Сандар 21:1—35
21 Араттын падышасы+, Негепте+ жашаган канаандык падыша, ысрайылдыктардын Атаримге алып барчу жол менен келгенин укту. Анан алар менен согушуп, айрымдарын туткундап алды.
2 Ошондо ысрайылдыктар Жахабага: «Эгер ушул элди колубузга салып берсең, анда булардын шаарларын сөзсүз талкалайбыз»+,— деп ант беришти+.
3 Жахаба алардын үнүн угуп, канаандыктарды алардын колуна салып берди. Ысрайылдыктар алардын өзүлөрүн да, шаарларын да талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма*+ деп аташты.
4 Эдом жерин+ айланып өтүш үчүн алар Ор тоосунан+ чыгып, Кызыл деңизге алып барчу жол менен жөнөштү. Жолдо эл чарчап,
5 Кудай менен Мусага каршы чыгып+: «Бизди Мисирден эмнеге алып чыктыңар? Чөлдө өлсүн деппи?+ Бул жерде нан да, суу да жок+, көңүл айныткан бул нанды көрөйүн деген көзүбүз жок»,— дешти+.
6 Ошондо Жахаба элге уулуу жыландарды жиберди+. Жыландар ысрайылдыктарды чага баштагандыктан, алардын бир тобу өлдү+.
7 Акыры, эл Мусага келип: «Биз Жахабага, сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык+. Жахабадан суранчы, жыландарды жок кылсын»,— дешти+. Ошондо Муса эл үчүн суранды+.
8 Жахаба Мусага: «Уулуу жыландын сөлөкөтүн жасап, шыргыйга кадап кой. Жылан чаккан киши аны карасын, ошондо тирүү калат»,— деди+.
9 Муса ошол замат жезден жылан жасап+, шыргыйга кадап койду+. Жылан чаккандар жез жыланды карап+, тирүү калып жатышты+.
10 Бир канча убактан кийин Ысрайыл уулдары жолго чыгып, чатырларын Оботко тигишти+.
11 Андан соң алар Оботтон чыгып, чатырларын Эй-Абаримге+, күн чыгыш тараптагы, Мааптын тушундагы талаага тигишти.
12 Ал жерден чыгып, Зеред өзөнүнө+ барып жайланышты.
13 Ал эми ал жерден чыккандан кийин аморлуктардын чек арасынан башталган чөлдөгү Арнон аймагына+ барып токтошту. Арнон Мааптын чек арасында, Маап менен аморлуктардын ортосунда жайгашкан.
14 Ошондуктан Жахабанын согуштары жөнүндөгү китепте:
«Суфадагы Багеп менен Арнон өзөнү,
15 ал өзүнүн куймалары менен Арды+ көздөй Мааптын чек арасы менен агат»,— деп айтылган.
16 Андан кийин алар ал жерден чыгып, Беирге*+ жөнөштү. Жахаба Мусага: «Элди чогулт, мен аларга суу берем»,— деп айткан кудук ушул болчу+.
17 Ошондо Ысрайыл мындай деп ырдаган+:
«Тол, кудук, тол! Эл-журт, жооп кайтарып ырда!
18 Кудукту төрөлөр казды. Аны элдин аттуу-баштуулары казышты.
Алар башчылардын, өздөрүнүн, таягы+ менен казышты».
Чөлдөн чыгып, алар Матанага жол тартышты.
19 Матанадан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко+,
20 Бамоттон чыгып, Маап+ жериндеги өрөөнгө, Жешимондо+ заңкайып турган Пазги+ чокусунун жанындагы өрөөнгө, жөнөштү.
21 Ошондо Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго+ мындай деп айттырганы кабарчыларды жиберди:
22 «Сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт. Биз талааңды да, жүзүмзарыңды да аралабайбыз. Кудуктарыңдан да суу ичпейбиз. Жериңден падышанын жолу менен гана өтүп кетебиз»+.
23 Сихон ысрайылдыктарга өз жери аркылуу өтүүгө уруксат бербей койду+. Ал бүт элин чогултуп, алардын алдынан чыгыш үчүн чөлгө жөнөдү. Ал алар менен Жааста+ салгылашты.
24 Ысрайыл уулдары аны кылыч менен өлтүрүп+, анын Арнондон+ Амон уулдарынын жанындагы Жабокко+ чейинки жерлерин басып алышты+, бирок Жазерден+ ары өтүшкөн жок, анткени Жазер Амон уулдарынын+ чек арасы болчу.
25 Ысрайыл ушул шаарлардын баарын басып алып, аморлуктардын+ бардык шаарларында, Хешпондо+ жана ага караштуу шаарларда, жашап калды.
26 Хешпон аморлуктардын падышасы Сихондун+ шаары эле. Сихон мурун Маап падышасы менен согушуп, анын Арнонго+ чейинки жерлеринин баарын тартып алган болчу.
27 Ошондуктан какшыктуу ырларды чыгаргандар мындай деп ырдашат:
«Хешпонго кел.
Сихондун шаары курулуп, бекемделсин.
28 Хешпондон+ от, Сихондун шаарынан жалын чыгып,
Ар-Маапты+, Арнондогу бийик жерлердин* ээлерин жалмап кетти.
29 Маап, башыңа каран түн түшөт! Кемос+ эли, сен кырыласың!
Ал уулдарын качкын кылып, кыздарын аморлуктардын падышасы Сихондун колуна туткун кылып салып берет.
30 Келгиле, аларды аталы.
Хешпон Дибонго+ чейин кыйратылат.
Аялдары Нопахка чейин, эркектери Медебага+ чейин кырылат».
31 Ошентип, Ысрайыл уулдары аморлуктардын жерине+ отурукташа башташты.
32 Муса Жазерге+ чалгынчыларды жиберди. Анан алар ага караштуу шаарларды басып алып, ал жактагы аморлуктардын жерлерин тартып алышты+.
33 Андан соң алар бурулуп, Башанга+ кеткен жолго түшүштү. Ошондо Башандын падышасы Ок+ алар менен согушуш үчүн бүт элин чогултуп, Эдрейге+ жөнөдү.
34 Жахаба Мусага: «Андан коркпо+, анткени мен анын өзүн да, элин да сенин колуңа салып берем+, анын жерин да сага берем. Хешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихонду кандай кылсаң, аны да ошондой кыл»,— деди+.
35 Ысрайылдыктар анын өзүн, уулдарын, бүт элин бирин калтырбай кырып+, жерин ээлеп алышты+.
Шилтемелер
^ Мааниси: «жок кылуу үчүн берилүү».
^ Мааниси: «кудук; чуңкур».
^ Сыйынуу үчүн курулган жайлар.