Ошуя 7:1—16
7 «Мен Ысрайылды айыктырарда+, Эпрайымдын күнөөсү+, Самариянын жаман иштери ачылат+. Алар ишенимсиздик кылып+, уурулар үйлөргө кирип, каракчылар көчөлөрдө талап-тоноп жүрүшөт+.
2 Кыянат иштеринин баарын эстээримди+ ойлоп да коюшпайт+. Алар өз иштеринин курчоосунда калышты+; баары менин көз алдымда+.
3 Алар жаман иштери менен падышасын, калпычылыгы менен төрөлөрүн сүйүнтүшөт+.
4 Бири калбай ойноштук кылышат+. Алар наабайчынын оттуу мешиндей, жуурулган камыр ачыганча чогу көзөлбөгөн мештей.
5 Падышабыздын күнүндө төрөлөр ооруп калышты+, шарап каар кайнатты+. Ал шылдыңчылдарга кол сунду.
6 Алардын жүрөгү көкүрөгүндө мешке жакындатылгандай+ куйкаланып жатат+. Алардын наабайчысы түнү бою уктайт, эртең менен болсо мешинде кайрадан алоолонуп от күйөт+.
7 Баары мештей ысып, сотторун жалмап жатат. Падышаларынын баары кулап+, бири да мени чакырган жок+.
8 Эпрайым элдер менен аралашып кетти+. Эпрайым оодарылбаган нан болуп калды+.
9 Анын күчүн чоочундар алды+, ал болсо билген жок+. Чачын ак басты, ал болсо билген жок.
10 Ысрайылдын бой көтөрүүчүлүгү өзүнө каршы күбө болду+. Ошонун баарына карабастан алар Жахаба Кудайына кайрылбай+, аны издебей жатышат+.
11 Эпрайым аң-сезимсиз+, маңыроо көгүчкөнгө окшоп калды+. Алар Мисирди чакырды+, Ашурга кетти+.
12 Кай жакка жол тартышпасын, алардын үстүнө тор ыргытам+. Аларды, асмандагы канаттуулардай кылып, жерге кулатып түшүрөм+, жамаатына айтканымдай, жазага тартам+.
13 Менден качканы үчүн+ алардын башына каран түн түшөт!+ Мага каршы күнөө кылганы үчүн бүлгүнгө учурашат! Кун төлөп куткарган Кудайы болсом да+, алар мен жөнүндө калп айтышты+.
14 Төшөгүндө онтоп жатышса да, жүрөктөрүндө мени жардамга чакырышкан жок+. Убактысын нан жеп, жаңы шарап ичип өткөрүштү+, ал эми мага каршы чыкканын токтотушкан жок+.
15 Аларды тарбиялап+, колдоруна күч-кубат берип келсем да+, жамандык ойлоп, мага каршы чыга беришти+.
16 Алар кайрылышканы менен, бийиктегиге* кайрылышкан жок+. Алар тээги бош жаадай болуп калышты+. Андыктан төрөлөрү тил тийгизгени үчүн кылычтан өлүшөт+. Ошондон улам алар Мисир жеринде шылдыңга калышат»+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жогорудагыга», б. а. сыйынуунун бийик түрүнө.