Сандар 23:1—30

23  Билам Балакка: «Мага бул жерге жети курмандык жайын куруп+, жети бука, жети кочкор даярда»,— деди.  Балак ошол замат Билам айткандай кылды. Анан экөө ар бир курмандык жайынын үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалышты+.  Андан соң Билам Балакка: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур+. Мен барып келейин, балким, Жахаба мени менен жолукканы келеттир+. Анан ал мага эмнелерди көрсөтсө, мен сага ошолордун баарын айтып берем»,— деди да, адырды көздөй кетти.  Кудай жолукканы келгенде+, Билам ага: «Мен жети курмандык жайын куруп, ар биринин үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалдым»,— деди+.  Жахаба Биламдын оозуна айтчу сөзүн салып+: «Балакка кайра бар да, ушуларды айт»,— деди+.  Билам кайтып барса, Балак Мааптын бардык төрөлөрү менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында туруптур.  Билам сөзүн мындай деп баштады+: «Маап падышасы Балак мени Арамдан+, Чыгыш тоолорунан: „Келип, Жакыпты каргап бер. Ысрайылды айыптап бер“,— деп чакыртты+.  Кудай каргабагандарды мен кантип каргайм?+ Жахаба айыптабагандарды мен кантип айыптайм?+  Мен аларды аскалардын чокусунан карап турам, Аларды адырлардан көрүп турам. Бул эл башкалардан бөлүнүп+, чатырларда жашайт, Өздөрүн башкалардан айырмаланган эл деп эсептешет+. 10  Жакыптын кумдай көп тукумдарын ким санап чыкты?+ Ысрайылдын төрттөн бир бөлүгүн ким эсептеп чыкты? Мен чынчыл адамдар өлгөндөй өлсөм экен*+ Көрөр күнүм ошолордукундай болуп бүтсө экен»+. 11  Ошондо Балак Биламга: «Бул эмне кылганың? Мен сени душмандарымды каргап бер деп чакырсам, сен аларга батаңды жаадырып жатасың да»,— деди+. 12  Билам ага: «Жахаба оозума салганды гана айтышым керек эмеспи?» — деди+. 13  Балак болсо: «Жүр, алар көрүнө турган башка жерге баралы. Бирок ал жактан алардын баарын эмес, бир бөлүгүн гана көрөсүң+. Аларды ошол жерден каргап бер»,— деди+. 14  Анан аны Зопим талаасына, Пазги чокусуна+, алып барды да, ал жерге жети курмандык жайын куруп, ар биринин үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалды+. 15  Андан соң Билам Балакка: «Ушул жерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен болсо ага тиги жерден жолугуп келейин»,— деди. 16  Жахаба Биламга жолугуп, анын оозуна айтчу сөзүн салып+: «Балакка+ кайра бар да, ушуларды айт»,— деди. 17  Билам кайтып барса, Балак бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында туруптур. Жанында Мааптын төрөлөрү бар экен. Балак андан: «Жахаба эмне деди?» — деп сурады. 18  Билам сөзүн мындай деп баштады+: «Тур, Балак, мени ук. Зипордун уулу+, сөзүмө кулак сал. 19  Калп айткыдай, Кудай адам эмес+, Өкүнүп калгыдай, ал адам баласы эмес+. Ал айтканын аткарбай коймок беле? Дегенин кылбай коймок беле?+ 20  Мына, мен бата бериш үчүн алынып келгем, Ал батасын берди+, мен аны өзгөртө албайм+. 21  Ал Жакыпка каршы сыйкырдуу күчтүн колдонулушуна+, Ысрайылдын башына мүшкүл түшүшүнө жол бербейт. Жахаба Кудайы аны менен+, Ал алардын арасында падыша катары даңазаланат. 22  Кудай аларды Мисирден алып чыгып келатат+. Алар жапайы букадай тез келатат+. 23  Жакыпка каршы дуба жок+, Ысрайылга каршы төлгө жок+. Жакып менен Ысрайыл жөнүндө: „Мына, Кудайдын улуу иши!“ — деп айтышат+. 24  Карап турсаң, эл арстандай болуп ордунан турат, Арстандай болуп көтөрүлөт+. Ал олжосун жеп бүтмөйүн, Өлгөндөрдүн канына тоймоюн кайра жатпайт»+. 25  Ошондо Балак Биламга: «Эгер аны каргай албасаң, анда батаңды деле бербей эле койбойсуңбу»,— деди. 26  Билам ага: «Мен сага: „Жахаба эмне десе, ошону гана кылам“,— дебедим беле?» — деди+. 27  Балак ага: «Жүрчү, сени дагы башка жерге алып барайын. Балким, чыныгы Кудай ал элди ошол жерде каргаганыңды туура көрөттүр»,— деди+. 28  Ошентип, ал Биламды Жешимон+ көрүнүп турган Пеор чокусуна алып барды. 29  Билам+ Балакка: «Мага бул жерге жети курмандык жайын куруп, жети бука, жети кочкор даярда»,— деди+. 30  Балак ал айткандай кылды. Анан ал ар бир курмандык жайынын үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Жаным чынчыл адамдар өлгөндөй өлсө экен».