Эзра 5:1—17
5 Акай+ пайгамбар менен Идонун+ небереси Закарыя+ пайгамбар Жүйүт жериндеги жана Иерусалимдеги жүйүттөргө алар менен болгон Кудайдын, Ысрайылдын Кудайынын, атынан+ пайгамбарлык кылышты.
2 Ошондо Шалтиелдин+ уулу Зоробабыл+ менен Жеосадактын уулу Жешуя+ Кудайдын Иерусалимдеги үйүн кайрадан кура башташты. Кудайдын пайгамбарлары аларга күч-кубат берип турушту+.
3 Ошол убакта дарыянын+ берки өйүзүндөгү башкаруучу Татнай+ менен Шетар-Бознай жолдоштору менен келип, алардан: «Бул үйдү курууга жана бул курулушту бүтүрүүгө силерге ким буйрук берди?» — деп сурашты+.
4 Анан: «Бул имаратты куруп жаткан кишилердин аттарын айткыла»,— дешти.
5 Бирок Кудай жүйүт аксакалдарына жардам бергендиктен+, Дарийге кат жөнөтүлүп, андан кайра жооп келгенге чейин, алар жүйүттөрдүн куруу ишин токтотушкан жок.
6 Дарыянын+ берки өйүзүндөгү башкаруучу Татнай+, Шетар-Бознай+ жана анын жолдоштору+, дарыянын берки өйүзүндөгү башчылар, Дарийге төмөндөгүдөй мазмундагы кат жөнөтүштү+.
7 Алар ага мындай деп жазышты:
«Дарий падышага.
Тынчтыгыңыз мол болсун!+
8 Падышага биздин Жүйүт дубанына+, улуу Кудайдын+ үйүнө барганыбыз маалым болсун. Ал үйдү чоң-чоң таштардан куруп, дубалдарына устун коюп жатышат. Эл баш көтөрбөй иштегендиктен, алардын иши ийгиликтүү жүрүп жатат.
9 Биз алардын аксакалдары менен сүйлөшүп: „Бул үйдү курганга, бул курулушту бүтүргөнгө силерге ким буйрук берди?“ — деп сурадык+.
10 Ошондой эле башчыларынын аттарын сизге жазып жибериш үчүн алардан аттарын сурадык+.
11 Алар болсо бизге мындай деп жооп беришти: „Биз асман менен жердин Кудайынын+ кызматчыларыбыз. Биз мындан көп жыл мурда Ысрайылдын улуу падышасы курган үйдү кайрадан тургузуп жатабыз+.
12 Себеби ата-бабаларыбыз асман Кудайын каарданткандыктан+, ал аларды Бабыл падышасы каздимдик+ Небухаданасардын+ колуна салып берген+. Ал болсо бул үйдү талкалап+, элди Бабылга туткундап кеткен+.
13 Бирок Бабыл падышасы Кореш өзүнүн башкаруусунун биринчи жылында+ Кудайдын үйүн кайрадан курууга буйрук берген+.
14 Ошондой эле Кореш падыша+ Небухаданасар Иерусалимдеги ибадатканадан, Кудайдын үйүнөн, алып кетип, Бабылдагы ибадатканага коюп койгон+ алтын идиштер менен күмүш идиштерди+ Бабылдагы ибадатканадан алып чыгып, өзү башкаруучу+ кылып дайындаган Шешпасар+ аттуу кишиге берген.
15 Ал ага: “Бул идиштерди+ Иерусалимдеги ибадатканага алып бар. Кудайдын үйүн мурунку ордуна кайра курушсун”,— деген+.
16 Шешпасар Иерусалимге келип, Кудайдын үйүнүн пайдубалын тургузган+. Бул үй ошол убактан бери курулуп жатат“+.
17 Ошондуктан падыша туура көрсө, падышанын Бабылдагы казынасынан издеп көрүп+, Корештин Иерусалимдеги Кудайдын үйүн курганга буйрук берген-бербегенин аныкташсын+. Анан падышанын бул иш боюнча чыгарган чечимин бизге билдиришсин».