Ошуя 9:1—17
9 Кубанба, Ысрайыл+. Башка элдердей шаттанба+. Анткени сен бузуктук кылып, өзүңдүн Кудайыңдан алыстап кеттиң+. Сен бардык кырмандарда сойкулук кылып тапкан акыңды жакшы көрөсүң+.
2 Аларды кырман менен жүзүм сыккыч тойгузбайт+, жаңы шарап да түгөнөт+.
3 Алар мындан ары Жахабанын жеринде жашабайт+. Эпрайым Мисирге кайтат+. Алар Ашурдан арам нерселерди жешет+.
4 Жахабага арнап шарап куйбай калышат+. Ал алардын курмандыктарын жактырбайт+. Алар үчүн ал курмандыктар аза күткөндө желген нандай+, аны жегендердин баары арамдалат. Анткени алардын наны өздөрүнүн эле жанын тойгузат, Жахабанын үйүнө киргизилбейт+.
5 Жыйналыш күнү, Жахабага арнап майрам өткөргөн күнү эмне кыласыңар?+
6 Бүлгүн түшкөндүктөн+, алар кетүүгө аргасыз болушат. Аларды Мисир чогултат+, Мемпис+ болсо көмөт. Күмүштөн жасалган баалуу нерселерин чалкан басат+, чатырларынын ичинде тикенектүү бадал өсөт+.
7 Алар жазалана турган күндөр+, тиешесин ала турган күндөр келет+. Муну Ысрайыл билсин!+ Пайгамбар акылсыз болуп чыгат+, Кудайдын кабарын айткан киши каарданат. Анткени сенин кылмышың көп+, кастыгың катаал».
8 Бир кездерде Эпрайымдын күзөтчүсү+ Кудайым менен бирге болчу+. Эми болсо пайгамбардын+ бардык жолдорунда куш кармаган аңчынын тузагы жайылган+, Кудайынын үйү кастыкка толгон.
9 Алар бүлдүргүчтүккө Гибанын күндөрүндөгүдөй+ белчесинен батышты+. Ошондуктан ал алардын кылмыштарын эстейт+, кылган күнөөлөрү үчүн жазалайт.
10 «Мен Ысрайылды чөлдөн жүзүм тапкандай таап алган элем+. Ата-бабаларыңарды көргөндө, жаш анжир дарагынын алгачкы мөмөсүн көргөндөй болгом+. Бирок алар Пеор Баалына барып+, өздөрүн ошол уятка калтырган бурканга арнашты+. Өздөрү да жакшы көргөн бурканындай жийиркеничтүү болуп калышты+.
11 Эпрайымдын даңкы куштай болуп учуп кетти+. Ошондуктан ал жакта төрөгөндөр да, кош бойлуулар да, боюна бүткөндөр да жок+.
12 Алар уулдарын чоңойтуп-өстүрүшсө да, мен аларды тартып алам, бир да кишисин калтырбайм+. Мен аларды таштап кеткенде, алардын башына каран түн түшөт!+
13 Мага Тирдей көрүнгөн+, жайытка тигилген Эпрайым өз уулдарын канкорго чыгарып берет»+.
14 Оо, Жахаба, аларга тиешесин бер+. Аларга төрөбөс жатын, сүт чыкпас эмчек бер+.
15 «Алар бардык жаман иштерин Гилгалда жасашкан+. Мен аларды ошол жактан жек көрүп калгам+. Андыктан кыянат иштери үчүн үйүмдөн кууп жиберем+, мурункудай жакшы көрбөйм+. Алардын төрөлөрүнүн баары өжөр+.
16 Эпрайым кыйратылат+. Алардын тамыры соолуйт+. Бир да мөмө байлашпайт+. Төрөшсө да, мен алардын жатынынан чыккан сүймөнчүктөрүн өлтүрүп салам»+.
17 Кудайым+ аларды четке кагат, анткени анын тилин албай жатышат+. Ошондуктан алар элдердин арасында тентип калышат+.