Сандар 7:1—89

7  Муса ыйык чатырды+ тургузуп бүткөн күнү аны жана ага тиешелүү нерселердин баарын, ошондой эле курмандык жайы менен ага тиешелүү нерселердин баарын майлап+, ыйыктады. Ал аларды майлап, ыйыктады+.  Анан Ысрайылдын башчылары+, тукум башчылары, тартуу алып келишти+. Алар каттоодон өткөндөрдүн үстүнөн коюлган уруу башчылары эле.  Алар Жахабага арнап үстү жабылган алты араба менен он эки бука алып келишти. Эки башчы биригип бир арабадан жана ар бир башчы бир букадан жыйын чатырынын алдына алып келди.  Ошондо Жахаба Мусага:  «Алар алып келгендердин баарын ал, анткени алардын баары жыйын чатырында аткарылчу кызматка керек. Анан аларды лебилерге, кимисине канча керек болсо, ошончодон бөлүштүрүп бер»,— деди.  Муса арабалар менен букаларды алып, лебилерге берди.  Ал Гершондун уулдарына алардын аткарган кызматына жараша эки араба менен төрт бука берди+.  Мераринин уулдарына болсо алардын аткарган кызматына+ жараша төрт араба менен сегиз бука берди. Алардын баары дин кызматчы+ Арундун уулу Итамарга тапшырылды.  Ал эми Кааттын уулдарына эч нерсе берген жок, анткени алар ыйык жерде колдонулган нерселерди+ ийиндерине көтөрүп жүрүшү керек болчу+. 10  Курмандык жайын арноо аземинде+, аны майлаган күнү, башчылар тартууларын алып келип, курмандык жайынын алдына коюшту. 11  Жахаба Мусага: «Бир күндө бир башчы курмандык жайын арноо аземине арнаган тартуусун алып келсин»,— деди+. 12  Биринчи күнү Жүйүт уруусунан болгон Аминадаптын уулу Нахшон+ тартуу алып келди. 13  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели+ менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 14  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк+, 15  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 16  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 17  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Аминадаптын уулу Нахшон алып келген тартуулар+. 18  Экинчи күнү Исахар уруусунун башчысы, Зуардын уулу Нетанел+, тартуу алып келди. 19  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 20  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 21  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 22  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 23  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Зуардын уулу Нетанел алып келген тартуулар. 24  Үчүнчү күнү Забулундун уулдарынын башчысы, Хелондун уулу Элиап+, тартуу алып келди. 25  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле; 26  ошондой эле салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 27  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 28  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 29  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Хелондун+ уулу Элиап алып келген тартуулар. 30  Төртүнчү күнү Рубейиндин уулдарынын башчысы, Шедурдун уулу Элисур+, тартуу алып келди. 31  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 32  андан сырткары салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 33  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 34  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 35  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Шедурдун+ уулу Элисур алып келген тартуулар. 36  Бешинчи күнү Шымондун уулдарынын башчысы, Зуришадай уулу Шелумиел+, тартуу алып келди. 37  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 38  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 39  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 40  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 41  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Зуришадайдын+ уулу Шелумиел алып келген тартуулар. 42  Алтынчы күнү Гаттын уулдарынын башчысы, Деилдин уулу Элиасап+, тартуу алып келди. 43  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 44  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк+, 45  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 46  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 47  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Деилдин+ уулу Элиасап алып келген тартуулар. 48  Жетинчи күнү Эпрайымдын уулдарынын башчысы, Амиюттун уулу Элишама+, тартуу алып келди. 49  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 50  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 51  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 52  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 53  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Амиюттун+ уулу Элишама алып келген тартуулар. 54  Сегизинчи күнү Менашенин уулдарынын башчысы, Педатсурдун уулу Гамалиел+, тартуу алып келди. 55  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 56  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк+, 57  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 58  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 59  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Педатсурдун+ уулу Гамалиел алып келген тартуулар. 60  Тогузунчу күнү Бенжеминдин уулдарынын башчысы+, Гидонинин уулу Абидан+, тартуу алып келди. 61  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 62  андан сырткары салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 63  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 64  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 65  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Гидонинин+ уулу Абидан алып келген тартуулар. 66  Онунчу күнү Дандын уулдарынын башчысы, Амишадайдын уулу Ахиезер+, тартуу алып келди. 67  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 68  ошондой эле салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк, 69  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 70  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 71  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Амишадайдын+ уулу Ахиезер алып келген тартуулар. 72  Он биринчи күнү Ашырдын уулдарынын башчысы, Охрандын уулу Пагиел+, тартуу алып келди. 73  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 74  ошондой эле салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк+, 75  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 76  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 77  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Охрандын+ уулу Пагиел алып келген тартуулар. 78  Он экинчи күнү Напталынын уулдарынын башчысы, Энандын уулу Акира+, тартуу алып келди. 79  Ал алып келген тартуулар булар: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, салмагы жүз отуз шекел болгон чоң күмүш табак менен салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак, аларга нан курмандыгы үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган эле+; 80  андан сырткары, салмагы он шекел болгон, жыпарзат толтура салынган алтын чөйчөк+, 81  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн бир букачар, бир кочкор, бир жашка чейинки эркек козу+, 82  күнөө курмандыгы үчүн бир улак+, 83  тынчтык курмандыгы+ үчүн эки бука, беш кочкор, беш теке, бир жашар беш эркек козу. Булар — Энандын+ уулу Акира алып келген тартуулар. 84  Ысрайыл уулдарынын башчылары+ курмандык жайын арноо аземинде+, аны майлаган күнү, алып келген тартуулар булар: он эки чоң күмүш табак, он эки күмүш табак+, он эки алтын чөйчөк. 85  Ар бир чоң күмүш табактын салмагы жүз отуз шекел, ар бир күмүш табактын салмагы жетимиш шекел, бардык күмүш табактардын салмагы, ыйык жердин шекели+ менен эсептегенде, эки миң төрт жүз шекел болду. 86  Ал эми жыпарзат толтура салынган он эки алтын чөйчөктүн+ ар биринин салмагы, ыйык жердин шекели менен эсептегенде, он шекел болду. Бардык алтын чөйчөктөрдүн салмагы жүз жыйырма шекел болду. 87  Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+ үчүн он эки бука, он эки кочкор, бир жашар он эки эркек козу, алар менен бирге нан курмандыктарын+, ошондой эле күнөө курмандыгы үчүн он эки улак+, 88  тынчтык курмандыгы+ үчүн жыйырма төрт бука, алтымыш кочкор, алтымыш теке, бир жашар алтымыш эркек козу алып келишти. Булар — курмандык жайын арноо аземинде+, аны майлагандан кийин+, алынып келген тартуулар. 89  Кудай менен сүйлөшүш үчүн+ жыйын чатырына кирген сайын Муса келишим сандыгынын капкагынын үстүнөн+, эки керуптун*+ ортосунан, өзүнө сүйлөгөн үндү укчу. Кудай аны менен сүйлөшчү.

Шилтемелер

Жогорку даражалуу периштелер.