Сандар 28:1—31

28  Жахаба Мусага мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына: „Белгиленген убакта+ мага арнап тартуу, жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары+ тамак, алып келгиле“+,— деп буйрук бер.  Аларга мындай деп айт: „Күн сайын Жахабага арнап өрттөлүүчү тартуу катары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемтиги жок бир жашар эки эркек козу алып келгиле+.  Алардын бирин эртең менен, экинчисин кечинде, караңгы киргенге чейин курмандыкка чал+.  Алардын ар бирине кошуп нан курмандыгына эң жакшы ундан+ эйфанын ондон бир бөлүгүн алып кел+, ал ун бир литр зайтун майына аралаштырылган болсун+.  Бул — Синай тоосунда буйрук кылынган, дайыма чалышыңар керек болгон бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу+.  Ошондой эле ар бир козуга+ кошуп бир литр суюк тартуу алып келгиле+. Суюк тартууну — күчтүү ичимдикти+ — Жахабага арнап ыйык жерге төккүлө.  Экинчи козуну кечинде, караңгы киргенге чейин курмандыкка чал. Аны эртең мененкидей нан курмандыгы жана суюк тартуу менен бирге Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлүүчү, жыты жагымдуу курмандык катары чал+.  Ишемби күнү+ кемтиги жок бир жашар эки эркек козу, ага кошуп нан курмандыгы катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эйфанын ондон эки бөлүгүн, ошондой эле суюк тартуу алып кел. 10  Бул — дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен суюк тартуудан+ сырткары, ар бир ишемби сайын чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+. 11  Ар бир айдын башында Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, кемтиги жок бир жашар жети эркек козу алып келгиле+. 12  Ар бир букачарга кошуп нан курмандыгы+ катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эйфанын ондон үч бөлүгүн, ал эми кочкорго кошуп+ нан курмандыгы катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эйфанын ондон эки бөлүгүн алып келгиле. 13  Ошондой эле ар бир козуга кошуп нан курмандыгы катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эйфанын ондон бир бөлүгүн алып келгиле. Булар — бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу+. 14  Суюк тартуу катары ар бир букачарга кошуп жарым гин* шарап+, кочкорго кошуп бир литрден бир аз көбүрөөк шарап+, ал эми ар бир козуга кошуп бир литр шарап+ алып келгиле. Бул — жылдын ар бир айында алынып келчү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+. 15  Дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, ага кошуп алынып келчү суюк тартуудан+ сырткары күнөө курмандыгына Жахабага арнап бир улак+ алып келгиле. 16  Биринчи айдын он төртүнчү күнү — Жахабага арналган пасах майрамы+. 17  Ошол эле айдын он бешинчи күнү да майрам. Жети күн бою калама жегиле+. 18  Анын биринчи күнүндө ыйык жыйын болот+. Эч кандай оор жумуш жасабагыла+. 19  Жахабага арнап жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка+ эки букачар, бир кочкор, бир жашар жети эркек козу алып келгиле+. Алардын кемтиги жок болсун+. 20  Ар бир букачарга кошуп нан курмандыгы+ катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эйфанын ондон үч бөлүгүн, кочкорго кошуп эйфанын ондон эки бөлүгүн+, 21  ал эми жети козунун ар бирине кошуп эйфанын ондон бир бөлүгүн алып келгиле+. 22  Күнөөдөн арылышыңар үчүн күнөө курмандыгына бир теке алып келгиле+. 23  Булардын баарын эртең менен чалынчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка+, дайыма чалынчу курмандыкка+, кошуп алып келгиле. 24  Ушул эле нерселерди жети күн бою Жахабага арналган тамак катары+, жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары+, алып келгиле. Булардын баарын дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка жана аны менен кошо алынып келчү суюк тартууга кошуп алып келгиле. 25  Жетинчи күнү ыйык жыйын болот+. Эч кандай оор жумуш жасабагыла+. 26  Биринчи түшүмдү+ жыйнаган күнү Жахабага жаңы дандан нан курмандыгын алып келгениңерде, жумалар майрамын белгилегениңерде+, ыйык жыйын өткөргүлө. Эч кандай оор жумуш жасабагыла+. 27  Жахабага арнап жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жашар жети эркек козу алып келгиле+. 28  Ар бир букачарга кошуп нан курмандыгы катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эйфанын ондон үч бөлүгүн, кочкорго кошуп эйфанын ондон эки бөлүгүн+, 29  ал эми жети козунун ар бирине кошуп эйфанын ондон бир бөлүгүн+ алып келгиле. 30  Ошондой эле күнөөдөн арылышыңар үчүн бир улак алып келгиле+. 31  Булардын баарын дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка жана аны менен кошо алынып келчү нан курмандыгы+ менен суюк тартууга кошуп алып келгиле+. Алардын кемтиги жок болсун+.

Шилтемелер

1 гин = 3,67л.