Ошуя 13:1—16
13 «Эпрайым сүйлөгөндө, эл титиреп турчу. Ысрайылда анын сөзү өтүмдүү эле+, бирок ал Баалга сыйынып+, күнөөгө батып өлдү+.
2 Алар азыр ого бетер күнөөгө батып, күмүштөн куйма буркан жасашты+, өз түшүнүгү боюнча буркандарды жасашты+, ал буркандардын баары усталардын колунан бүткөн+. Алар: „Курмандык чалып жаткандар музоолорду өбүшсүн“+,— деп жатышат.
3 Ошондуктан алар таңкы булуттай+, тез эле жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй, кырмандагы шамал учурган топондой+, мордон чыккан түтүндөй болушат.
4 Бирок мен Мисирде жүргөн кезиңден бери Жахаба Кудайыңмын+. Сен башка Кудайды билчү эмессиң, сенин менден башка куткаруучуң болгон эмес+.
5 Мен сага чөлдө+, катуу оору каптаган жерде кам көрчүмүн+.
6 Алар жайытында жүрүп тоюшкан+. Тоюшканда жүрөгү текебердене баштаган+, ошон үчүн мени унутуп коюшкан+.
7 Бирок мен алар үчүн жаш арстандай болом+, кабыланга окшоп, аларды жолдо аңдып жатам+.
8 Мамалактарынан ажыраган аюудай алдынан чыгып+, көөдөнүн жара тартам, ургаачы арстандай жеп-жутам+. Аларды талаа жырткычы жара тартып кетет+.
9 Ысрайыл, сен мага, өз жардамчыңа+, каршы чыккандыктан, жок кылынасың+.
10 Сени бардык шаарларыңда куткара ала турган падышаң кайда?+ „Мага падыша менен төрөлөрдү бер“,— деп сурап алган бийлериң кайда?+
11 Мен сага падышаны каарым менен бергем+, аны жаалым менен тартып алам+.
12 Эпрайымдын кылмышы оролуп, күнөөлөрү сакталып турат+.
13 Ал төрөп жаткан аялдай кыйналат+. Ал — акылсыз уул+, анткени төрөлө турган маалы келгенде, туура жатпагандыктан жатындан чыкпайт+.
14 Мен элимди көрдөн* кун төлөп сатып алам+, аларды өлүмдөн кайтарып алам+. Өлүм, чага турган ийнелериң кайда?+ Көр, кыйрата турган күчүң кайда?+ Бирок Эпрайымга боорум оорубайт+.
15 Эгер ал камыштай көбөйсө+, анда чөлдөн чыгыш шамалы — Жахабанын шамалы — согуп+, анын кудугун какшытып, булагын соолутат+. Ал анын кымбат баалуу буюмдарга толгон казынасын талап-тонойт+.
16 Кудайына каршы чыкканы үчүн+ Самария жоопко тартылат+. Алар кылычтан кырылат+, балдары мыкаачылык менен өлтүрүлөт+, кош бойлуу аялдарынын курсагы жара тартылат»+.
Шилтемелер
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.