Сандар 34:1—29
34 Жахаба Мусага мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Силер Канаан жерине баратасыңар+. Силердин энчиңер+ боло турган Канаан жеринин чек аралары+ булар:
3 Түштүк тарабыңар Эдомдун жанындагы Зин чөлүнөн башталат+, түштүк чек араңардын чыгыш чети Туздуу деңиздин четинен башталат+.
4 Ал Акрабимдин+ түштүк капталынан Зинди көздөй бурулуп, Кадеш-Барнинин+ түштүгүнө барып такалат, андан кийин Хазар-Адарга+, андан ары Асмонго чейин созулат.
5 Анан Асмондон Мисир өзөнүн+ көздөй бурулуп, Деңизге*+ чейин созулат.
6 Батыш чек араңар+ Улуу деңиздин жээги болот, батыш чек араңар — ушул.
7 Түндүк чек араңар мындай болот: Улуу деңизден баштап Ор тоосуна*+ чейин өзүңөргө чек ара белгилегиле.
8 Анан Ор тоосунан Хаматтын кире беришине чейин+, андан Седатка+ чейин белгилегиле.
9 Андан ары чек араңар Зибронго чейин, Зиброндон Хазар-Энанга+ чейин созулуп, ошол жерден бүтөт. Түндүк чек араңар — ушул.
10 Андан кийин Хазар-Энандан Шепамга чейин чыгыш чек араңарды белгилегиле.
11 Шепамдан чек араңар Айындын чыгышындагы Риблага* чейин, андан ары Кинерет деңизинин*+ чыгыш жээгине чейин созулат.
12 Анан Иорданга жетип, Туздуу деңизге+ барып такалат. Бул силердин жериңер болот+, анын чек аралары — ушулар“».
13 Муса Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Жахаба тогуз жарым урууга берүүнү буйрук кылган+ жана силер өкчөмө таш ыргытып+ өз ара бөлүп ала турган жер — ушул.
14 Себеби Рубейин уруусу тукуму боюнча, Гат уруусу тукуму боюнча жана Менаше уруусунун жарымы өз үлүшүн алышты+.
15 Ал эки жарым уруу өз үлүшүн Жерихонун тушунан, күн чыгыш тараптан, Иордандын чыгыш жагынан алышты»+.
16 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
17 «Силерге жерди дин кызматчы Элазар+ менен Нундун уулу Жашыя+ бөлүштүрүп берет.
18 Жерди бөлүштүргөнгө жардам бергенге ар бир уруудан бирден башчы алгыла+.
19 Ал башчылар булар: Жүйүт уруусунан+ Жепундун уулу Калеп+,
20 Шымон уруусунан+ Амиюттун уулу Шемуел,
21 Бенжемин уруусунан+ Кислондун уулу Элидат,
22 Дан уруусунан+ Жоглинин уулу Буки башчы,
23 Жусуптун+ уулу Менашенин уруусунан+ Эпоттун уулу Ханиел башчы,
24 Эпрайым уруусунан+ Шиптандын уулу Кемуел башчы,
25 Забулун уруусунан+ Парнактын уулу Элисапан башчы,
26 Исахар уруусунан+ Азандын уулу Палтиел башчы,
27 Ашыр уруусунан+ Шеломинин уулу Акиут башчы,
28 Напталы уруусунан+ Амиюттун уулу Педаел башчы».
29 Жахаба Канаан жерин Ысрайыл уулдарына бөлүштүрүп берүүнү ушуларга буйрук кылды+.
Шилтемелер
^ Улуу деңиз, Жер ортолук деңиз.
^ Жайгашкан жери белгисиз. Лебанон кырка тоосунун чокусу болушу мүмкүн.
^ Хамат жериндеги эмес, Канаандын чыгыш чек арасындагы Рибла.
^ Чындыгында, көл болгон. Ыйык Китепте ал Генисарет көлү, Галилея деңизи жана Тиберия деңизи деп да аталат.