Сандар 36:1—13

36  Жусуптун уулдарынын тукум башчылары, Менашенин небереси, Махирдин+ уулу Гилаттын уулдарынын тукум башчылары, Муса менен уруу башчыларына, Ысрайыл уулдарынын тукум башчыларына, барып, мындай дешти:  «Жахаба биздин мырзабызга жерди Ысрайыл уулдарына өкчөмө таш ыргытып+ бөлүштүрүп берүүнү буйрук кылган. Ошондой эле Жахаба мырзабызга бир тууганыбыз Салапаттын үлүшүн кыздарына берүүнү да буйрук кылган+.  Эгер аларды Ысрайылдын башка уруусундагы эркектер аялдыкка алса, анда ал кыздардын үлүшү биздин аталарыбыздын үлүшүнөн бөлүнүп алынып, алар турмушка чыккан урууга кошулуп калат. Ошондо алардын үлүшү өкчөмө таш боюнча бизге тийген үлүштөн бөлүнүп алынат+.  Анан Ысрайыл уулдары эркиндикке чыгуу жылын+ белгилегенде, ал кыздардын үлүшү алар турмушка чыккан уруунун үлүшүнө кошулуп калат. Ошентип, алардын үлүшү аталарыбыздын уруусуна таандык болбой калат».  Ошондо Муса, Жахабанын буйругу боюнча, Ысрайыл уулдарына мындай буйрук берди: «Жусуптун уулдарынын уруусу туура айтып жатат.  Жахаба Салапаттын кыздары+ тууралуу мындай деди: „Алар өздөрүнө жаккан адамга турмушка чыкса болот. Бирок өздөрүнүн атасынын уруусундагы эркектерге гана чыгышсын+.  Ысрайыл уулдарынын ар бири өзүнүн ата-бабалары таандык болгон уруунун үлүшүн сакташы үчүн, алардын үлүшү бир уруудан экинчи урууга өтпөшү керек.  Ысрайыл уулдарынын ар бири өзүнүн ата-бабаларына тийген үлүштү мураска алышы үчүн, Ысрайыл уулдарынын урууларынын арасынан үлүш алган ар бир кыз өзүнүн атасынын уруусундагы эркекке турмушка чыгышы керек+.  Ысрайыл уулдарынын ар бир уруусу өзүнө бөлүнгөн үлүштү сакташы үчүн, алардын үлүшү бир уруудан экинчи урууга өтпөшү керек“». 10  Жахаба Мусага кандай буйруса, Салапаттын кыздары так ошондой кылышты+. 11  Махла, Тирса, Хогла, Милка жана Нух+ атасынын ага-инилеринин балдарына турмушка чыгышты. 12  Өздөрүнүн үлүшү атасынын уруусуна таандык бойдон калышы үчүн, алар Жусуптун уулу Менашенин тукумдарынан болгон эркектерге турмушка чыгышты. 13  Булар — Жахабанын Жерихонун тушунда, Мааптын Иордандын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө+, Муса аркылуу Ысрайыл уулдарына берген осуяттары менен мыйзамдары+.

Шилтемелер