Чыгуу 5:1—23
5 Андан кийин Муса менен Арун фараонго барып+: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба: „Менин элимди коё бер. Алар чөлдө мага арнап майрам өткөрүшсүн“+,— деп айтып жатат»,— дешти.
2 Бирок фараон: «Мен анын айтканын угуп, Ысрайылды коё бергидей+, Жахаба ким экен?+ Мен Жахабаны билбейм+, Ысрайылды да коё бербейм»,— деди+.
3 Алар: «Бизге еврейлердин Кудайы көрүндү+. Чөлгө үч күнгө* барып, Жахаба Кудайыбызга курмандык чалып келүүгө уруксат эт+. Болбосо ал бизди катуу оорулар же кылыч менен жазалайт»,— дешти+.
4 Бирок Мисирдин падышасы аларга: «Муса, Арун, эмнеге элди жумуштан алаксытып жатасыңар?+ Баргыла, иштегиле!» — деди+.
5 Анан дагы: «Бул жерде силердин элиңер көп+. Эмне, алардын баары жумушун таштап+, силер менен барсын деп турасыңарбы?» — деди.
6 Ошол күнү фараон ысрайыл элин жумушка салгандар менен ал элдин арасынан тандалып алынган башчыларга+ мындай деди:
7 «Мындан ары бул элге кыш куюу үчүн саман чогултуп бербегиле+. Алар саманды өзүлөрү барып чогултушсун.
8 Ошол эле учурда мурун канча кыш куюшса, ошончону куюну талап кылгыла, санын азайтпагыла. Булар жалкоо+, ошон үчүн: „Барып, Кудайыбызга курмандык чалгыбыз келет!“ — деп кыйкырып жатышат да+.
9 Буларга көбүрөөк жумуш бергиле, көп куру сөздөргө алаксыбай+, иштешсин».
10 Ошондо ысрайыл элин жумушка салгандар+ менен ал элдин арасынан тандалып алынган башчылар элге барып: «Фараон: „Силерге мындан ары саман бербейм.
11 Баргыла да, каалаган жериңерден саман таап алгыла. Бирок жумушуңар азайбайт“+,— деп айтты»,— дешти.
12 Ошентип, эл самандын ордуна колдонуш үчүн эгиндин кургак сабактарын издеп, бүт Мисир жерине чачырап кетти.
13 Ысрайыл элин жумушка салгандар болсо: «Иштегиле, саман бар убактагыдай эле, ар бириңер күн сайын өз жумушуңарды аткаргыла»+,— деп аларды кыйнап жатышты+.
14 Бир нече убактан кийин алар: «Эмне үчүн кечээ, бүгүн кышты+ мурун куюп жүргөнүңөрдөн аз куйдуңар?» — деп+, өздөрү дайындаган Ысрайыл уулдарынын башчыларын+ сабашты+.
15 Ошондо Ысрайыл уулдарынан тандалып алынган башчылар+ фараонго келип: «Эмнеге кулдарыңа мындай мамиле кылып жатасың?
16 Кулдарыңа саман бербей туруп: „Кыш куйгула!“ — деп талап кылып жатышат. Ал аз келгенсип, сенин элиң күнөөлүү болсо да, бизди сабап жатышат»,— деп арызданышты+.
17 Ал болсо: «Жалкоосуңар силер, жалкоосуңар!+ Ошондуктан: „Барып, Жахабага курмандык чалгыбыз келет“,— деп жатасыңар да+.
18 Баргыла, иштегиле! Силерге саман берилбейт, бирок мурун канча кыш куйсаңар, мындан ары да ошончо куясыңар»,— деп айтты+.
19 «Күн сайын канча кыш куюшуңар керек болсо, ошончо куясыңар»+,— деген сөздөрдү укканда Ысрайыл уулдарынан тандалып алынган башчылар баштарына мүшкүл түшкөнүн түшүнүштү+.
20 Фараондон чыкканда алар өздөрүн күтүп турган Муса менен Арунду+ көрүп,
21 аларга: «Жахаба эмне кылганыңарды көрүп, силерге өзү сот болсун+. Анткени силердин айыңардан фараон да, анын кулдары да бизди жек көрүп калышты+. Бизди өлтүрүшү үчүн, силер алардын колдоруна кылыч карматтыңар»,— дешти+.
22 Ошондо Муса Жахабага кайрылып+: «Жахаба, эмне үчүн бул элди азапка салдың?+ Мени эмнеге жибердиң?+
23 Мен фараонго келип, сенин атыңдан сүйлөй баштаганымдан тартып+, ал бул элди кыйнай баштады+. Сен болсо элиңди куткарган жоксуң»,— деди+.
Шилтемелер
^ Же: «үч күндүк жолго».