Сулаймандын ыры 2:1—17
2 Мен, болгону, деңиз жээгиндеги түздүктүн+ шафранымын+, өрөөндөрдө+ өскөн лилиямын».
2 «Тикендердин арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой»+.
3 «Токойдогу дарактардын арасында алма багы кандай болсо+, жигиттердин арасында сүйгөнүм да ошондой+. Анын көлөкөсүн эңсеп, ошол жерде отурганда, мөмөсү таңдайыма таттуу болду.
4 Ал мени шарап+ үйүнө киргизип, үстүмө сүйүү+ туусун+ көтөрдү.
5 Мени мейиз менен кубаттандыргыла+, алма менен сергиткиле, анткени ашыктыктан азап чегип келем+.
6 Жигитимдин сол колу башымдын астында, ал эми оң колу мени кучактап турат+.
7 Оо, Иерусалим кыздары, өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп+, аны тутандырбайбыз деп, жейрендер+ менен талаадагы маралдарды+ оозанып ант бергиле+.
8 Кулагым жигитимдин үнүн чалды!+ Тигине, ал тоолорго чыгып, адырларды ашып, секирип келатат+.
9 Менин асылым жейрендей+, жаш бугудай. Тигине, терезени карап, тордон сереп салып, дубалдын жанында турат+.
10 Ашыгым мага жооп кайтарып, мындай деди: „Тур, сүйгөн кызым, чүрөгүм+, кетели+.
11 Анткени жаан-чачындуу мезгил+ өтүп, нөшөр токтоду, басылды.
12 Жер бетинде гүлдөр жайнап+, жергебизде бактек күркүлдөп+, жүзүм бутаар убак келди+.
13 Анжирдин+ алгачкы мөмөлөрү бышып келатат+, жүзүм сабактары гүлдөп, жыты аңкып жатат. Тур, сүйгөн кызым+, чүрөгүм, кетели.
14 Асканын далдасындагы, зооканын жаракасындагы көгүчкөнүм+, мага жүзүңдү көрсөт+, үнүңдү угуз, анткени үнүң мукамдуу, жүзүң сүйкүмдүү“»+.
15 «Бизге жүзүмзарларды бүлдүрүп жаткан түлкүлөрдү+, бачикилерди кармап бергиле, анткени жүзүмзарларыбыз гүлдөп жатат»+.
16 «Сүйгөн жигитим мага таандык, мен ага таандыкмын+. Ал лилия гүлдөрүнүн арасында+ кой кайтарып жүрөт+.
17 Салкын жел согуп, көлөкөлөр кача баштаганга чейин кайрылып кел, сүйгөнүм, жейрендей бол+, ортобузду бөлүп турган тоолордогу жаш бугудай бол!