Сулаймандын ыры 7:1—13

7  «Сандал кийген буттарың кандай сонун+, жароокер кыз!+ Келишкен мүчөң устанын колунан чыккан кооз жасалгадай+.  Киндигиң — тегерек чөйчөк; андагы аралашма шарап+ түгөнбөсүн. Ичиң — лилия гүлдөрү+ менен курчалган буудай үймөгү.  Төштөрүң жейрендин эгиздериндей+.  Мойнуң+ пилдин сөөгүнөн жасалган мунарадай. Көздөрүң+ Бат-Рабим дарбазасынын жанындагы Хешпон+ көлмөлөрүндөй. Мурдуң Дамаскты караган Лебанон мунарасындай.  Башың Кармелдей+, чачың кызгылт-көк+ жүндөй; куюлуп түшкөн чачтарың+ падышаны суктантат+.  Оо, сүйгөнүм, кандай гана сулуусуң, сүйкүмдүүсүң, көксөткөн ырахатым бир өзүңсүң!+  Боюң курма дарагындай+, төшүң+ анын шиңгилдериндей.  Мен өзүмө: „Курма дарагына чыгайын, шиңгилдерин кармайын“,— дедим+. Суранам сенден, төшүң жүзүм шиңгилдериндей, демиң алма жытындай,  таңдайың тамшанткан шараптай болсун...»+ «Ал шарап сүйгөн жигитиме жай агып барат+, уктап жаткандардын эриндеринен сызылып агат. 10  Мен сүйгөн жигитиме таандыкмын+, анын эңсегени — мен+. 11  Келчи, ашыгым, талаага баралы+, кына+ бадалдарынын арасында эс алалы. 12  Эрте туруп, жүзүмзарларга баралы. Жүзүм бүчүр алып+, гүлдөр ачылып+, анар гүлдөдү бекен, көрөлү+. Ошол жерден назик сезимдеримди сага арнайм+. 13  Мандрагоранын*+ жыты аңкыйт, эшигибиздин алдында тандамал мөмөлөр арбын+. Жаңыларын да, эскилерин да сага сактап койдум, сүйгөн жигитим.

Шилтемелер

Ит жүзүмдөр тукумундагы мөмө берүүчү өсүмдүк.