Сандар 5:1—31

5  Жахаба Мусага мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына пес оорулуулардын+, денесинен бир нерсе аккандардын+, өлгөн кишиге* тийип+ таза эмес болуп калгандардын баарын конуштан чыгарып салууга буйрук бер.  Эркек болобу, аял болобу, андай адамдарды чыгарып таштагыла. Мен элимдин арасында болгондуктан+, элимдин конуштарын булгабашы үчүн+, аларды конуштан чыгарып таштагыла»+.  Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты: аларды конуштан чыгарып салышты. Жахаба Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты.  Жахаба Мусага дагы мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Эгерде эркек же аял кандайдыр бир күнөө жасап, Жахабага ишенимсиздик кылса, күнөөлүү болот+.  Ал күнөөсүн мойнуна алып+, кылган күнөөсү үчүн келтирилген зыяндын ордун толтуруп, анын үстүнө белгиленген баанын бештен бир бөлүгүн кошуп берсин+. Аны кимге каршы күнөө кылса, ошого төлөп берсин.  Эгер жабыр тарткан киши өлүп калса жана анын жакын тууганы жок болсо, күнөө кылганы үчүн тиги киши келтирген зыянынын баасын Жахабага төлөп бериши керек. Ал төлөгөн нерсе күнөөдөн арылуу үчүн алынып келген кочкор менен бирге дин кызматчыга таандык болот. Дин кызматчы кочкорду курмандыкка чалып, ал кишини күнөөдөн арылтат+.  Ысрайыл уулдарынын дин кызматчыга алып келе турган ыйык тартууларынын баары+ дин кызматчыга таандык болот+. 10  Алардын ар бири алып келген ыйык нерсе дин кызматчыга таандык болот. Ар бири эмне алып келбесин, ал дин кызматчыга таандык болот“». 11  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 12  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Эгер кимдир бирөөнүн аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, күнөө кылса+: 13  аны менен башка эркек жатып, уругун агызса+ жана күйөөсү билбей калып+, ал иш жашыруун бойдон калса, аял өзүн ошентип булгап, бирок күбө жок болгондуктан, бети ачылбаса, 14  анан күйөөсү кызганып+, аялынын ак экенине шек санай баштаса жана аялы чынында эле өзүн булгаган болсо же күйөөсү кызганып, аялынын ак экенине шек санай баштаса, бирок аялы чынында өзүн булгабаган болсо, 15  анда ал киши аялын, анын курмандыгын — арпа унунан эйфанын* ондон бир бөлүгүн — дин кызматчыга+ алып келсин. Курмандыгынын үстүнө май куйбасын, ладан сеппесин+, анткени ал — кызганычка байланышкан нан курмандыгы, күнөө жөнүндө эскертип турган нан курмандыгы. 16  Дин кызматчы ал аялды алдыга алып чыгып, Жахабанын алдына тургузсун+. 17  Анан чопо идишке ыйык суудан куюп, ага ыйык чатырдын топурагынан салсын. 18  Андан кийин аялды Жахабанын алдына тургузуп, чачын коё берсин да, эстетип турган нан курмандыгын — кызганычка байланышкан нан курмандыгын+ — анын алаканына койсун. Өзү болсо каргышка калтыра турган ачуу сууну алсын+. 19  Аялга ант бердирткен соң дин кызматчы мындай деп айтсын: “Эгер башка эркек менен жатпасаң, ыпылас ишке барып, күйөөңдүн+ алдында күнөө кылбасаң, анда каргышка калтыра турган бул ачуу суудан эч кандай зыян тартпайсың. 20  Ал эми күйөөң бар болуп туруп+ күнөө кылып, өзүңдү булгаган болсоң, күйөөңдөн башка эркек сени менен жатып, уругун агызган болсо...”+ 21  Анан дин кызматчы аялды каргантып ант бердирткен+ соң мындай десин: “Жахаба элиңдин арасында каргыш айтылганда жана ант берилгенде сенин ысмың айтылгыдай кылсын, Жахаба жатыныңды* кууратып, ичиңди шишитсин. 22  Каргышка калтыра турган бул суу ичиңе киргенде, жатының куурап, ичиң шишийт”. Ошондо аял: “Оомийн*! Оомийн!” — деп айтсын. 23  Дин кызматчы бул каргыш сөздөрдү китепке+ жазып, аларды ачуу сууга жуусун+. 24  Андан кийин каргышка+ калтыра турган ачуу сууну аялга ичирсин. Сууну ичкенден кийин аял кыйналат. 25  Дин кызматчы аялдын колунан кызганычка байланышкан нан курмандыгын+ алып, Жахабанын алдында ары-бери чайпаган соң аны курмандык жайына алып барсын. 26  Анан эстетип турган+ ал нан курмандыгынан бир аз алып, курмандык жайында өрттөсүн. Андан кийин аялга сууну ичирсин. 27  Эгерде аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салып+, өзүн булгаган болсо, дин кызматчы каргышка калтыра турган сууну ичиргенден кийин, аял кыйналат: ичи шишип, жатыны куурайт. Каргыш айтканда адамдар ошол аялды айтып каргашат+. 28  Ал эми аял өзүн булгабаса, таза болсо, мындай жазага кабылбайт+; анын боюна бүтөт. 29  Бул — кызганыч жөнүндөгү мыйзам+. Кайсы бир аял күйөөсү бар болуп туруп+ күнөө кылып+, өзүн булгаса 30  же күйөөсү кызганып, аялынын ак экенине шектенсе, аны Жахабанын алдына алып келсин. Анан дин кызматчы ушул мыйзамга ылайык иш кылсын. 31  Ошондо күйөөсү күнөөлүү болбойт, аялы болсо күнөөсү үчүн жооп берет“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жанга».
1 эйфа = 22 л.
Сөзмө-сөз: «саныңды».
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.