Сулаймандын ыры 8:1—14
8 Сен энемдин+ эмчегин эмген бир тууганымдай+ болсоң кана! Анда сени көчөдөн жолуктурганда өпкүлөмөкмүн+. Эл да мени жаман көрмөк эмес.
2 Сени өзүмдү окутуп-үйрөткөн энемдин үйүнө алып бармакмын+. Татымал кошулган шарап+, анардын жаңы ширесин ичирмекмин...
3 Ал башымдын астына сол колун коймок, оң колу менен мени кучактамак+.
4 Оо, Иерусалим кыздары, өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп, аны тутандырбайбыз деп ант бергиле»+.
5 «Сүйгөнүнө жөлөнүп+, чөл тараптан+ келаткан тиги аял ким?»+
«Мен сени алма бактын алдынан ойготтум. Энекеңдин толгоосу келип, сени ошол жерден төрөгөн, ошол жерден толгоо тартып кыйналган+.
6 Мени жүрөгүңө, колуңа мөөр кылып бас+. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү+, көрдөй* чегингис, ал толук берилгендикти талап кылат+. Анын алоолонгону оттун алоолонгонундай, ал — Жахтын+ жалыны.
7 Сүйүүнү чоң суулар өчүрө албайт+, дарыялар агызып кете албайт+. Адам сүйүүнүн ордуна үйүндөгү мүлкүнүн баарын берсе да, алар четке кагылмак».
8 «Биздин кичинекей, төшү чыга элек карындашыбыз бар+. Ага жуучу түшкөндө, эмне кылабыз?»
9 «Ал дубал болсо+, үстүнө күмүш тиштүү курчоо орнотобуз. Эшик болсо+, аны бал карагай тактайлары менен тосмолойбуз».
10 «Мен дубалмын, төшүм болсо мунарадай+. Ошондуктан анын көз алдында тынчтык таптым.
11 Сулайман Баал-Амондогу жүзүмзарын+ жүзүмчүлөргө+ берген. Алардын ар бири алган түшүмү үчүн миң күмүш тыйындан төлөмөк.
12 Ал эми менин жүзүмзарым өзүмө таандык, өз кол алдымда. Миңи сага болсо, Сулайман, эки жүзү жүзүмчүлөргө таандык».
13 «Оо, бак арасында жашаган селки+, курбулар үнүңдү угуп жатышат. Үнүңдү мага да угузчу»+.
14 «Чурка, сүйгөн жигитим, жыпар жыттуу чөптөр өскөн тоолордогу жейрендей, жаш бугудай бол!»+
Шилтемелер
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.