Сандар 13:1—33

13  Анан Жахаба Мусага:  «Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан Канаан жерин көрүп келгенге киши жибер+. Ар бир уруудан бирден киши, бирден башчы+, жибергиле»,— деди.  Муса аларды, Жахабанын буйругу боюнча, Паран чөлүнөн+ жөнөттү. Алардын баары Ысрайыл уулдарынын башчылары эле.  Алардын аттары булар: Рубейин уруусунан Закурдун уулу Шамуя,  Шымон уруусунан Хоринин уулу Шапат,  Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп+,  Исахар уруусунан Жусуптун уулу Игал,  Эпрайым уруусунан Нундун уулу Ошуя+,  Бенжемин уруусунан Рапунун уулу Палти, 10  Забулун уруусунан Содинин уулу Гадиел, 11  Жусуп+ уруусунан — Менаше+ уруусунан — Сусинин уулу Гадди, 12  Дан уруусунан Гемалинин уулу Амиел, 13  Ашыр уруусунан Микеилдин уулу Сетур, 14  Напталы уруусунан Бопсинин уулу Нахби, 15  Гат уруусунан Махинин уулу Гуел. 16  Муса жерди көрүп келгенге жиберген кишилер ушулар. Муса Нундун уулу Ошуянын атын Жашыя*+ деп өзгөрттү. 17  Канаан жерин көрүп келгенге жиберип жатып Муса аларга мындай деди: «Негепке+, андан кийин тоолуу аймакка баргыла+. 18  Ал жердин кандай экенин көрүп келгиле+. Ал жакта жашаган эл күчтүүбү же алсызбы, көппү же азбы, 19  алар жашаган жер жакшыбы же жаманбы, байкап келгиле. Жашаган шаарлары кандай экенин, алар чатырларда жашайбы же дубал менен курчалган шаарлардабы, 20  жери семизби же арыкпы+, бак-дарактары барбы же жокпу, билип келгиле. Эр жүрөк болгула+, ал жердин мөмө-жемиштеринен ала келгиле». Ал убак жүзүмдүн биринчи түшүмү бышып жаткан убак эле+. 21  Алар барып, жерди Зин чөлүнөн+ баштап Хаматтын+ кире беришиндеги Рекопко+ чейин карап чыгышты. 22  Негеп жерине+ жетип, алар Хебронго+ барышты. Ал жерде Анактын тукумдарынан+ болгон Акиман, Шешай, Талмай+ бар эле. Хеброн+ Мисирдеги Соандан+ жети жыл мурун курулган болчу. 23  Эшкол өзөнүнө+ барып, алар жүзүмдүн бир шиңгилин бутагы менен кесип алышты+. Аны шыргыйга илип, эки киши көтөрүп алды. Алар ошондой эле анар+ менен анжир алышты. 24  Ал өзөндөн жүзүмдүн шиңгилин кесип алышкандыктан Ысрайыл уулдары өзөндү Эшкол*+ деп аташты. 25  Ошентип, алар жерди карап чыгып, кырк күндөн+ кийин кайтып келишти. 26  Алар Паран чөлүнө, Кадешке+ кайтып келип, Мусага, Арунга, Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына баарын айтып беришти да, ал жердин жемиштерин көрсөтүштү. 27  Анан Мусага мындай деп айтышты: «Сен жиберген жерге барып келдик. Ал, чынында эле, сүт менен бал аккан жер экен+. Мына, булар — ошол жердин жемиштери+. 28  Бирок ал жерде жашаган элдер күчтүү экен, чептүү шаарлары да абдан чоң экен+. Ал жактан Анактын тукумдарын да көрдүк+. 29  Негеп жеринде+ Амалыктын тукумдары+, тоолуу аймакта Хеттин тукумдары менен жебустуктар+, аморлуктар+, ал эми деңиз менен Иорданды бойлой канаандыктар+ жашайт экен». 30  Калеп+ Мусанын жанында турган элге: «Жүргүлө, азыр эле барып, ал жерди ээлеп алалы, биз аны сөзсүз басып алабыз» — деп, аларды тынчтандырууга аракет кылды+. 31  Бирок аны менен барып келген кишилер: «Биз ал жактагы элдерге каршы чыга албайбыз, алар бизден күчтүү»,— дешти+. 32  Алар Ысрайыл уулдарына көрүп келген жери тууралуу жаман нерселерди гана айтып жатышты+. Алар: «Биз көрүп келген жер анда жашагандардын баарын жеп-жуткан жер экен, ал жактагылардын баары алп кишилер экен+. 33  Ошондой эле ал жактан нефилимдерди*, Анактын уулдарын+, нефилимдердин тукумдарын, көрдүк. Алардын жанында өзүбүздү чегирткедей эле сездик. Аларга да чегирткедей эле көрүндүк»,— дешти+.

Шилтемелер

Мааниси: «Жахаба — куткаруу».
Мааниси: «шиңгил» (жүзүмдүн).
Салыштыр: Бш 6:4.