Элчилер 10:1—48
10 Кесарияда Корнелий деген бир киши жашачу. Ал италиялык аскер тобунда+ жүз башы+ болчу.
2 Корнелий бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан корккон+ динчил киши эле+. Ал элге көп жакшылык кылып+, Кудайдан дайыма тиленчү+.
3 Бир күнү ал күндүзгү тогузунчу саат+ чамасында* аян алды+. Аянда Кудайдын периштеси даана көрүнүп+, ичкери кирди да: «Корнелий!» — деди.
4 Корнелий периштени карады да, коркуп кетип: «Угуп жатам, Мырзам»,— деди. Периште: «Сенин тиленүүлөрүң+ менен кайрымдуулук иштериң асманга жетти, Кудай аларды эстеди+.
5 Ошондуктан Жапага киши жиберип, Петир деген да аты бар Симонду чакырт.
6 Ал деңиздин жээгинде жашаган тери иштеткен Симондун үйүндө конок болуп жүрөт»,— деди+.
7 Корнелий, өзү менен сүйлөшкөн периште кетери менен, эки үй кызматчысын жана дайыма жанында жүргөн жардамчыларынын арасынан динчил жоокерин чакыртып+,
8 баарын айтып берди. Анан аларды Жапага жөнөттү+.
9 Эртеси күнү алар жол жүрүп, шаарга жакындап калышканда, алтынчы саат чамасында* Петир тилениш үчүн+ үйдүн үстүнө+ чыкты.
10 Ошондо ал аябай ачка болуп, тамак жегиси келди. Тамак жасалып жатканда, ал аян алып+,
11 ачылган асманды+ жана төрт бурчунан кармалган чоң зыгыр дасторконго окшогон нерсенин жерге түшүп келатканын көрдү.
12 Анда жердеги төрт аяктуу жаныбарлар менен сойлоп жүрүүчүлөрдүн, асмандагы канаттуулардын ар кандай түрү бар эле+.
13 Анан ага: «Петир, ордуңан тур да, буларды союп же!» — деген үн угулду+.
14 Бирок Петир: «Жок, Мырзам. Мен эч качан арам, таза эмес нерсе жеген эмесмин»,— деди+.
15 Ошондо ага экинчи жолу: «Кудай тазалаган нерсени мындан ары арам дебе»+,— деген үн угулду.
16 Үн үчүнчү жолу угулганда, дасторконго окшогон нерсе ошол замат асманга көтөрүлүп кетти+.
17 Петир көргөн аяны эмнени билдирерин түшүнө албай катуу ойлонуп жатканда, Корнелий жиберген кишилер Симондун үйүн сураштырып, дарбазанын жанына келишти+.
18 Алар кыйкырып, Петир деген да аты бар Симондун ал жерде бар-жогун сурашты.
19 Петир аян тууралуу ойлонуп жатканда, ыйык рух ага+: «Сени үч киши издеп жүрөт.
20 Ордуңан туруп, ылдый түш да, эч шектенбей алар менен жөнө, анткени аларды мен жибердим»,— деди+.
21 Петир алардын жанына түшүп келип: «Силер издеген киши менмин. Эмне иш менен келдиңер эле?» — деп сурады.
22 Алар: «Бизди Кудайдан корккон+ адил жүз башы, бүт жүйүт эли мактаган+ Корнелий, жиберди. Анткени Кудай ага ыйык периштени жиберип, сени үйүнө чакыртып, сөздөрүңдү угууга буйрук берди»,— дешти.
23 Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду.
Эртеси күнү туруп, алар менен жолго чыкты. Жападагы айрым бир туугандар да аны менен жөнөштү.
24 Кийинки күнү Кесарияга жетишти. Корнелий туугандары менен жакын досторун чогултуп, аларды күтүп жаткан эле.
25 Петир үйгө киргенде, Корнелий алдынан тосуп чыгып, бутуна жыгылып, таазим кылды.
