Сулаймандын ыры 4:1—16

4  «Кандай гана сулуусуң+, оо, жан селким! Кандай гана сулуусуң! Жүзүңө тартылган тор+ алдындагы көздөрүң көгүчкөндүн көздөрүндөй+. Чачың Гилат тоолорунан+ оюн салып түшүп келаткан топ эчкидей+.  Тиштериң отордун жаңы кыркылган, жуулган койлорундай+. Ар бири эгиз тууп, биринин да козусу жоголгон эмес.  Эриндериң кызгылтым жиптей, сөздөрүң жанга жагымдуу+. Жүзүңө тартылган тор алдындагы саамайларың экиге бөлүнгөн анардай+.  Мойнуң+ Дөөтүнүн таштан тургузулган мунарасындай+. Ал мунарага миң калкан, баатырлардын тегерек калкандары+ илинген.  Төштөрүң+ лилия гүлдөрүнүн арасында+ оттоп жүргөн жейрендин эгиздериндей».  «Салкын жел согуп+, көлөкөлөр кеткенче, мирра тоосуна, ладан адырына+ барайын».  «Бүт турпатың келишкен+, сүйгөн кызым, сенде бир да кемтик жок+.  Жүр, кетели Лебанондон+, колуктум+. Жүр, кетели Лебанондон. Амананын* чокусунан, Сенирдин+ чокусунан, Хермондон+, арстандардын жатагынан, кабыландар байырлаган тоолордон түшүп кел.  Жүрөгүмдү туйлаттың, карындашым+, колуктум+. Бир караганың+, мойнуңдагы шуруң жүрөгүмдү туйлатты. 10  Сенин эркелеткениң кандай сонун+, карындашым, колуктум! Эркелеткениң шараптан артык, майларыңдын атыр жыты бардык жыпар жыттардан артык!+ 11  Оозуңан тартылбаган бал тамат+, оо, колуктум. Тилиңдин астында бал+ менен сүт, кийимиңдин жыпар жыты Лебанондун атыр жытындай+. 12  Карындашым+, колуктум бекитилген бактай, жабык булактай. 13  Сенин териң — тандамал мөмөлүү анар дарактары+, кына менен нард+, 14  нард+ менен шафран+, жыпар жыттуу камыш+ менен корица+, түрлүү ладан дарактары, мирра менен алоэ+ өскөн, укмуштуудай жыпар жыттар буркураган бейиш+. 15  Сенин териң — бак ичиндеги булак, суусу таза кудук+, Лебанондон чыккан суу агымдары+. 16  Ойгон, оо, түндүк шамалы, кел, оо, түштүк шамалы+. Багыма+ үйлө. Анын жыпар жыты аңкысын». «Сүйгөн жигитим өз багына келип, тандамал мөмөлөрүнөн жесин».

Шилтемелер

Же: «Антилебанондун».