Сулаймандын ыры 3:1—11

3  Түнкүсүн төшөктө жатып, жаным сүйгөн жигитимди издедим+. Издедим, бирок таппадым.  Турайын, шаар+ аралап, жаным сүйгөн жигитимди көчөлөрдөн, аянттардан+ издейин. Издедим, бирок таппадым.  Алдыман шаар кыдырган күзөтчүлөр+ чыкты. Мен алардан: „Жаным сүйгөн жигитимди көрдүңөрбү?“ — деп сурадым.  Алардан көп узабай эле жаным сүйгөн жигитимди таптым. Мен аны коё бербей, бек кармадым. Энекемдин үйүнө алып келдим, мени төрөгөндүн төркү бөлмөсүнө киргиздим.  Оо, Иерусалим кыздары, өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп+, аны тутандырбайбыз деп, жейрендер менен талаадагы маралдарды+ оозанып ант бергиле»+.  «Мирра менен ладандай+, соодагердин түрлүү жыпарзатындай аңкып+, чөл тараптан түтүндөй көтөрүлүп келаткан бул эмне өзү?»  «Ал — анын тактысы, Сулаймандын көчмө тактысы. Аны Ысрайыл азаматтарынын алтымыш жоокери жандап жүрөт+.  Баары кылыч кармап, согушка машыккан. Түнкү коркунучтан коргош үчүн+ ар бири кылыч курчанган».  «Ал — Сулайман падышанын Лебанон*+ жыгачтарынан жасаткан көчмө тактысы. 10  Анын түркүктөрү күмүштөн, таканчыктары алтындан, отургучу кызгылт-көк жүндөн; ичин болсо Иерусалим кыздары сүйүү менен кооздогон». 11  «Чыккыла, Сион кыздары, Сулайман падышаны көргүлө. Үйлөнөр күнү, жүрөгү толкуп турган күнү+ ага энеси+ гүлчамбар+ өрүп берди».

Шилтемелер

Ливан.