Ошуя 6:1—11
6 «Жүргүлө, Жахабага кайтып баралы+. Анткени ал өзү жара тартты+, өзү айыктырат+, өзү жарадар кылды, өзү таңат+.
2 Ал бизди эки күндөн кийин тирилтет+, үчүнчү күнү тургузат, ошондо анын жүз алдында жашайбыз+.
3 Жахабаны таанып-билебиз, аны таанып-билүүгө умтулабыз+. Анын келиши таңкы жарыктай болот+. Ал бизге жерди сугарган нөшөрдөй+, жазгы жаандай болуп келет»+.
4 «Оо, Эпрайым, сени эмне кылайын? Оо, Жүйүт, сени эмне кылайын?+ Силердин мээримдүүлүгүңөр эртең мененки булуттай, тез эле жок болуп кете турган шүүдүрүмдөй.
5 Ошондуктан мен аларды пайгамбарлар аркылуу кыя чабууга+, оозуман чыккан сөзүм менен өлтүрүүгө аргасыз болом+. Силерге чыгарган өкүмүм жаркыраган жарыктай болот+.
6 Анткени мен курмандыкты эмес+, мээримдүүлүктү, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты эмес+, Кудай жөнүндөгү билимди жактырам+.
7 Алар болсо пенде болгондуктан менин келишимимди бузушту+, жашаган жеринде мага ишенимсиздик кылышты+.
8 Гилат+ — кыянаттык кылгандардын шаары. Алардын калтырган изи — кан+.
9 Дин кызматчылардын тобу адамды аңдып жаткан+ каракчылардай+. Кыянаттык кылууга кыныгып алышкандыктан+, алар Шекемге+ кеткен жолдо киши өлтүрүшөт.
10 Мен Ысрайыл үйүнөн үрөй учурарлык ишти көрүп турам+. Ал жакта Эпрайым бузуктук кылып+, Ысрайыл өзүн арамдап жатат+.
11 Оо, Жүйүт, сен үчүн оруп-жыюу убагы, элимди туткундан алып келер убак белгиленди»+.