Сандар 17:1—13
17 Жахаба Мусага мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдары менен сүйлөшүп, алардан ар бир тукум үчүн бирден таяк ал+: ар бир тукумдун башчысынан+ бирден таяк, баары биригип он эки таяк ал. Ар биринин атын өзүнүн таягына жазып кой.
3 Арундун атын Леби уруусунун таягына жаз, анткени бир тукумдун башчысы үчүн бир эле таяк алынат.
4 Анан аларды жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына+, мен силерге көрүнчү жерге, кой+.
5 Мен кимди тандасам+, ошонун таягы бүчүр байлайт. Силерге каршы чыгып, наалыбашы үчүн+, мен Ысрайыл уулдарынын мага каршы чыгып, наалыганын токтотом»+.
6 Муса Ысрайыл уулдары менен сүйлөшкөндөн кийин, алардын башчыларынын ар бири өзүнүн таягын Мусага берди. Ар бир тукумдун башчысы бирден таяк, баары биригип он эки таяк берди+. Алардын арасында Арундун да таягы бар эле+.
7 Анан Муса таяктарды келишим сандыгы турган чатырдын ичине, Жахабанын алдына койду+.
8 Эртеси күнү Муса келишим сандыгы турган чатырга кирсе, Леби уруусунан болгон Арундун таягы бүрдөп, бадамдын бүчүрлөрү, гүлдөрү, бышкан мөмөлөрү пайда болуп калыптыр.
9 Муса Жахабанын алдына койгон таяктардын баарын алып чыгып, Ысрайыл уулдарына берди. Алар таяктарды карап, ар бири өзүнүкүн алды.
10 Жахаба Мусага: «Козголоңчулар+ мага каршы чыгып, наалыганын токтотушу үчүн, алар өлүп калбашы үчүн, Арундун таягын+ кайра келишим сандыгынын алдына коюп, сактап кой; ал алар үчүн белги болот»,— деди+.
11 Муса ошол замат Жахаба айткандай кылды. Ал так ошондой кылды.
12 Ысрайыл уулдары Мусага: «Эми биз өлөбүз, жок болобуз, баарыбыз жок болобуз+.
13 Жахабанын ыйык чатырына жакындаган+ ар бир адам өлөт!+ Анда, эмне, баарыбыз ушинтип өлөбүзбү?» — дешти+.