Сандар 24:1—25

24  Ысрайылга бата бергени Жахабага жакканын түшүнгөндө Билам мурункудай болуп+ жамандыктан кабар берген белгилерди издебей калды+. Ал жүзүн чөлдү көздөй буруп,  уруу-уруусу менен чатырларда жашаган ысрайыл элин көргөндө+, ага Кудайдын руху түштү+.  Ошондо ал мындай сөздөрдү айтты+: «Беордун уулу Биламдын, Көздөрү ачык кишинин сөздөрү+,  Кудайдын сөздөрүн уккан кишинин+, Көздөрү ачык бойдон жыгылып баратканда+ Кудурети Күчтүү аян көрсөткөн кишинин сөздөрү+:  Оо, Жакып, сенин чатырларың кандай кооз+, Ысрайыл, жашаган жерлериң кандай кооз!  Алар өзөндөрдөй+, Дарыянын жээгиндеги бактардай+, Жахаба отургузган алоэ дарактарындай, Суу боюндагы бал карагайлардай+ болуп жайылып жатат.  Анын эки чакасынан суу агып турат, Уруктары чоң суулардын жээгине себилген+. Анын падышасы+ Агактан өйдө болот+, Падышалыгы күчтүү болот+.  Кудай аны Мисирден алып чыгып келатат, Ал эл жапайы букадай тез келатат+. Ал өзүн эзген элдерди кыйратат+, Алардын сөөктөрүн кемирет+, аларды жебелери менен атып өлтүрөт+.  Ал жатып алды, арстандай болуп жатып алды, Ал арстанга окшош, аны ордунан козгоого ким даай алат?+ Сага бата бергендер бата алат+, Сени каргагандар каргышка калат»+. 10  Ошондо Балак Биламга каары кайнаганынан алаканын шак чаап+: «Мен сени душмандарымды каргап берсин деп чакырсам+, сен аларга ушуну менен үч жолу бата бердиң. 11  Бар, жолуңа түш! Мен сени сыйлайын деген элем+, бирок Жахаба сени сыйдан кур калтырды»,— деди. 12  Билам ага: «Сен жиберген кабарчыларга мен: 13  „Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, мен Жахабанын буйругун бузуп, өзүм билип чоң да, кичине да иш кыла албайм. Жахаба мага эмне десе, ошону айтам“,— деп айткан эмес белем?+ 14  Болуптур, өз элиме кетейин. Бирок, бери келчи, мен сага бул элдин күндөрдүн акырында сенин элиңди эмне кыларын+ айтып берейин»,— деди+. 15  Ал мындай сөздөрдү айтты+: «Беордун уулу Биламдын, Көздөрү ачык кишинин сөздөрү+, 16  Кудайдын сөздөрүн уккан+, Эң Жогорку Кудайдан билим алган кишинин сөздөрү... Көздөрү ачык бойдон жыгылып баратканда+ Кудурети Күчтүү аян көрсөткөн кишинин сөздөрү+: 17  Мен аны көрөм+, бирок азыр эмес, Аны көрөм, бирок жакындан эмес. Жакыптын тукумдарынан жылдыз чыгат+, Ысрайылдын тукумдарынан падыша таягы көтөрүлөт+. Ал Мааптын башын, Согуш уулдарынын баарынын баш сөөгүн жара чабат+. 18  Ысрайыл күчүн көрсөтүп, Эдомду ээлеп алат+, Ооба, Сеирди+ душмандары ээлеп алат+. 19  Жакыптын тукумдарынан баскынчы чыгып+, Шаарда аман калгандардын баарын жок кылат»+. 20  Амалыкты көрүп, ал+: «Амалык элдердин биринчиси эле+, Бирок ал акыры өлүп жок болот»,— деди+. 21  Кейниликтерди+ көрүп, мындай деди: «Сенин турагың бекем, ал уяга окшоп аскага салынган. 22  Бирок Кабылды*+ өрттөй турган бирөө келет. Ашур келип, сени туткундап кетерине канча калды?»+ 23  Анан сөзүн мындай деп улады: «Каран түн! Кудай муну ишке ашырганда ким аман калат?+ 24  Киттимдин жээгинен кемелер келип+, Ашурду багындырып алат+, Эберди да багындырып алат. Бирок акыр-аягы өзү да жок болот». 25  Анан Билам ордунан туруп, жолуна түштү+. Балак да өз жолуна түштү.

Шилтемелер

Кейниликтердин уруусу.