Сандар 4:1—49

4  Жахаба Муса менен Арунга мындай деди:  «Лебинин уулдарынын ичинен Кааттын+ уулдарын тукуму, уругу боюнча санап чыккыла.  Жыйын чатырындагы иштерди кылышы үчүн, кызмат кылууга жарактуулардын баарын+, отуз жаштан элүү жашка чейинки+ эркектердин баарын+, санап чыккыла.  Кааттын уулдарынын жыйын чатырында+ кылган кызматы абдан ыйык нерселер менен байланыштуу.  Кошуун жолго чыгарда, Арун менен анын уулдары келип, келишим сандыгын тосуп турган көшөгөнү+ чечип, аны келишим сандыгына+ жабышсын.  Анын үстүнө түлөндүн* терисинен+ жасалган жабууну, ал эми анын үстүнөн көк жабууну жаап, келишим сандыгынын шыргыйларын+ киргизишсин.  Алар тартуу катары алынып келген нандар коюлчу үстөлгө+ көк жабууну жайып, үстүнө идиштерди+, чөйчөктөрдү, суюк тартууларды куя турган кумуралар менен табактарды+ коюшсун. Ал эми үстөлдүн үстүндө дайыма турган нан+ ошол эле ордунда калсын.  Анан алардын үстүнө ачык кызыл түстөгү жабууну+, ал эми анын үстүнөн түлөндүн терисинен+ жасалган жабууну жаап, үстөлдүн шыргыйларын+ киргизишсин.  Көк жабууну алып, чыракпаянын+, анын чырактарынын+, биликтин күйүгүн алууга колдонулчу кычкачтарынын+, биликтин күйүгү салынчу идиштеринин+, чырак май куюла турган идиштеринин+ үстүнө жабышсын. 10  Анан чыракпая менен ага тиешелүү нерселердин баарын түлөндүн терисинен+ жасалган жабууга ороп, замбилге салышсын*. 11  Алар алтындан жасалган жыпарзат түтөткүчтүн*+ үстүнө көк жабууну, ал эми анын үстүнөн түлөндүн терисинен+ жасалган жабууну жаап, жыпарзат түтөткүчтүн шыргыйларын+ киргизишсин. 12  Алар ыйык жердеги кызматта колдонулчу бардык нерселерди+ алып, көк жабууга ороп, үстүнө түлөндүн терисинен+ жасалган жабууну жаап, замбилге салышсын. 13  Алар курмандык жайындагы+ май сиңген күлдү чыгарып, курмандык жайынын үстүнө кызгылт көк жабууну жайышсын. 14  Анын үстүнө курмандык жайына байланышкан кызматта колдонулчу нерселердин баарын+: чок салгычтарды, айрыларды, калактарды, чараларды коюп, үстүнө түлөндүн терисинен жасалган жабууну жаап, курмандык жайынын шыргыйларын+ киргизишсин. 15  Кошуун жолго чыгарда, Арун менен анын уулдары ыйык жердеги+ нерселерди жана аларга тиешелүү нерселердин баарын+ жаап бүткөндөн кийин, аларды көтөрүш үчүн+ Кааттын уулдары келишсин. Бирок өлүп калбашы үчүн, алар ыйык жердеги нерселерге тийишпесин+. Кааттын уулдары жыйын чатырындагы ушул нерселерди+ көтөрүп жүрүшү керек. 16  Дин кызматчы Арундун уулу Элазарга чырак май+, жыпарзат+, дайыма алынып келчү нан курмандыгы+, ыйык май+ тапшырылсын. Ал ыйык чатырга, андагы нерселердин бардыгына, атап айтканда, ыйык жай менен ага тиешелүү нерселерге жооптуу болушу керек»+. 17  Жахаба Муса менен Арунга дагы мындай деди: 18  «Кааттын тукумдарынын+ лебилердин арасынан жок кылынышына жол бербегиле. 19  Алар аман калышы үчүн, абдан ыйык нерселерге+ жакындап өлүп калбашы үчүн, мындай кылгыла: Арун менен анын уулдары келип, алардын ар бирине эмне кызмат аткарып, эмне көтөрүшү керектигин айтышсын. 20  Алар ыйык нерселерге жөн эле карап коюш үчүн да жакындабашы керек. Болбосо өлүп калышат»+. 21  Анан Жахаба Мусага мындай деди: 22  «Гершондун+ уулдарын тукуму, уругу боюнча санап чык. 23  Жыйын чатырында кызмат кылышы үчүн, кызмат кылууга жарактуулардын баарын, отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектердин баарын, санап чык+. 