Сулаймандын ыры 1:1—17

1  Сулаймандын+ эң көркөм ыры*+:  «Ал мени эриндери менен өпсүн+. Анткени сенин эркелеткениң шараптан артык+.  Жыпар жыттуу майларыңдын+ жыты аңкыйт. Атың болсо куюлган май сыяктуу+, ошон үчүн селкилер сени сүйөт.  Ээрчит мени+, качалы! Падыша мени төркү бөлмөлөрүнө киргизди!+ Кел, кубаналы, шаттаналы. Шарапты эмес, сенин назик мамилеңди кеп кылалы+. Селкилер сага ашык, анткени сен ошого татыктуусуң+.  Оо, Иерусалим кыздары!+ Мен Кедар чатырларындай+ кара тору болсом да, Сулаймандын чатырынын жабуусундай+ жакшынакаймын.  Менин кара торулугума карабагыла, себеби күнгө күйүп тотуккам. Энекемдин уулдары ачууланып, мага жүзүмзарын кайтартып коюшкан+, ошондуктан өзүмдүкүн кайтарган жокмун.  Айтчы мага, жаным сүйгөн жигитим+, коюңду кайсы жакка жаясың+, түштө кайсы жерге жуушатасың? Досторуңдун койлорунун арасында, аза күтүп жүзүн жапкан аял өңдүү, жүргөнүмдүн кереги не?»  «Аялзатынын эң сулуусу+, эгер билбесең, койлордун изи менен бар, улактарыңды койчулардын чатырларынын жанына жай».  «Жан селким+, сени фараондун арабаларына чегилген байталыма окшоштурдум+. 10  Өрүлгөн чачың жапкан жаагың, шуру таккан мойнуң кандай гана сүйкүмдүү!+ 11  Сага күмүш менен кооздолгон алтын таажы жасап беребиз»+. 12  «Падыша дасторкондо отурганда, жыпар жыттуу майым аңкып турат+. 13  Сүйгөн жигитим мирра* салынган баштыкчадай+, ал менин көкүрөгүмдө түнөйт+. 14  Сүйгөнүм Эн-Гединин+ жүзүмзарларынын арасындагы бир тутам кынадай»+. 15  «Кандай гана сулуусуң, оо, жан селким!+ Кандай гана сулуусуң! Көздөрүң көгүчкөндүн көздөрүндөй»+. 16  «Сен да сулуусуң+, сүйгөн жигитим, ажарлуусуң! Экөөбүздүн төшөгүбүз+ — жалбырактар. 17  Заңгыраган үйүбүздүн устундары — бал карагайлар+, тактайлары — арчалар.

Шилтемелер

Же: «Ырдын ыры».
жыпарзат.