Сепания 1:1—18

1  Жүйүт падышасы Амондун+ уулу Жошиянын+ күндөрүндө Жахаба Хискиянын уулу Амариянын уулу Гедалиянын небересине, Кушинин уулу Сепанияга, мындай деди:  «Мен бардыгын жер бетинен жок кылам»,— дейт Жахаба+.  «Адамдарды да, жаныбарларды да+, асмандагы канаттуулар менен деңиздеги балыктарды да жок кылам+. Ыймансыздарды күнөөгө азгырган нерселери менен кошо жок кылам+. Адамдарды жер бетинен жок кылам+,— дейт Жахаба.—  Жүйүткө, Иерусалимдин бүт тургундарына каршы колумду сунуп+, Баалга сыйынгандардын+ калгандарын, бөтөн жерликтердин кудайларынын дин кызматчыларынын ысмын жана башка дин кызматчыларды бул жерден жок кылам+.  Ошондой эле үйүнүн үстүнө чыгып, асмандагы нерселерге таазим кылгандарды+, Жахабага ант берип+, ошол эле учурда Малкамды* да оозанып ант берип+, таазим кылгандарды+,  Жахабадан баш тартып, анын жолу менен жүрбөгөндөрдү+, Жахабага кайрылбагандарды, андан сурабагандарды жок кылам»+.  Эгедер Теңир Жахабанын алдында унчукпагыла+, анткени Жахабанын күнү жакындап+ калды, Жахаба курмандык даярдап койду+, ал өзү чакыргандарды ыйыктады+.  «Жахаба курмандык чала турган күнү мындай болот: мен төрөлөрдү, падышанын уулдарын+, бөтөн жерликтердин кийимин кийгендердин баарын жоопко тартам+.  Ошол күнү секичеге* чыккандарды, мырзасынын үйүн зордук-зомбулук менен алдамчылыкка толтургандарды+ да жоопко тартам. 10  Ошол күнү,— дейт Жахаба,— Балык дарбазасынан+ ыйлагандардын, шаардын жаңы конушунан+ боздогондордун үнү, адырлардан карс-курс эткен катуу дабыштар угулат+. 11  Боздогула+, Мактештин тургундары, анткени соода-сатык кылган эл бүт жок болду+, таразага күмүш тарткандардын баары кырылды. 12  Ошол убакта мен шамчырак алып алып, Иерусалимди кылдат карап чыгам да+: „Жахаба жакшылык да, жамандык да кылбайт“+,— деп ойлоп жаткан кайдыгер*+ адамдарды жоопко тартам. 13  Алардын байлыгы таланып-тонолот, үйлөрү бош калат+. Алар үйлөрдү курушат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт+, жүзүмзарларды отургузушат, бирок шарабын ичишпейт+. 14  Жахабанын улуу күнүнө+ аз калды+. Ал жакындап калды, абдан шашып келатат+. Жахабанын күнүнүн үнү кандай коркунучтуу!+ Ошондо эң күчтүү да катуу кыйкырат+. 15  Ал күн — каардын, кырсык менен азап-кайгынын+, бороон-чапкындын, бүлгүндүн, караңгылык менен мунарыктын+, булуттар менен коюу караңгылыктын күнү. 16  Ал күн — чептүү шаарларга, дубалдардын+ бурчундагы бийик мунараларга каршы ураан чакырыла турган+, мүйүз сурнайдын үнү угула турган күн. 17  Мен адамдарга алаамат жиберем, ошондо алар сокурлардай болуп басып калышат+, анткени Жахабанын алдында күнөөгө батышты+. Алардын каны таман алдындагы топурактай+, ичеги-карыны кыктай болот+. 18  Жахабанын каары төгүлгөн күнү аларды күмүшү да, алтыны да сактай албайт+. Анын каары от сыяктуу бүт жерди жалмап кетет+, анткени Ал жердин бүт тургундарын кырат, аларды үрөй учурарлык жол менен кырат»+.

Шилтемелер

Сыягы, Амон уулдарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.
Кыязы, падышанын тактысы турган секиче.
Сөзмө-сөз: «тундурмасынын үстүндө коюуланып калган». Кыязы, кенебеген, кош көңүл адамдарды билдирет.