Сандар 32:1—42

32  Рубейиндин уулдары+ менен Гаттын уулдарынын+ малы абдан көп эле. Алар Жазер+ менен Гилат жеринин мал бакканга ылайыктуу экенин көрүштү.  Ошондуктан Муса менен дин кызматчы Элазарга, жамаат башчыларына барып:  «Атарот+, Дибон+, Жазер, Бет-Нимра+, Хешпон+, Элале+, Себам, Небо+ жана Беон+ жерлери,  Жахаба Ысрайыл жамаатына каратып берген жерлер+, мал бакканга ылайыктуу экен. Кулдарыңдын болсо малы көп»,— дешти+.  Анан: «Эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсок, бул жерди кулдарыңа бер. Бизди Иордандын аркы өйүзүнө өткөрбөй эле кой»,— дешти+.  Ошондо Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына мындай деди: «Бир туугандарыңар согушка баратса, силер бул жерде каласыңарбы?+  Эмнеге Ысрайыл уулдарынын ындынын өчүрүп, аларды Жахаба бере турган жерге баргандан айнытып жатасыңар?  Кадеш-Барнини көрүп келгени жөнөткөнүмдө+ аталарыңар да ушинтишкен+.  Алар Эшкол өзөнүнө чейин барып+, ал жерди көрүп келишкен. Бирок келгенден кийин Ысрайыл уулдарынын ындынын өчүрүп, аларды Жахаба бергени жаткан жерге баргандан айнытышкан+. 10  Ошол күнү Жахабанын каары кайнап, мындай деп ант берген+: 11  „Мисирден чыккандардын жыйырма жаштан өйдөкүлөрүнүн баары+ мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылган жерди+ көрүшпөйт, анткени алар мага толугу менен баш ийишкен жок. 12  Ал жерди Кенездин тукумдарынан болгон Жепундун уулу Калеп+ менен Нундун уулу Жашыя гана көрөт+, анткени алар Жахабага толугу менен баш ийишти“. 13  Ошентип, Ысрайыл уулдарына Жахабанын каары кайнап, аларды кырк жыл, Жахабанын алдында жаман иш кылган муундун баары өлүп жок болгуча+, чөлдө тентитип койду+. 14  Эми силер, күнөөкөрлөрдүн тукуму, аталарыңар кылганды кылып, Жахабанын Ысрайылга кайнаган каарын ого бетер күчөтүп жатасыңар+. 15  Эгерде ага баш ийбесеңер+, ал бул элди дагы чөлгө калтырып коёт+, ошентип, бул элдин түбүнө жетесиңер»+. 16  Бир нече убакыт өткөндөн кийин, алар Мусага келип, мындай дешти: «Ушул жерге малыбызга таш короолорду салып, балдарыбызга шаар куралы. 17  Алар бул жердин тургундарынан алыс болуп, чептүү шаарларда жашап турушсун. Өзүбүз болсо куралданабыз да, Ысрайыл уулдарын өз жерине жеткирмейинче алардын алдында, аскердик топтордой болуп, уюшулган түрдө барабыз+. 18  Ысрайыл уулдары бул жердин баарын ээлеп, ар бири өз үлүшүн алмайынча, үйлөрүбүзгө кайтпайбыз+. 19  Эгер бизге Иордандын ушул күн чыгыш тарабынан үлүш тийсе, Иордандын аркы өйүзүнөн алар менен бирге үлүш албайбыз»+. 20  Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эгер ошенте турган болсоңор, куралданып алып, Жахабанын алдында согушка бара турган болсоңор+, 21  куралданган боюнча Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Жахаба душмандарынын баарын сүрүп чыкмайынча+, анын алдында бара турган болсоңор жана 22  Жахаба ал жердин баарын каратып алгандан кийин гана+ кайтып келе турган болсоңор+, Жахаба менен Ысрайылдын алдында күнөөлүү болбойсуңар. Бул жер Жахабанын алдында силердин энчиңер болот+. 23  Ал эми антпей турган болсоңор, Жахабага каршы күнөө кылган болосуңар+. Андыктан, билип койгула, күнөөңөр үчүн жооп бересиңер+. 24  Балдарыңар үчүн шаарларды, малыңар үчүн таш короолорду кургула, өзүңөр айткандын баарын кылгыла»+. 25  Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Мусага: «Мырзабыз кандай айтса, кулдарың ошондой кылат+. 26  Балдарыбыз менен аялдарыбыз, бардык малыбыз ушул жерде, Гилат шаарларында, калат+. 27  Ал эми кулдарың, мырзабыз айткандай, куралданып алып+, Жахабанын алдында согушка барат»,— дешти. 28  Ошондо Муса аларга байланыштуу дин кызматчы Элазарга, Нундун уулу Жашыяга, Ысрайылдын уруу башчыларына мындай буйрук берди: 29  «Эгер Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары куралданып алып+, Жахабанын алдында силер менен Иордандын аркы өйүзүнө өтсө жана силер ал жердин баарын каратып алсаңар, анда Гилат жерин аларга үлүшкө бергиле+. 30  Ал эми силер менен бирге куралданып барышпаса, анда алар да силерге кошулуп Канаан жерине отурукташсын»+. 31  Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары: «Жахаба кулдарыңа кандай айтса, так ошондой кылабыз+. 32  Биз куралданып алып, Жахабанын алдында Канаан жерине+ барабыз, бирок бизге Иордандын ушул өйүзүнөн үлүш берилсин»,— дешти+. 33  Ошондо Муса аларга, тактап айтканда, Гаттын уулдарына+, Рубейиндин уулдарына+ жана Жусуптун уулу Менашенин+ жарым уруусуна аморлуктардын падышасы Сихон+ бийлик кылган шаарлар менен алардын тегерек-четин, Башандын падышасы Ок+ бийлик кылган шаарлар менен алардын тегерек-четин берди. 34  Гаттын уулдары Дибон+, Атарот+, Ароер+, 35  Атрот-Шопан, Жазер+, Жокпея+, 36  Бет-Нимра+, Бет-Арам+ деген чептүү шаарларды+, ошондой эле малдарына таш короолорду курушту+. 37  Рубейин уулдары болсо Хешпон+, Элале+, Кириатайым+, 38  Небо+, Баал-Меон+ (булардын аттары өзгөртүлгөн), Сибма деген шаарларды курушту да, аларды башкача атап коюшту. 39  Менашенин уулу Махирдин+ уулдары Гилатка барып, аны басып алышты да, ал жерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты. 40  Муса Гилатты Менашенин уулу Махирге берди. Ал ошол жерге отурукташты+. 41  Менашенин уулу Жайыр болсо Гилат аймагындагы шаарчаларды басып алып, аларды Хабот-Жайыр+ деп атады. 42  Ал эми Нобах Кенатты+ жана ага караштуу шаарларды басып алып, аны өзүнүн атынан Нобах деп атады.

Шилтемелер