24  Гершондун тукумдарынын аткара турган кызматы, көтөрө турган нерселери булар+: 25  ыйык чатырдын жабуулары+, жыйын чатыры+, анын сырткы жабуусу+, анын үстүндөгү түлөндүн терисинен жасалган жабуу+, жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгө+, 26  ыйык чатыр менен курмандык жайын курчап турган короонун жабуулары+, анын кире беришин тоскон жабуу+, короонун жиптери, ал жердеги кызматка керектүү нерселер менен ал жердеги иштерди аткарууда колдонулчу нерселердин баары. Бул — алардын кызматы. 27  Гершондун уулдары+ аткара турган иштердин баары, алардын кызматы менен көтөрө турган нерселери, Арун менен анын уулдарынын+ көрсөтмөсү боюнча болсун. Алар көтөрө турган нерселерди силер айтышыңар керек. 28  Гершондун тукумдары+ жыйын чатырында дин кызматчы Арундун уулу Итамардын+ көзөмөлү астында ушул кызматты аткарышы керек. 29  Мераринин уулдарын+ тукуму, уругу боюнча санап чык. 30  Жыйын чатырында кызмат кылышы үчүн, кызмат кылууга жарактуулардын баарын, отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектердин баарын, санап чык+. 31  Алардын жыйын чатырында аткара турган кызматы, көтөрө турган нерселери булар+: ыйык чатырдын кашектери+, шыргыйлары+, устундары+, оюгу бар таканычтары+, 32  жыйын чатырын курчап турган короонун мамылары+, алардын оюгу бар таканычтары+, казыктары+, жиптери жана ушулардын баарына тиешелүү нерселер, ошондой эле алардын кызматына байланышкан нерселердин бардыгы. Алардын ар бирине эмне көтөрүшү керектигин айткыла+. 33  Мераринин тукумдары+ жыйын чатырында дин кызматчы Арундун уулу Итамардын+ көзөмөлү астында ушул кызматты аткарышы керек». 34  Муса, Арун, жамаат башчылары+ Кааттын уулдарын+ тукуму, уругу боюнча санап чыгышты. 35  Жыйын чатырында кызмат кылышы үчүн, кызмат кылууга жарактуулардын баарын+, отуз жаштан элүү жашка чейинки+ эркектердин баарын+, санап чыгышты. 36  Өз уругу боюнча каттоодон өткөндөрдүн саны 2 750 болду+. 37  Муса менен Арун Жахабанын Мусага берген буйругу боюнча каттоодон өткөргөн+ Кааттын тукумдары — ушулар. Булардын баары — жыйын чатырында кызмат кылгандар. 38  Гершондун уулдарынын+ ичинен тукуму, уругу боюнча каттоодон өткөндөрдүн, 39  жыйын чатырында кызмат кылышы үчүн, кызмат кылууга жарактуулардын+, отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектердин баарынын, 40  тукуму, уругу боюнча каттоодон өткөндөрдүн, саны 2 630 болду+. 41  Муса менен Арун Жахабанын буйругу боюнча каттоодон өткөргөн Гершондун тукумдары+ — ушулар. Булардын баары — жыйын чатырында кызмат кылгандар. 42  Мераринин тукумдарынын ичинен тукуму, уругу боюнча каттоодон өткөндөрдүн, 43  жыйын чатырында кызмат кылышы үчүн, кызмат кылууга жарактуулардын+, отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектердин баарынын, 44  уругу боюнча каттоодон өткөндөрдүн, саны 3 200 болду+. 45  Муса менен Арун Жахабанын Мусага берген буйругу боюнча каттоодон өткөргөн Мераринин тукумдары+ — ушулар. 46  Муса, Арун жана Ысрайыл башчылары лебилердин ичинен тукуму, уругу боюнча каттоодон өткөргөндөрдүн баарынын, 47  жыйын чатырында оор жумуштарды аткарып, ар кандай жүк көтөрүп+ кызмат кылууга жарактуулардын, отуз жаштан элүү жашка+ чейинки эркектердин баарынын, 48  каттоодон өткөндөрдүн, саны 8 580 болду+. 49  Муса аларды, Жахабанын буйругуна ылайык, аткарган кызматы, көтөргөн жүгү боюнча каттоодон өткөрдү. Алар, Жахаба Мусага буйрук кылгандай, каттоодон өтүштү+.

Шилтемелер

Тюлень.
Сөзмө-сөз: «устундун үстүнө коюшсун».
Же: «курмандык жайынын».