Эзра 4:1—24
4 Жүйүт менен Бенжеминдин душмандары+ туткундан кайтып келгендердин+ Ысрайылдын Кудайы Жахабага арнап ибадаткана куруп жатканын угушканда
2 Зоробабылга+ жана тукум башчыларына+ келип: «Биз да силер менен кошо куралы+, анткени Ашур падышасы Эсархадон+ бизди бул жакка көчүрүп келгенден бери+, биз да силерге окшоп силердин Кудайыңарга кайрылып+, ага курмандык чалып келатабыз»,— дешти.
3 Бирок Зоробабыл, Жешуя+ жана Ысрайылдын тукум башчылары+: «Силер биз менен бирге Кудайыбыздын үйүн курбайсыңар+. Персия падышасы Кореш+ буйрук кылгандай, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын үйүн өзүбүз курабыз»,— дешти.
4 Ошондо тегеректе жашаган элдер куруу ишин токтотуш үчүн жүйүт элинин ындынын өчүрүп+, кайратын качыра башташты+.
5 Жүйүттөрдүн ойлогон ою ишке ашпашы үчүн, душмандар Персия падышасы Корештин күндөрүнөн тартып Персия падышасы Дарийдин+ күндөрүнө чейин кеңешчилерди пара берип сатып алып жатышты+.
6 Акашбероштун башкаруусунун башталышында алар Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарын айыптап+ кат жазышты.
7 Ошондой эле Артакшаштанын күндөрүндө Бишлам, Митредат, Табел жана анын жолдоштору Персия падышасы Артакшаштага кат жазышты. Ал кат арамей тилине которулуп+, арамей тамгалары менен жазылган эле.
8 * Башкаруучу Рехум менен катчы Шимшай Иерусалимге каршы Артакшашта падышага мындай деп кат жазышты:
9 «Башкаруучу Рехум+ менен катчы Шимшайдан жана алардын башка жолдошторунан, соттор менен дарыянын*+ аркы өйүзүндөгү башчылардан, катчылардан+, Эрехтин тургундарынан+, бабылдыктардан+, Сузанын тургундарынан+, башкача айтканда, эйламдыктардан+ жана
10 улуу урматтуу Аснапар+ туткундап, Самариянын шаарларына+ көчүрүп жиберген башка элдерден+, дарыянын аркы өйүзүндө жашагандардын баарынан...»
11 Алар жиберген катта мындай деп жазылган эле:
«Артакшашта падышага+ дарыянын аркы өйүзүндө жашаган кызматчыларынан:
12 Сиз жашаган жактан келген жүйүттөрдүн Иерусалимге жеткени сизге маалым болсун, падыша. Алар бул козголоңчул, бузулган шаарды кайрадан куруп, дубалдарын тургузуп+, пайдубалын оңдоп жатышат.
13 Сизге маалым болсун, падыша, эгер бул шаар кайра курулуп, дубалдары тургузула турган болсо, анда алар салык да+, алым да+, бажы акысын да төлөбөй коюшат, ошондо падышанын казынасы+ зыянга учурайт.
14 Падыша сарайынын тузун жеп жаткан соң биз падышанын зыян тартып жатканын карап тура албайбыз, ошондуктан падышага кат жөнөтүп, бул тууралуу билдирип жатабыз.
15 Ата-бабаларыңыздын китебинде жазылгандарды+ кылдат карап чыксаңыз, бул шаардын падышалар менен дубандарга зыян келтирген козголоңчул шаар экенин, мында козголоң чыгаргандардын мурдатан эле болуп келгенин билесиз. Бул шаардын ээн калганы да ошондон болчу+.
16 Эгер бул шаар калыбына келтирилип, дубалдары кайра тургузулса, анда падыша дарыянын аркы өйүзүндөгү аймактарынан кол жууп калат+. Биз падышага ушуну билдирип коёлу дедик».
17 Ошондо падыша башкаруучу Рехум+ менен катчы Шимшайга жана алардын Самарияда жашаган жолдошторуна+, ошондой эле дарыянын аркы өйүзүндө жашагандарга мындай деп жазып жиберди:
«Силерге тынчтык болсун!+
18 Бизге жиберген катыңарды мага так-даана окуп беришти.
19 Анан менин буйругум менен изилдөө жүргүзүлүп+, бул шаардын падышаларга мурунтан эле каршы чыгып келатканы, анда дайыма козголоң, көтөрүлүштөр болуп турганы аныкталды+.
20 Ошондой эле Иерусалимде дарыянын+ аркы өйүзүндөгү жерлердин баарын башкарган күчтүү падышалар+ болгону жана аларга салык, алым, бажы акысы төлөнүп турганы айкын болду+.
21 Ошондуктан аларга буйрук бергиле, алар куруу иштерин токтотуп, мен буйрук кылмайынча, ал шаарды курушпасын.
22 Падышалар андан да көп жоготууларга учурабашы үчүн, бул ишти жакшылап көзөмөлгө алгыла»+.
23 Артакшашта падышанын жөнөткөн каты Рехумдун+, катчы Шимшайдын+ жана алардын жолдошторунун+ алдында окулгандан кийин, алар дароо Иерусалимдеги жүйүттөргө барышты да, күч колдонуп куруу ишин токтотуп коюшту+.
24 Ошентип, чыныгы Кудайдын Иерусалимдеги үйүн куруу иши токтоп калды. Ал Персия падышасы Дарийдин+ башкаруусунун экинчи жылына чейин улантылган жок.
Шилтемелер
^ Эзра китебинин ушул аяттан 6:18-аятка чейинки бөлүгү арамей тилинде жазылган.
^ Евфрат.