Эзра 6:1—22
6 Ошондо Дарий падышанын буйругу менен Бабылдагы казынада сакталган кол жазмаларды+ кылдат карап чыгып,
2 Мадай дубанындагы+ Экбатана деген чептүү шаардан бир түрмөк табышты. Анда төмөнкүдөй сөздөр жазылган экен:
3 «Кореш падыша өзүнүн башкаруусунун биринчи жылында+ Кудайдын Иерусалимдеги үйүнө байланыштуу мындай буйрук берди: „Курмандыктарды чалыш үчүн+ жүйүттөр үйдү кайра куруп, пайдубалын бекемдешсин. Анын бийиктиги да, туурасы да 60 чыканак* болсун+.
4 Чоң-чоң таштардан үч катар+, устундардан+ бир катар коюлсун. Ага кеткен чыгымдын баары падышанын казынасынын эсебинен төлөнсүн+.
5 Небухаданасар+ Иерусалимдеги Кудайдын ибадатканасынан Бабылга алып кеткен алтын-күмүш идиштерди+ болсо кайра ордуна, Кудайдын үйүнө, алып барышсын“+.
6 Андыктан дарыянын+ аркы өйүзүндөгү башкаруучу Татнай+, Шетар-Базнай+ жана алардын жолдоштору, дарыянын аркы өйүзүндөгү башчылар+, ал жакка жолобогула+.
7 Аларга Кудайдын үйүн курганга тоскоолдук кылбагыла+. Жүйүт башкаруучулары менен аксакалдары Кудайдын үйүн мурунку ордуна кура беришсин.
8 Жүйүт аксакалдары Кудайдын үйүн курушу үчүн, силерге мындай буйрук берем+: алардын чыгымдары дайыма+, кечиктирилбей падышанын казынасынын+, тактап айтканда, дарыянын аркы өйүзүнөн чогултулган салыктардын эсебинен төлөнүп турсун+.
9 Ошондой эле асман Кудайына арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалууга эмне керек болсо, Иерусалимдеги дин кызматчылар эмне сураса, ошонун баарын: букачар болобу+, кочкор+ же козу болобу+, буудай+, туз+, шарап+ же май болобу+, күн сайын берип тургула.
10 Алар дайыма+ асман Кудайына жаккан курмандыктарды чалып+, падыша менен анын уулдарына узак өмүр сурап тиленишсин+.
11 Булардан тышкары, дагы мындай буйрук берем: эгер кимдир бирөө бул буйрукту буза турган болсо+, анда анын үйүнөн устун+ сууруп, аны ошол устунга кадап салышсын+, үйүн болсо эл колдонгон дааратканага айландырып салышсын+.
12 Эгер кайсы бир падыша же эл менин буйругумду бузуп, Иерусалимдеги Кудайдын үйүн талкалагысы келсе, ал үйдү өзүнүн ысмы үчүн тандап алган+ Кудай аны жок кылсын+. Мен, Дарий, ушундай буйрук берем. Муну тезинен аткаргыла».
13 Дарыянын+ аркы өйүзүндөгү башкаруучу Татнай, Шетар-Базнай+ жана алардын жолдоштору, Дарий падыша эмнени буйрук кылса, ошонун баарын дароо аткарышты.
14 Акай пайгамбар+ менен Идонун+ небереси Закарыянын+ пайгамбарлыгы түрткү берген жүйүт аксакалдары+ болсо куруу ишин ийгиликтүү уланта беришти+. Ысрайылдын Кудайы буйрук кылгандай+, ошондой эле Кореш+, Дарий+ жана Персия падышасы Артакшашта буйрук кылгандай+, алар куруу ишин аягына чыгарышты.
15 Ал үй адар айынын+ үчүнчү күнү, Дарий падышанын башкаруусунун алтынчы жылында курулуп бүттү.
16 Ысрайыл уулдары, дин кызматчылар, лебилер+ жана туткундан кайтып келгендердин+ баары Кудайдын үйүнүн ачылыш аземин кубаныч менен өткөрүштү+.
17 Кудайдын үйүнүн ачылыш аземинде курмандыкка 100 бука, 200 кочкор, 400 козу чалышты. Ошондой эле уруулардын санына жараша бүт Ысрайылдын күнөөсү үчүн курмандыкка 12 теке чалышты+.
18 Анан, Мусанын китебинде жазылгандай, дин кызматчылар менен лебилерди тобу боюнча+ Иерусалимдеги Кудайдын үйүндө кызмат кылууга дайындашты+.
19 Туткундан кайтып келгендер биринчи айдын он төртүнчү күнү+ пасах майрамын белгилешти+.
20 Дин кызматчылар менен лебилер бири калбай тазалангандыктан+, баары таза болчу. Ошондуктан алар туткундан кайтып келгендердин баары үчүн, ошондой эле дин кызматчы бир туугандары менен өздөрү үчүн пасах козусун союшту+.
21 Ал курмандыктан туткундан кайтып келген Ысрайыл уулдары жана Ысрайылдын Кудайы Жахабага кайрылыш үчүн+ ал жердеги элдердин ыпылас нерселеринен тазалангандардын+ баары жеди+.
22 Андан кийин алар жети күн кубанып-шаттанып калама майрамын өткөрүштү+, анткени Ашур падышасы аларга чыныгы Кудайдын, Ысрайылдын Кудайынын, үйүн куруу ишинде колдоо көрсөтүшү үчүн, Жахаба анын жүрөгүн жумшартып+, аларга кубаныч тартуулады.
Шилтемелер
^ 1 чыканак = 44,5 см.