Сандар 10:1—36
10 Жахаба Мусага мындай деди:
2 «Күмүштөн балка менен согуп эки сурнай+ жаса. Аларды жамаатты чогултуш үчүн+ жана чатырларды чечкенге белги бериш үчүн колдон.
3 Эки сурнай тең тартылганда, сенин жаныңа, жыйын чатырынын кире беришине бүт жамаат чогулат+.
4 Ал эми алардын бири тартылганда, сенин жаныңа башчылар, Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчылары, чогулат+.
5 Сурнай үзүк-үзүк тартылганда, чыгыш тараптагы+ кошуундар жолго чыгышы керек.
6 Сурнай экинчи ирет үзүк-үзүк тартылганда, түштүк тараптагы+ кошуундар жолго чыгышы керек. Ал топтордун ар бири жолго чыгарда, сурнай үзүк-үзүк тартылышы керек.
7 Жыйналышты чогултканда да сурнай тартылсын+, бирок үзүк-үзүк тартылбасын.
8 Сурнайларды дин кызматчылар, Арундун уулдары, тартышы керек+. Бул — өзүңөр да, укум-тукумдарыңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө.
9 Эгер өз жериңерде душмандарыңарга, силерди эзгендерге+, каршы согуша турган болсоңор, элди согушка чакырып сурнай тарткыла+. Ошондо Жахаба Кудайыңар силерди эстеп, душмандарыңардан куткарат+.
10 Кубанычтуу күндөрүңөрдө+, майрамдарда+, ар бир айдын башында+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңар+ менен тынчтык курмандыктарыңардын+ алдында сурнай тарткыла. Ошондо Кудайыңар силерди эстейт. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын»+.
11 Экинчи жылдын экинчи айынын+ жыйырманчы күнүндө келишим сандыгы турган ыйык чатырдын үстүндөгү булут жогору көтөрүлдү+.
12 Ошондо Ысрайыл уулдары белгиленген тартип+ менен Синай чөлүнөн чыгып, булут Паран чөлүнө токтогонго чейин, жол жүрүштү+.
13 Алар Жахабанын Мусага берген буйругу боюнча биринчи жолу жолго чыгышты+.
14 Биринчи болуп Жүйүт уруусу башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу чыкты+. Аларга Аминадаптын уулу Нахшон+ башчылык кылды.
15 Исахар уруусунун аскер тобуна Зуардын уулу Нетанел+ башчылык кылды.
16 Забулун уруусунун аскер тобуна Хелондун уулу Элиап+ башчылык кылды.
17 Ыйык чатыр чечилгенден кийин+, аны көтөрүп жүрүүгө дайындалган Гершондун уулдары+ менен Мераринин уулдары+ жолго чыгышты.
18 Андан кийин Рубейиндин үч уруудан турган аскер тобу чыкты+. Аларга Элисурдун+ уулу Шедур башчылык кылды.
19 Шымон+ уруусунун аскер тобуна Зуришадайдын уулу Шелумиел+ башчылык кылды.
20 Гат уруусунун аскер тобуна Деилдин уулу Элиасап+ башчылык кылды.
21 Андан кийин ыйык жайды+ көтөрүп жүрүүгө дайындалган Кааттын уулдары жолго чыгышты. Алар баргыча, жыйын чатыры тургузулуп бүтүп калмак.
22 Андан кийин Эпрайым уруусу+ башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу чыкты. Аларга Амиюттун уулу Элишама+ башчылык кылды.
23 Менаше уруусунун+ аскер тобуна Педатсурдун уулу Гамалиел+ башчылык кылды.
24 Бенжемин уруусунун+ аскер тобуна Гидонинин уулу Абидан+ башчылык кылды.
25 Андан кийин Дан уруусу+ башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу жолго чыкты. Алар бүт кошуунду арт жагынан кайтарып баратышты+. Аларга Амишадайдын уулу Ахиезер+ башчылык кылды.
26 Ашыр уруусунун+ аскер тобуна Охрандын уулу Пагиел+ башчылык кылды.
27 Напталы уруусунун+ аскер тобуна Энандын уулу Акира+ башчылык кылды.
28 Ысрайыл уулдарынын аскер топтору ушундай тартип менен жолго чыгышчу+.
29 Муса өзүнүн кайнатасы мидиандык Ребулдун+ уулу Хобапка: «Биз Жахаба: „Мен аны силерге берем“+,— деген жерге жөнөп баратабыз. Биз менен жүр, биз сага жакшылык кылабыз+, анткени Жахаба Ысрайылга батасын берерин убадалаган»,— деди+.
30 Бирок ал: «Жок, силер менен барбайм. Мен өз жериме+, өз туугандарыма барам»,— деди.
31 Ошондо Муса ага: «Биз менен эле калчы, анткени сен чатырларыбызды чөлдүн кайсы жерине тиксе болорун жакшы билесиң. Бизге көз болуп бер.
32 Биз менен барсаң+, Жахаба бизге кандай жакшылык кылса, биз да сага ошондой жакшылык кылабыз»,— деди.
33 Алар Жахабанын тоосунан жөнөп+, үч күн жол жүрүштү. Жахабанын келишим сандыгын+ көтөргөндөр эл үчүн эс алууга жер издеп, үч күн бою алардын алдында баратты+.
34 Күндүз алар жолго чыкканда, Жахабанын булуту+ алардын үстүндө болду.
35 Келишим сандыгын көтөргөндөр жолго чыкканда, Муса: «Оо, Жахаба, ордуңан тур! Душмандарың туш тарапка чачырап кетсин+, сени жек көргөндөр сенден качсын»,— дечү+.
36 Ал эми алар эс алганы токтогондо, ал: «Оо, Жахаба, түмөндөгөн, миңдеген Ысрайыл уулдарына кайрылып кел»,— дечү+.