26 Бирок Петир: «Тур, мен сага окшогон эле адаммын»+ — деп, аны тургузду.
27 Анан экөө сүйлөшүп ичкери киришти. Петир көп киши чогулганын көрүп,
28 аларга: «Силер жүйүттөрдүн башка улуттагыларга барганы же алар менен мамилелешкени мыйзамга каршы келерин жакшы билесиңер+. Бирок Кудай мага эч кимди таза эмес же арам деп эсептебешим керектигин көрсөттү+.
29 Ошондуктан мени чакыртышканда, каршы болгон жокмун. Эми эмнеге чакыртканыңарды угайын»,— деди.
30 Ошондо Корнелий мындай деп айтты: «Ушул сааттан баштап эсептегенде, мындан төрт күн мурун тогузунчу саатта* үйүмдө тиленип жаткам+. Бир убакта жаркыраган кийимчен бир киши пайда болуп+:
31 „Корнелий, Кудай тиленүүлөрүңдү угуп, кайрымдуулук иштериңди эстеди+.
32 Ошондуктан Жапага киши жиберип, Петир деген да аты бар Симонду+ чакырт. Ал деңиздин жээгиндеги тери иштеткен Симондун үйүндө конок болуп жүрөт“+,— деп айтты.
33 Мен ошол замат сага киши жибердим. Келгениң жакшы болду. Эми бардыгыбыз, Жахаба сага эмнени айт деп буйруса, ошонун баарын угуш үчүн анын алдында турабыз»+.
34 Ошондо Петир мындай деди: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм+.
35 Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм+.
36 Ал Ысрайыл уулдарына Иса Машаяк аркылуу тынчтык жөнүндө жакшы кабар жарыялаш үчүн+ — Исанын бардыгынын Мырзасы+ экенин кабарлаш үчүн — аларга өзүнүн сөзүн айтты+.
37 Жакан чөмүлтүлүү жөнүндө жар салгандан кийин, Галилеядан баштап бүт Жүйүт жеринде эмне жөнүндө айтылып келгенин билесиңер+.
38 Атап айтканда, назареттик Иса жөнүндө айтылып келгенин билесиңер. Кудай аны ыйык руху, күчү менен майлаган+. Иса бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып, Ибилистин айынан кыйналып жүргөндөрдүн баарын айыктырган+, анткени Кудай аны менен болгон+.
39 Биз анын жүйүттөрдүн өлкөсүндө, Иерусалимде кылган иштеринин баарына күбөбүз. Алар болсо аны устунга кадап өлтүрүп салышты+.
40 Бирок Кудай аны үчүнчү күнү тирилтип, башкаларга көрүнүшүнө жол берди+.
41 Иса элдин баарына эмес, бизге — ал тирилгенден кийин, аны менен чогуу тамактангандарга+ — көрүндү. Биз аны көрүп, ал жөнүндө айтууга Кудай тарабынан дайындалганбыз+.
42 Кудай бизге Исаны тирүүлөр менен өлгөндөргө сот кылып өзү дайындаганын+ элге жарыялоону жана кылдат күбөлөндүрүүнү буйруган+.
43 Бардык пайгамбарлар ал жөнүндө, ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрү анын ысмы аркылуу кечирилери+ жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен»+.
44 Петир ушуларды айтып жатканда, сөздү угуп тургандардын баарына ыйык рух түштү+.
45 Аны менен келген сүннөткө отургузулган шакирттер ыйык рухтун — Кудайдын белегинин — башка улуттагы адамдарга да берилгенине таң калышты+.
46 Анткени алардын ар кандай тилдерде сүйлөп, Кудайды даңктап жатканын угушту+. Ошондо Петир:
47 «Биз сыяктуу эле ыйык рух алган бул адамдардын сууга чөмүлтүлүшүнө ким тыюу сала алат?» — деди+.
48 Анан аларга Иса Машаяктын аты менен чөмүлтүлүүгө буйрук берди+. Алар Петирден дагы бир нече күн калышын өтүнүштү.