Эзра 9:1—15

9  Ал окуялардан көп өтпөй, мага төрөлөр+ келип: «Ысрайыл эли, дин кызматчылар менен лебилер бул жерде жашаган элдерден: канаандыктардан+, Хеттин тукумдарынан+, периздерден+, жебустуктардан+, Амондун тукумдарынан+, Мааптын тукумдарынан+, мисирликтерден+, аморлуктардан+ бөлүнө элек+, алардын жийиркеничтүү нерселеринен арыла элек+.  Анткени ыйык эл болуп туруп+ өздөрү да, уулдары да алардын кыздарына үйлөнүп+, ал элдер менен аралашып жатышат+. Болгондо да, төрөлөр менен башчылар биринчилерден болуп+ ушундай ишенимсиздик кылып жатышат»,— дешти.  Муну укканда мен кийимдеримди айрып+, башымдагы чачымды+, сакалымды жулуп, дал болуп отуруп калдым+.  Кечки нан курмандыгы чалына турган маалга+ чейин ушинтип отурдум. Ошол убакта Ысрайылдын Кудайынын туткундан кайтып келгендердин көрсөткөн ишенимсиздиги жөнүндө айткан сөздөрүнөн корккондордун+ баары жаныма чогулушту.  Кечки нан курмандыгы+ чалына турган маал болгондо, кайгырып отурган ордуман турдум да, айрылган кийимчен тизелеп+, Жахаба Кудайыма колдорумду сунуп+,  мындай дедим+: «Оо, Кудайым! Уялганымдан башымды көтөрүүгө да батына албай жатам+, бетим чыдабай жатат+, Кудайым, анткени күнөөлөрүбүз башыбыздан ашып+, айыбыбыз асманга чейин жетти+.  Ата-бабаларыбыздын күндөрүнөн+ бери биз күнөөгө батып келатабыз+. Күнөөбүздүн айынан башка элдердин падышалары өзүбүздү да, падышаларыбызды да+, дин кызматчыларыбызды да+ колго түшүрүп, кылычтап өлтүрүштү+, туткундашты+, талап-тоношту+, бүгүнкү күндөгүдөй кылып бизди уятка калтырышты+.  Сен болсо, Жахаба Кудайыбыз, ушул убакта бизге бир азга болсо да ырайым кылып+, айрымдарыбызды аман алып калдың+. Көздөрүбүз жанып+, туткунда жүргөндө бир аз жанданып калышыбыз үчүн+, Кудайыбыз, сен өзүңдүн ыйык жериңе биз үчүн казык кактың.  Биз кулдарбыз+. Ошентсе да сен, Кудайыбыз, бизди туткунда калтырган жоксуң+, Персия падышаларынын көз алдында ырайым таптырып+, бизге мээримдүүлүк көрсөттүң. Кудайыбыздын урандыга айланган үйүн+ кайра курушубуз үчүн+, бизди жандандырып, Жүйүт жери менен Иерусалимде бизди таш дубал менен коргодуң+. 10  Оо, Кудайыбыз, ушунун баарынан кийин эми биз эмне дей алабыз? Биз сенин осуяттарыңды аткарбай койдук+. 11  Кызматчыларың, пайгамбарларың, аркылуу айткан осуяттарыңды аткарбай койдук. Сен алар аркылуу: „Силер ээлегени бараткан жер таза эмес, анткени ал жерде жашаган элдер таза эмес+. Алар өздөрүнүн ыпылас нерселери+ менен ал жерди жийиркеничтүү нерселерге+ толтуруп салышты+. 12  Алар менен кыз алышып, кыз беришпегиле+. Күчтүү болушуңар үчүн+, ал жердин эң жакшы түшүмүнөн жешиңер үчүн жана уулдарыңар ал жерди түбөлүккө мурасташы үчүн+, ал элдердин гүлдөп, тынчтыкта жашашына эч качан жол бербегиле“+,— деген осуят берген болчусуң. 13  Оо, Кудайыбыз, сен бизди аяп, күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жоксуң+, айрымдарыбызды аман алып калдың+. Жаман иштерди жасап, күнөөгө батканыбыз+ үчүн ушунун баарын көргөндөн кийин, 14  кайра эле осуяттарыңды бузуп, ушундай жийиркеничтүү иштерди жасаган элдер менен+ кыз алышып, кыз беришебизби?+ Анан сен кантип каарданбай коёсуң?+ Кантип бизди өлтүрбөй, тирүү калтырасың?!+ 15  Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, сен адилсиң+, ошондуктан биз ушул күнгө чейин жашап келатабыз. Айыптуу болгондуктан сенин алдыңда турууга татыксыз болсок да+, ушундай айыбыбыз менен сенин алдыңда турабыз»+.

Шилтемелер