Ошуя 12:1—14
12 «Эпрайым шамал менен азыктанып+, күнү бою чыгыш шамалын кууп жүрөт+. Кайра-кайра калп айтып, кайра-кайра талап-тоноп жатат+. Ашур менен келишим түзүп+, Мисирге май жеткирип жатат.
2 Жахаба Жүйүттүн ишин териштирет+. Ал Жакыпты жүргөн жолу үчүн жоопко тартат+, кылган иштерине жараша тиешесин берет+.
3 Жакып энесинин ичинде жатканда эле бир тууганын согончогунан кармаган+, ал эми кийин бүт күчү менен Кудай менен күрөшкөн+.
4 Ал периште менен күрөшүп, акыры жеңген+. Андан ырайым кылышын өтүнүп ыйлаган»+.
Кудай аны Бейтелден тапкан+, ошол жактан биз менен сүйлөшө баштаган+.
5 Ал — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. Жахабанын ысмы унутулбайт+.
6 «Кудайыңа кайтып келип+, мээримдүүлүгүңдөн+, адилеттигиңден жазба+, ар дайым Кудайыңа үмүт арт+.
7 Соодагердин колундагы таразасы туура эмес+, ал алдаганды жакшы көрөт+.
8 Эпрайым: „Мен байыдым+, мал-мүлк топтодум+. Эч ким менин эмгегимен күнөө деп эсептелгидей бир да айып таппайт“,— деп жүрөт+.
9 Бирок мен Мисирде жүргөн кезиңден бери Жахаба Кудайыңмын+. Сени майрам күндөрүндөгүдөй чатырларда жашатам.
10 Мен пайгамбарларга сүйлөп+, көп аян бергем. Пайгамбарлар аркылуу ылакап айткам+.
11 Гилаттагы эл сыйкырчылык кылып+, алдамчылык менен жашап жатат+. Алар Гилгалда букаларды курмандыкка чалып жатышат+. Алардын курмандык жайлары айдоодогу үйүлгөн таштай+.
12 Жакып Сириянын талааларына качып кеткен+, Ысрайыл+ аялы үчүн кызмат кылып+, аялы үчүн кой кайтарган+.
13 Жахаба Ысрайылды Мисирден пайгамбар аркылуу алып чыгып+, пайгамбар аркылуу коргогон+.
14 Эпрайым болсо Кудайга акарат кылып, анын каарын кайнатты+. Маскара кылганы үчүн Улуу Эгеси ага тиешесин берет+, кандуу иштерин мойнуна коёт»+.