Сулаймандын ыры 5:1—16
5 «Мен багыма келдим+, карындашым+, колуктум+. Жыпар жыттуу чөптөр менен миррамды чогулттум+. Тартыла элек бал жедим+, сүт менен шарап ичтим».
«Жегиле, достор! Ичкиле, махабатка мас болгула!»+
2 «Мен уктап жатсам да, жүрөгүм сергек+. Сүйгөн жигитим эшикти чертип жатат!»+
«Эшикти ач+, карындашым, сүйгөн кызым, көгүчкөнүм, кынтыксызым!+ Анткени башымды шүүдүрүм каптады, түнкү тамчылардан тармал чачым суу болду»+.
3 «„Көйнөгүмдү чечип койгом, кайра киемби? Бутумду да жууп алгам, кайра булгаймбы?“
4 Сүйгөн жигитим эшиктин тешигинен колун тартып алды, ошондо ичим уйгу-туйгу боло түштү+.
5 Ашыгыма эшикти ачканы турдум. Колдорумдан мирра, манжаларымдан мирра майы кулпунун тешиктерине таамп жатты.
6 Сүйгөнүмө эшикти ачтым, бирок ал бурулуп, кетип калыптыр. Ал сүйлөгөндө, өзүмдү жоготуп койгон элем. Аны издедим, бирок таппадым+. Чакырдым, бирок жооп берген жок.
7 Алдыман шаарды аралап жүргөн күзөтчүлөр+ чыгып, мени уруп-сабап, жарадар кылышты. Дубал кайтарган күзөтчүлөр+ жамынчымды сыйрып алышты.
8 Оо, Иерусалим кыздары+, сүйгөн жигитимди көрсөңөр+, ашыктыктан азап чегип жүргөнүмдү айтабыз деп+ ант бергиле»+.
9 «Аялзатынын эң сулуусу+, сенин сүйгөнүң башкалардан эмнеси менен артык?+ Бизге ушинтип ант бердиргидей, сүйгөнүң башкалардан эмнеси менен артык?»+
10 «Бетине кызыл жүгүргөн ак жуумал менин сүйгөнүм, ал — он миң эркектин арасынан эң көрүнүктүүсү+.
11 Башы — алтын, таза алтын. Тармал чачтары — курманын шиңгили, кузгундай капкара.
12 Көздөрү суу боюндагы көгүчкөндөрдөй, сүткө киринип, жээкте отурган көгүчкөндөрдөй.
13 Саамайы жыты аңкыган гүлзардай+, жыпар жыттуу чөптөрдүн үймөгүндөй. Эриндери — мирра+ майы тамчылаган лилия гүлдөрү.
14 Манжалары — хризолит менен кооздолгон алтын. Ичи — пилдин сөөгүнөн жасалып, сапфир каптатылган идиш.
15 Буттары — алтын пайдубалдарга орнотулган мрамор мамылары. Келбети Лебанондой, бал карагайдай+ сымбаттуу.
16 Таңдайы балдай таттуу. Бүт мүчөсү келишкен+. Оо, Иерусалим кыздары, менин сүйгөн жигитим, жан шеригим мына ушундай!»