Чыгуу 37:1—29

37  Безелел+ акация жыгачынан узундугу эки жарым, туурасы бир жарым, бийиктиги да бир жарым чыканак болгон+ сандык жасады+.  Анын ичи-тышын таза алтын менен каптап, жогору жагын тегерете алтын менен кооздоп жээктеп койду+.  Ал сандык үчүн алтындан төрт шакек куюп, аларды анын төрт бутунун жогору жагына — эки шакекти сандыктын бир капталына, эки шакекти экинчи капталына — бекитти+.  Анан акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады+.  Сандыкты көтөрүп жүрүш үчүн, шыргыйларды анын эки капталындагы шакектерге киргизип койду+.  Сандык үчүн ал таза алтындан узундугу эки жарым, туурасы бир жарым чыканак болгон+ капкак жасады+.  Андан кийин алтындан эки керуп жасады, аларды чегип жасап, капкактын+ эки четине:  бирин бир четине, экинчисин экинчи четине орнотту. Аларды капкактын эки четине орнотту+.  Керуптардын канаттары жогору көтөрүлүп, капкакты жаап турду+. Алар маңдай-тескей орнотулуп, жүздөрү капкакты карап турду+. 10  Анан акация жыгачынан узундугу эки, туурасы бир, бийиктиги бир жарым чыканак болгон+ үстөл жасады+. 11  Аны таза алтын менен каптап, тегерете алтын менен кооздоп жээктеп койду+. 12  Капталдарына алакандын эниндей болгон жээк жасап, аны тегерете алтын менен кооздоп койду+. 13  Үстөл үчүн төрт шакек куюп, аларды төрт бурчуна, төрт бутунун жогору жагына бекитти+. 14  Шакектерди үстөлдү айландыра жасалган жээкке жакын бекитти: аларга үстөлдү көтөрүп жүрүш үчүн шыргыйлар киргизилмек+. 15  Үстөлдү көтөрүп жүрүш үчүн акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады+. 16  Андан кийин таза алтындан үстөлгө коюлчу нерселерди: идиштерди, чөйчөктөрдү, суюк тартууларды куя турган кумуралар менен табактарды жасады+. 17  Анан таза алтындан чыракпая жасады+, аны чегип жасады. Анын сөңгөгүнөн бутактарды, чөйчөкчөлөрдү, бүчүрлөр менен гүлдөрдү чыгарды+. 18  Чыракпаянын сөңгөгүнөн алты бутак: үчөө бир жагынан, үчөө экинчи жагынан чыгып турду+. 19  Бир жагындагы бутактардын ар бирине бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө жана алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр жасалды. Экинчи жагындагы бутактардын ар бирине да бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө жана алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр жасалды. Чыракпаянын сөңгөгүнөн чыккан алты бутактын баары тең ушундай жасалды+. 20  Ал эми сөңгөгүнүн өзүнө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө жана алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр жасалды+. 21  Чыракпаянын сөңгөгүнөн чыккан биринчи эки бутактын алдына да, экинчи эки бутактын алдына да, үчүнчү эки бутактын алдына да бүчүр жасалды: алты бутактын тең алдына бүчүр жасалды+. 22  Бүчүрлөр менен бутактар чыракпаянын сөңгөгүнүн өзүнөн чыгарылып жасалды. Чыракпая бир бүтүн таза алтындан чегилип жасалды+. 23  Андан кийин ал таза алтындан жети чырак, биликтин күйүгүн алууга колдонулчу кычкачтарды, биликтин күйүгү салынчу идиштерди жасады+. 24  Ал чыракпая менен ага тиешелүү нерселердин баарын бир талант таза алтындан жасады. 25  Жыпарзат түтөтүш үчүн ал акация жыгачынан+ төрт бурчтуу жыпарзат түтөткүч жасады+. Анын узундугу бир, туурасы бир, бийиктиги эки чыканак болду, андан мүйүздөр чыгарылды+. 26  Жыпарзат түтөткүчтү: үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, өзүн тегерете алтын менен кооздоп жээктеп койду+. 27  Бири-бирине карама-каршы турган эки капталына, тегерете жасалган жээгинин астына экиден алтын шакек жасады. Аларга жыпарзат түтөткүчтү көтөрүп жүрүш үчүн шыргыйлар киргизилмек+. 28  Андан кийин акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады+. 29  Булардан сырткары, ал майлоо үчүн колдонула турган ыйык май+ менен таза жыпарзат+ жасады. Бул — жыттуу майларды жасоочунун жумушу.

Шилтемелер