Сандар 1:1—54

1  Ысрайыл эли Мисир жеринен+ чыккандан кийинки экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнүндө Жахаба Мусага Синай+ чөлүндө, жыйын чатырында+, дагы мындай деди:  «Ар бир эркекти атынан атап, Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын уруусу, тукуму боюнча санап чыккыла+.  Жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн+, Ысрайылда аскер кызматына жарактуулардын баарын+, санап чыккыла. Арун экөөңөр аларды аскердик топтору боюнча каттоодон өткөргүлө.  Жаныңарда ар бир уруудан бирден киши болсун. Алардын ар бири тукум башчысы+ болсун.  Силерге жардам бере турган кишилердин аттары булар: Рубейин+ уруусунан Шедурдун уулу Элисур+,  Шымон+ уруусунан Зуришадайдын уулу Шелумиел+,  Жүйүт+ уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон+,  Исахар+ уруусунан Зуардын уулу Нетанел+,  Забулун+ уруусунан Хелондун уулу Элиап+, 10  Жусуптун+ уулдарынан: Эпрайым+ уруусунан Амиюттун уулу Элишама, Менаше+ уруусунан Педатсурдун уулу Гамалиел, 11  Бенжемин+ уруусунан Гидонинин уулу Абидан+, 12  Дан+ уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер+, 13  Ашыр+ уруусунан Охрандын уулу Пагиел+, 14  Гат+ уруусунан Деилдин+ уулу Элиасап+, 15  Напталы+ уруусунан Энандын уулу Акира+. 16  Булар — жамааттын ичинен тандалгандар, аталарынын урууларынын башчылары+, Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчылары»+. 17  Муса менен Арун аттары аталган ушул кишилер менен бирге 18  Ысрайыл уулдарынын жыйырма жаштан өйдөкүлөрүнүн+ ар бирин атынан атап, тукуму, уругу боюнча санжырасын+ жазыш үчүн экинчи айдын биринчи күнүндө бүт жамаатты чогултту. 19  Алар муну Жахаба Мусага буйругандай кылышты. Ошентип, ал Синай чөлүндө элди каттоодон өткөрдү+. 20  Ысрайылдын тун уулу+ Рубейиндин уулдарынын ичинен жыйырма жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 21  Рубейин уруусунан катталгандардын саны 46 500 болду+. 22  Шымондун уулдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 23  Шымон уруусунан катталгандардын саны 59 300 болду+. 24  Гаттын+ уулдарынын ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 25  Гат уруусунан+ катталгандардын саны 45 650 болду+. 26  Жүйүттүн уулдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 27  Жүйүт уруусунан катталгандардын саны 74 600 болду+. 28  Исахардын уулдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 29  Исахар уруусунан катталгандардын саны 54 400 болду+. 30  Забулундун+ уулдарынын ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 31  Забулун уруусунан катталгандардын саны 57 400 болду+. 32  Жусуптун Эпрайымдан+ тараган тукумдарынын ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 33  Эпрайым уруусунан+ катталгандардын саны 40 500 болду+. 34  Менашенин тукумдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 35  Менаше уруусунан катталгандардын саны 32 200 болду+. 36  Бенжеминдин уулдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 37  Бенжемин уруусунан катталгандардын саны 35 400 болду+. 38  Дандын уулдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 39  Дан уруусунан катталгандардын саны 62 700 болду+. 40  Ашырдын+ уулдарынын ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 41  Ашыр уруусунан катталгандардын саны 41 500 болду+. 42  Напталынын уулдарынын+ ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн, аскер кызматына жарактуулардын, ар бири атынан аталып, тукуму, уругу боюнча катталды. 43  Напталы уруусунан катталгандардын саны 53 400 болду+. 44  Муса, Арун жана Ысрайылдын он эки башчысы каттоодон өткөргөндөр — ушулар. Он эки башчынын ар бири өзүнүн тукумунун өкүлү эле. 45  Ысрайыл уулдарынын ичинен жыйырма жаштан өйдөкүлөрүн, Ысрайылда аскер кызматына жарактууларынын баарын, тукуму боюнча санап чыкканда, 46  катталгандардын жалпы саны 603 550 болду+. 47  Ал эми лебилер+ алар менен бирге тукуму боюнча саналган жок+. 48  Жахаба Мусага мындай деди: 49  «Леби уруусун гана каттоодон өткөрбө, аларды Ысрайылдын башка уулдарындай кылып санаба+. 50  Лебилерге келишим сандыгы+ турган ыйык чатырга жана ага тиешелүү, ага таандык нерселердин бардыгына кам көрүүнү тапшыр+. Алар ыйык чатыр менен ага тиешелүү нерселердин баарын+ көтөрүп жүрүшсүн жана ыйык чатырдагы иштерди кылышсын+. Алар чатырларын ыйык чатырдын тегерегине тигишсин+. 51  Ыйык чатырды бир жерден экинчи жерге көчүргөндө аны лебилер чечип, лебилер тиксин+. Алардан башка ким ыйык чатырга жакындаса, өлүм жазасына тартылат+. 52  Ысрайыл уулдарынын ар бири чатырын өзүнүн конушуна, өзүнүн үч уруудан турган аскердик тобу+ жайгашкан жерге тигиши керек. 53  Ысрайыл уулдарынын жамаатына Кудайдын каары+ төгүлбөшү үчүн, лебилер чатырларын келишим сандыгы турган ыйык чатырдын тегерегине тигишсин. Алар келишим сандыгы турган ыйык чатырдагы иштерди кылышсын»+. 54  Ысрайыл уулдары баарын Жахаба Мусага айткандай кылышты. Алар так ошондой кылышты+.

Шилтемелер