба Кудайынын күчү менен куткарам»,— деди+.  Гомер Лорухамды эмчектен чыгаргандан кийин, дагы боюна бүтүп, уул төрөдү.  Ошондо Кудай мындай деди: «Атын Лоами* кой, анткени силер менин элим эмессиңер, мен болсо силердин Кудайыңар эмесмин. 10  Анткен менен Ысрайыл уулдарынын саны деңиз жээгиндеги кумдай көп, өлчөнгүс, саналгыс болот+. „Силер менин элим эмессиңер“+,— деп айтылган жерде аларга: „Тирүү Кудайдын уулдары“,— деп айтылат+. 11  Жүйүт уулдары менен Ысрайыл уулдары чогулуп+, өздөрүнө бир башчы дайындашат да+, ал жерден чыгып кетишет, анткени ал күн Изреил үчүн улуу күн болот+.

Шилтемелер

Мааниси: «ырайым кылынбаган».
Мааниси: «элим эмес».