Эзра 3:1—13

3  Жетинчи айда+ Ысрайыл уулдары өздөрүнүн шаарларында жашап калышты. Ошол убакта бүт эл Иерусалимге бир кишидей+ чогула баштады+.  Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын мыйзамында жазылганга ылайык+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар чалынышы үчүн, Жеосадактын уулу Жешуя+ дин кызматчы бир туугандары менен, ошондой эле Шалтиелдин+ уулу Зоробабыл+ өзүнүн бир туугандары менен Ысрайылдын Кудайына арнап курмандык жайын кура башташты.  Айлана-тегеректеги элдерден коркушкандыктан+ алар курмандык жайын мурунку ордуна кайра куруп+, Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, эртең менен жана кечинде чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, чала башташты+.  Андан кийин, мыйзамда жазылганга ылайык+, алачык майрамын өткөрүштү+. Майрам убагында алар, күнүгө канча бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынышы керек болсо, күн сайын ошончодон чалышты+.  Ошондон тартып алар дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды+ жана ай жаңырганда+, Жахабага арналган ыйык майрамдарда+ чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, ошондой эле Жахабага арнап ыктыярдуу тартуу+ алып келгендер үчүн чалынчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чала башташты.  Ошентип, алар жетинчи айдын биринчи күнүнөн+ баштап Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чала башташты. Ал убакта Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузула элек болчу.  Алар таш кескендер+ менен усталарга+ акча берип турушту+. Ал эми сидондуктар+ менен тирликтерге+, алар Персия падышасы Корештин+ уруксаты менен Лебанондон+ деңиз аркылуу Жапага+ бал карагай жөнөтүп турушу үчүн, тамак-аш+, суусундук, май+ берип турушту.  Иерусалимдеги чыныгы Кудайдын үйүнө кайтып келишкенден кийин экинчи жылдын экинчи айында+ Шалтиелдин+ уулу Зоробабыл+, Жеосадактын уулу Жешуя+ жана алардын бир туугандары, дин кызматчылар менен лебилер+, ошондой эле туткундан чыгып, Иерусалимге кайтып келгендердин+ баары ишке киришти. Алар Жахабанын үйүнө байланышкан иштерди көзөмөлдөп турууга жыйырма жаштан жогорку лебилерди дайындашты+.  Ошондуктан Жүйүттүн* уулдары — Жешуя+ жана анын уулдары менен бир туугандары, Кадмиел жана анын уулдары — ошондой эле Хенадаттын+ уулдары жана алардын уулдары менен бир туугандары, лебилер, баары чогуу чыныгы Кудайдын үйүндө иштегендерди көзөмөлдөп турушту. 10  Куруучулар Жахабанын ибадатканасынын пайдубалын тургузуп бүткөндө+, Ысрайылдын падышасы Дөөтү көрсөтмө берип кеткендей+, дин кызматчылар кийимдерин кийип+, сурнайларын алып+, ал эми Асаптын+ уулдарынан болгон лебилер жез табактарын* алып+, Жахабаны даңкташ үчүн турушту. 11  Анан кезектешип: «...анткени ал жакшы+, ал Ысрайылга мээримдүүлүгүн түбөлүктөн түбөлүккө көрсөтөт»+,— деп Жахабаны даңктап ырдап+, ага ыраазычылык билдиришти. Эл болсо Жахабанын үйүнүн пайдубалы тургузулганы үчүн Жахабаны бийик үн менен даңктап жатты+. 12  Ошондо ал үйдүн пайдубалынын тургузулуп жатканын көрүп+, мурунку үйдү көргөн карылардын көптөрү+: дин кызматчылар+, лебилер, тукум башчылары+ катуу ыйлашты+, ал эми башкалары кубанганынан жер жаңырта кыйкырып жатышты+. 13  Эл кубангандар+ менен ыйлагандардын үнүн ажырата албай калды. Алар ушунчалык катуу кыйкырышкандыктан, үндөрү алыска угулуп жатты.

Шилтемелер

Эз 2:40та «Одабия», Нек 7:43тө «Одеба».
Музыкалык аспап.