Эзра 1:1—11
1 Персия падышасы Корештин*+ башкаруусунун биринчи жылында, Жахабанын Жеремия аркылуу айткан сөздөрү+ аткарылышы үчүн, Жахаба Персия падышасы Корешке түрткү бергендиктен+, ал бүт падышалыгы боюнча оозеки жана кат жүзүндө+ мындай деп жарыялоону буйрук кылды+:
2 «Персия падышасы Кореш мындай дейт+: „Асман Кудайы Жахаба+ мага жер жүзүндөгү бүт падышалыктарды берип+, Жүйүт жериндеги Иерусалимге ага арнап үй курууну буйрук кылды+.
3 Араңардан ким ага кызмат кылган элден болсо, анын Кудайы аны менен болсун+. Ал киши Жүйүт жериндеги Иерусалимге барып, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын, чыныгы Кудайдын+, Иерусалимдеги үйүн кайра курсун+.
4 Келгин катары жашап жүргөн+ жерин калтырып, мекенине кайтып бара тургандарга ал жерде кала тургандар күмүш, алтын, мал-мүлк берип, ошондой эле чыныгы Кудайдын Иерусалимдеги үйүнө арнаган ыктыярдуу тартууларын+ берип, жардам көрсөтүшсүн“».
5 Ошондо Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары+, дин кызматчылар жана лебилер, чыныгы Кудай түрткү бергендердин+ баары Жахабанын Иерусалимдеги үйүн кайра курганы+ барыш үчүн даярдана башташты.
6 Кошуна-колоңдору аларга Кудайдын үйүнө арнаган ыктыярдуу тартууларынан+ сырткары алтын, мал-мүлк, күмүш буюмдарды жана кымбат баалуу белектерди берип жардам кылышты+.
7 Кореш падыша да бир кезде Небухаданасар Иерусалимдеги Жахабанын үйүнөн алып кетип+, өз кудайынын үйүнө коюп койгон+ буюмдарды алып чыкты+.
8 Персия падышасы Кореш аларды алып чыгууну казыначы Митредатка тапшырды. Ал аларды санап, Жүйүт башчысы+ Шешпасарга*+ берди.
9 Аларды эсептегенде, себет сыяктуу алтын идиштен 30, ошондой күмүш идиштен 1 000 жана башка идиштен 29,
10 кичине алтын идиштен+ 30, кичине күмүш идиштен 410 болду. Алардан башка буюмдардын саны 1 000 болду.
11 Алтын буюмдар менен күмүш буюмдардын жалпы саны 5 400 болду. Алардын баарын Шешпасар+ келгин катары жашап жүргөндөрдү Иерусалимге алып барыш үчүн Бабылдан алып чыкканда+ кошо ала чыкты.