Сандар 11:1—35

11  Эл Жахабага наалый баштады. Алардын наалыганын укканда Жахабанын каары кайнады+. Ошондо аларга Жахабадан от түшүп, конуштун четиндегилерин жалмай баштады+.  Эл Мусаны жардамга чакыра баштады. Муса Жахабага жалынганда+, от өчтү.  Ал жерде аларга Жахабанын оту түшкөндүктөн, ал жерди Табера*+ деп аташты.  Алардын арасындагы башка улуттагы адамдар+ мурун жеп жүргөн тамагын эңсей башташты+. Ошондо Ысрайыл уулдары кайрадан ыйлактап: «Бизге ким эт берет?+  Мисирдеги бекер жеген балык+, бадыраң, дарбыз, пияз, сарымсак алигиче эсибизден кетпейт.  Азыр болсо минтип алсырап бүттүк. Жегенге маннадан башка эч нерсе жок»,— дей башташты+.  Манна+ кориандрдын* уругуна окшош эле+, көрүнүшү болсо жыпар жыттуу чайырдыкындай болчу+.  Эл аны терип келип+, жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, казанга бышырчу+ же андан тегерек нан жасачу. Анын даамы май кошулган таттуу нандыкындай эле+.  Түнкүсүн конушка шүүдүрүм түшкөндө, манна да түшчү+. 10  Муса үй-бүлөлөрү менен өз чатырларынын оозунда ыйлап отургандардын үнүн укту. Ошондо Жахабанын каары кайнады+. Элге Мусанын да ачуусу келди+. 11  Ошондуктан ал Жахабага мындай деди: «Эмне үчүн кулуңа мындай жамандык кылып жатасың? Сага жакпай калгыдай мен эмне кылдым? Эмнеге мындай оор жүктү, бул элдин баарын, мага жүктөп койдуң?+ 12  Бул элди курсагыма мен көтөрдүм беле? Ата-бабаларына берем деп+ ант берген жерге баргыча „аларды бала багуучуга окшоп+ койнуңа салып көтөрүп жүр“ деп мага айткыдай, аларды мен төрөдүм беле?+ 13  Ушунча элдин баарына этти кайдан табам? Булар алдыма келип: „Бизге жегенге эт бер“,— деп ыйлап жатышат. 14  Мен бул элдин баарын жалгыз көтөрө албайм, бул мен үчүн абдан оор+. 15  Эгер көз алдыңда ырайым тапкан болсом, мени ушинтип кыйнагандан көрө, өлтүрүп салчы+. Бул азапты көрбөй эле коёюн». 16  Жахаба Мусага мындай деди: «Ысрайыл аксакалдарынын арасынан жетимиш кишини+ — өзүң билген эл аксакалдары менен башчыларды+ — чогултуп, жыйын чатырына алып кел, алар сенин жаныңда турушсун. 17  Мен төмөн түшүп+, сени менен сүйлөшөм+. Сендеги рухтан алып+, аларга берем. Ошондо бул жүктү, элди, жалгыз көтөрбөшүң үчүн, алар сага жардам беришет+. 18  Элге болсо мындай деп айт: „Эртеңки күнгө өзүңөрдү ыйыктагыла+, анткени эртең эт жейсиңер. Силер Жахабага: “Бизге ким эт берет? Мисирде жүргөнүбүз эле жакшы эмес беле!”+ — деп ыйлаганыңар үчүн+, Жахаба эртең эт берет, силер эт жейсиңер+. 19  Силер аны бир күн эмес, эки күн эмес, беш күн эмес, он күн эмес, жыйырма күн эмес, 20  толук бир ай жейсиңер. Араңарда жүргөн Жахабаны четке кагып, анын алдында: “Эмнеге Мисирден кетип калдык экен?” — деп ыйлаганыңар үчүн+, этти оозу-мурдуңардан чыккыча, көңүлүңөр калгыча жейсиңер“»+. 21  Муса ага мындай деди: «Мен арасында жүргөн элдин эркектеринин эле саны 600 000ге жетет+. Сен болсо: „Аларга эт берем, алар толук бир ай эт жешет“,— дейсиң. 22  Бодо мал менен майда малдын баарын сойгондо да, буларга жетмек беле?+ Деңиздеги балыктардын баарын кармап келген күндө да, буларга жетмек беле?» 23  Ошондо Жахаба Мусага: «Жахабанын колу кыска беле?+ Айткан сөзүм аткарылабы же жокпу, өз көзүң менен көрөсүң»,— деди+. 24  Муса чыгып, Жахабанын сөздөрүн элге айтты. Анан ал эл аксакалдарынын арасынан жетимиш кишини чогултуп, чатырдын тегерегине тургузду+. 25  Ошондо Жахаба булут ичинде түшүп келип+, аны менен сүйлөштү+. Анан андагы рухтан алып+, жетимиш аксакалдын ар бирине берди. Рух берилери менен, алар өздөрүн пайгамбарлардай алып жүрө* башташты, анан кайра токтоп калышты+. 26  Алардын экөө конушта калышкан болчу. Биринин аты Элдат, экинчисиники Медат эле. Чатырга келишпесе да, тизмеде бар болушкандыктан, аларга да рух берилди. Алар конушта өздөрүн пайгамбарлардай алып жүрө башташты. 27  Бир жигит Мусага чуркап барып: «Элдат менен Медат конушта өздөрүн пайгамбарлардай алып жүрүшөт!» — деп кабарлады. 28  Ошондо Нундун уулу, жаштайынан Мусанын кызматчысы болуп жүргөн Жашыя+, Мусага: «Мырзам, аларды токтот!» — деди+. 29  Бирок Муса ага: «Мен үчүн коркуп* жатасыңбы? Коркпой эле кой. Жахаба өзүнүн рухун элинин арасындагы ар бир кишиге берип, Жахабанын элинин баары пайгамбар болуп кетсе кана!» — деди+. 30  Бир нече убактан кийин Муса Ысрайыл аксакалдары менен конушка кайтып келди. 31  Жахаба шамал соктурду+. Шамал деңиз тараптан бөдөнөлөрдү айдап келди+. Бөдөнөлөр конуштун бир тарабынан бир күндүк жолго чейин, экинчи тарабынан да бир күндүк жолго чейин, бүт конушту айландыра эки чыканак* бийиктикке чейин каптады. 32  Эл ошол күнү кечке чейин, түнү менен жана кийинки күнү да кечке чейин бөдөнөлөрдү чогултуп жүрдү. Эң аз дегени он хомер*+ чогултту. Алар чогулткан бөдөнөлөрүн конушту тегерете жайып коюшту. 33  Эл оозундагы этти чайнап жута электе+, аларга Жахабанын каары кайнады+. Жахаба аларды кыра баштады+. 34  Ал жерди Киброт-Хатаба*+ деп аташты, анткени ал жерге тамаксоо элдин сөөгүн коюшту+. 35  Эл Киброт-Хатабадан Хазеротко+ барып, ошол жерге токтоду.

Шилтемелер

Мааниси: «күйүү; өрт; жалын».
Кинза.
Бул пайгамбарлардын кээде демейдегиден башкача, бир кызыктай, атүгүл акылынан айныган кишидей сүйлөгөнүн же өздөрүн ошондой алып жүргөнүн билдириши мүмкүн.
Сөзмө-сөз: «кызганып».
1 чыканак = 44,5 см.
1 хомер = 220 л.
Мааниси: «каалоолор көмүлгөн жер».