Ошуя 8:1—14
8 «Сурнай+ тарт! Алар менин келишимимди бузуп+, мыйзамыма каршы чыгып, күнөө кылганы үчүн+, Жахабанын үйүн көздөй бүркүттөй болуп душман учуп келатат+.
2 Алар мага: „Оо, Кудайыбыз, биз — Ысрайыл — сени билебиз“+,— деп боздоп жатышат.
3 Ысрайыл жакшылыкты четке какты+. Ошон үчүн аны душманы куугунтуктасын+.
4 Алар мага айтпай падышаларды тандап алышты+, менден сурабай төрөлөрдү коюп алышты. Өзүлөрүнүн алтын-күмүштөрүнөн буркандарды жасашты+. Ошондуктан алар кырылып жок болушат+.
5 Самария, сенин музооң кулатылат+. Мен аларга каардандым+. Алар качанга чейин ыпыластыгынан арылбай жүрө беришет?+
6 Ал музоо Ысрайылдан чыккан+. Аны жөнөкөй эле уста жасагандыктан+, ал Кудай эмес. Анткени Самариянын музоосу бычыранды болот+.
7 Алар шамал сепкендиктен, куюн оруп алышат+. Буудайы баш албайт+, бир да машагынан ун чыкпайт+. Чыкса да, аны башкалар жейт+.
8 Ысрайылды жеп-жутуп кетишет+. Эми алар элдердин арасында+ жараксыз идишке айланат+.
9 Анткени алар, үйүрүнөн бөлүнүп кеткен зебрага окшоп+, Ашурга жөнөштү+. Эпрайым болсо ойношторун жалдады+.
10 Аларды башка элдерден жалдашса да+, мен баарын бириктирем. Ошондо алар падышанын, төрөлөрдүн эзүүсү астында бир канча убакыт кыйналышат+.
11 Эпрайым курмандык жайын көбөйтүп, күнөө кылды+. Өзүнүн курмандык жайлары менен күнөөгө батты+.
12 Мен ага мыйзамымдагы көп нерселер жөнүндө жазгам+, бирок ал анын баарын өгөйлөдү+.
13 Алар курмандык чалып, мага тартуу катары эт алып келишти+. Мага жакпаган нерсени жешти+,— дейт Жахаба.— Эми мен алардын кылмыштарын эстейм, аларды күнөөлөрү үчүн жоопко тартам+. Алар кайрадан Мисирге жөнөштү+.
14 Ысрайыл Жаратканын унутуп+, ибадатканаларды курду+. Жүйүт болсо чептүү шаарларын көбөйттү+. Бирок мен анын шаарларына от коём, ал анын мунаралуу чебин жалмайт»+.