Эзра 10:1—44

10  Эзра чыныгы Кудайдын үйүнүн алдында+ жүзтөмөндөп жыгылып+, тиленип+, өздөрүнүн күнөөлүү экенин моюнга алып+ ыйлап жатканда, жанына көптөгөн ысрайылдыктар: эркектер, аялдар, балдар чогулду. Эл катуу ыйлап жатты.  Ошондо Эйламдын уулдарынан+ болгон Жехиелдин+ уулу Шехания Эзрага: «Бул жердеги элдердин кыздарынан аял алып+, Кудайыбызга ишенимсиздик көрсөттүк. Бирок Ысрайыл үмүтсүз абалда эмес+.  Келгиле, Кудайыбыз менен келишим түзүп+, бардыгы мыйзамга ылайык болушу үчүн+, Жахаба Кудайыбыз жана анын осуяттарынан+ корккондор+ буйрук кылгандай, аялдарыбыз менен алар төрөп берген балдарыбызды кетирели+.  Ордуңан тур, анткени бул ишти сен колго алышың керек. Биз сени менен болобуз. Кайраттанып, ишке кириш»,— деди.  Ошондо Эзра туруп, дин кызматчылар менен лебилерди жана бүт Ысрайылдын башчыларын айтылгандарды аткарабыз деп ант берүүгө чакырды+. Алар ант беришти.  Андан соң Эзра чыныгы Кудайдын үйүнүн алдынан кетип, Элиашиптин уулу Жахонандын ашканасына+ барды, бирок ал жерден нан да жеген жок+, суу да ичкен жок, анткени туткундан кайтып келгендердин ишенимсиздик кылганына кайгырып турган эле+.  Андан кийин Жүйүт жериндеги жана Иерусалимдеги элге, туткундан кайтып келгендердин баарына+, Иерусалимге чогулууга буйрук берилди.  Эгер ким үч күндүн ичинде келбесе+, төрөлөр+ менен аксакалдардын чыгарган чечими боюнча, бардык мүлкүнөн ажырап+, туткундан кайтып келгендердин жыйналышынан чыгарылмак+.  Жүйүт менен Бенжемин уруусундагы эркектердин баары үч күндүн ичинде Иерусалимге чогулушту. Алар тогузунчу айдын+ жыйырманчы күнү чогулушту. Элдин баары чыныгы Кудайдын үйүнүн алдындагы аянтта иштин олуттуулугунан улам жана жамгыр+ жаап жаткандыктан, титиреп отурушту. 10  Акыры, дин кызматчы Эзра ордунан туруп, аларга: «Силер бөтөн элдердин кыздарынан аял алып+ ишенимсиздик көрсөтүп, Ысрайылдын күнөөсүн көбөйттүңөр+. 11  Ошондуктан ата-бабаларыңардын Кудайы Жахабанын алдында күнөөңөрдү моюнга алып+, ага жаккыдай иш кылгыла+, бул жерде жашаган элдерден бөлүнгүлө, алардан алган аялдарыңарды кетиргиле»,— деди+. 12  Ошондо чогулгандардын баары катуу үн менен мындай деп жооп берди: «Сен кандай десең, биз ошондой кылууга милдеттүүбүз+. 13  Бирок эл көп болгондуктан, анын үстүнө, азыр жаанчыл мезгил болгондуктан, сыртта туруу мүмкүн эмес болуп турат. Анан калса, бул иш бир күндүк же эки күндүк иш эмес, анткени биз аябай күнөөгө баттык. 14  Ошондуктан суранабыз, бүт жыйналыштын атынан төрөлөрүбүз+ иш жүргүзүшсүн. Бул иш аягына чейин чечилип, Кудайыбыздын кайнаган каары басылганга чейин, бөтөн жерликтерден аял алган эркектерибиз өздөрү жашаган шаардагы аксакалдар жана соттор менен бирге ар бири өзүнө белгиленген убакытта келсин». 15  (Бирок Асаелдин уулу Жонатан менен Тикпанын уулу Жахзея буга каршы чыгышты+. Мешулам жана Шабетай+ деген лебилер да аларды колдошту.) 16  Туткундан кайтып келгендер+ ошондой кылышты. Онунчу айдын+ биринчи күнү дин кызматчы Эзра жана өздөрүнүн тукумунун өкүлдөрү болгон, аты аталган тукум башчылары+ өзүнчө чогулуп, бул ишти карай башташты+. 17  Алар биринчи айдын биринчи күнү бөтөн жерликтерден аял алган бардык эркектердин+ ишин карап бүтүштү. 18  Бөтөн жерликтерден аял алгандардын арасында дин кызматчылардын уулдарынын+ айрымдары да бар экен. Жеосадактын+ уулу Жешуянын+ уулдары менен бир туугандарынын ичинен Маасея, Элиезер, Жарип жана Гедалия да бөтөн жерликтерден аял алган экен. 19  Алар аялдарын кетирүүнү жана айыбы үчүн+ курмандыкка малынын арасынан бир кочкор алып келүүнү+ убада кылып, кол беришти. 20  Алар: Имердин уулдарынан+ Ханани менен Зебадия, 21  Харимдин уулдарынан+ Маасея, Илияс, Шемая, Жехиел жана Узия, 22  Пашкурдун уулдарынан+ Элионай, Маасея, Ысмайыл, Нетанел, Жозабат жана Элеас, 23  лебилерден Жозабат, Шимей, Келая, башкача айтканда, Келита, Петахия, Жүйүт жана Элиезер, 24  ырчылардан Элиашип, дарбазачылардан Шалум, Телем жана Ури. 25  Калган ысрайылдыктар булар: Пароштун уулдарынан+ Рамия, Изия, Малкия, Миямин, Элазар, Малкия жана Беная; 26  Эйламдын уулдарынан+ Матания, Закарыя, Жехиел+, Абды, Жеремот жана Илияс; 27  Затунун уулдарынан+ Элионай, Элиашип, Матания, Жеремот, Забат жана Азиза; 28  Бебайдын уулдарынан+ Жахонан, Ханания, Забай, Атлай; 29  Банинин уулдарынан Мешулам, Малух, Адая, Жашуп, Шеал жана Жеремот; 30  Пахатмааптын уулдарынан+ Адна, Келал, Беная, Маасея, Матания, Безелел, Бинуй жана Менаше; 31  Харимдин уулдарынан+ Элиезер, Исшия, Малкия+, Шемая, Шимеон, 32  Бенжемин, Малух жана Шемария; 33  Хашумдун уулдарынан+ Матнай, Мататах, Забат, Элипелет, Жеремай, Менаше жана Шимей; 34  Банинин уулдарынан Мадай, Амрам, Уел, 35  Беная, Бедеа, Келуй, 36  Банея, Меремот, Элиашип, 37  Матания, Матнай жана Жасу; 38  Бинуйдун уулдарынан Шимей, 39  Шелемия, Натан, Адая, 40  Махнадебай, Шашай, Шарай, 41  Азарел, Шелемия, Шемария, 42  Шалум, Амария жана Жусуп; 43  Небонун уулдарынан Жиел, Матития, Забат, Зебина, Жадай, Жоел жана Беная. 44  Булардын баары бөтөн жерликтерден аял алып+, бирок кийин аялдарын уулдары менен кошо кетиришкен.

Шилтемелер