Элчилер 21:1—40
21 Алар менен араңдан зорго коштошкондон кийин кемеге түшүп, түз эле Коско бардык. Эртеси күнү Родоско, андан ары Патарага бардык.
2 Ал жерден Финикияга бара турган кемени таптык да, ага түшүп, сүзүп кеттик.
3 Кипр аралы көрүнө баштаганда, Сирияга+ бет алдык. Кипр+ болсо сол жагыбызда калды. Тир шаарында кемедеги жүктү+ түшүрүш керек болгондуктан, ошол жерге барып токтодук.
4 Биз шакирттерди издеп таап, ал шаарда жети күн болдук. Ыйык рух ачып бергендиктен+, алар Пабылга Иерусалимге барба деп кайра-кайра айтышты.
5 Кете турган убакыт болгондо, жолго чыктык. Алардын баары аялдары, бала-бакырасы менен бизди шаардын сыртына чейин узатып барышты. Анан деңиздин жээгинен тизелеп+, тилендик.
6 Коштошкондон кийин+, биз кемеге отурдук, алар болсо үйлөрүнө кетишти.
7 Тирден чыгып, Птоломайга бардык. Ал жактан бир туугандар менен көрүшүп, алардыкында бир күн болдук.
8 Эртеси күнү жолго чыгып, Кесарияга бардык да+, жакшы кабар таратуучу Филиптин үйүнө барып, аныкында калдык. Ал мурун тандалган жетөөнүн бири эле+.
9 Анын турмушка чыга элек, пайгамбарлык кылган төрт кызы бар болчу+.
10 Ал жерде бир топ күн болгонубузда, Жүйүт жеринен Агап+ деген бир пайгамбар келди.
11 Жаныбызга келип, ал Пабылдын курун алды да, өзүнүн буту-колун байлап: «Ыйык рух мындай дейт: „Иерусалимде жүйүттөр бул курдун ээсин ушинтип байлап+, башка улуттагы адамдардын колуна салып беришет“»,— деди+.
12 Муну укканда биз да, ошол жерлик бир туугандар да Пабылдан Иерусалимге барбай эле коюшун өтүнө баштадык+.
13 Ошондо ал: «Бул эмнеңер? Жүрөгүмдү оорутуп+, эмнеге ыйлап жатасыңар?+ Мен Мырзабыз Исанын ысмы үчүн Иерусалимде байланмак турсун, өлгөнгө да даярмын»,— деди+.
14 Аны көндүрө албай, акырында: «Жахаба каалагандай болсун»+,— деп тим болдук.
15 Анан жолго камынып, Иерусалимге жөнөдүк+.
16 Кесариялык+ айрым шакирттер бизди бара турган үйүбүзгө, алгачкы шакирттердин бири кипрлик Мнасондун үйүнө, жеткизиш үчүн биз менен кошо чыгышты.
17 Иерусалимге+ барганыбызда, бир туугандар кубаныч менен тосуп алышты+.
18 Эртеси күнү Пабыл менен бирге Жакыпка бардык+. Ал жерге аксакалдардын баары чогулду.
19 Алар менен учурашкандан кийин Пабыл өзүнүн кызматы аркылуу Кудайдын башка элдердин арасында эмнелерди кылганын+ төкпөй-чачпай айтып берди+.
20 Муну укканда бир туугандар Кудайды даңктай башташты. Анан Пабылга мындай дешти: «Бир тууган, өзүң көрүп тургандай, жүйүттөрдүн арасынан миңдегендер ишенип калды, алардын баары Мыйзамга ынтызарлык менен карманышат+.
21 Бирок алар сен жөнүндө ар кандай имиш сөздөрдү, тактап айтканда, башка элдердин арасында жашаган жүйүттөрдүн баарын балдарын сүннөткө отургузбаганга+ жана башка салттарды аткарбаганга үндөп, Мусанын мыйзамынан баш тартууга үйрөтүп жүрөт деген кептерди угушту+.
22 Эми эмне кылсак? Алар сенин келгениңди баары бир угушат.
23 Ошондуктан биздин айтканыбызды кыл: арабызда Кудайга ант берген төрт киши бар.
24 Аларды ээрчитип барып+, алар менен бирге тазалануу каадасын аткар. Чачтарын алдырганга+ кеткен чыгымын төлө+. Ошондо баары сен жөнүндөгү имиш сөздөрдүн жалган экенин жана өзүңдүн да Мыйзамга карманып, туура жолдо жүргөнүңдү билишет+.
25 Башка элдерден чыккан ишенимдештерибизге болсо чыгарган чечимибизди билдирип, арам өлгөн жаныбардын этин жегенден+, буркандарга багышталган нерселерди+, канды колдонуудан+ жана бузуктук кылуудан качуу керектигин+ жазып жибердик».
26 Пабыл эртеси күнү тиги кишилерди ээрчитип барып, алар менен бирге тазалануу каадасын аткарды+. Анан алар тазалануу күндөрү качан аяктаарын+, ар бири үчүн+ качан курмандык чалынарын+ билдириш үчүн ибадатканага киришти.
27 Жети күн+ аяктап калганда, азиялык жүйүттөр Пабылды ибадатканадан көрүп, элди дүрбөлөңгө салып+, аны кармап алышты да:
28 «Ысрайылдыктар, жардам бергиле! Бул киши бардык жерде элдин баарын Мыйзамга жана бул жайга каршы окутуп жүрөт+. Анысы аз келгенсип, ибадатканага гректерди алып кирип, бул ыйык жайды арамдады»+,— деп кыйкырышты.
29 Анткени буга чейин алар Пабылдын шаарда эфестик Трофим+ менен жүргөнүн көрүшкөндүктөн аны ибадатканага алып келди деп ойлоп алышкан эле.
30 Бүт шаар дүрбөлөңгө түшүп+, туш тараптан кишилер чуркап келишти да, Пабылды кармап, ибадатканадан сүйрөп чыгышты+. Ошол замат дарбазалар жабылды.
31 Алар аны өлтүргөнү жатышканда, аскер бөлүгүндөгү миң башыга бүт Иерусалимдин дүрбөлөңгө түшүп жатканын билдиришти+.
32 Ал ошол замат жоокерлер менен жүз башыларды алып, чогулгандарды көздөй чуркап барды+. Пабылды сабап жаткандар миң башы+ менен жоокерлерди көргөндө токтоп калышты.
33 Миң башы барып, Пабылды кармады да, аны эки чынжыр менен байлоого буйрук берди+. Анан анын ким экенин, эмне кылганын сураштыра баштады.
34 Бирок элдин арасынан бирөө бирди айтып, экинчиси башканы айтып кыйкырып жатышты+. Ызы-чуудан улам эч нерсе биле албай койгондуктан миң башы Пабылды жоокерлер үйүнө алып барууну буйруду+.
35 Пабыл тепкичке жеткенде, жоокерлер аны жаалданган элдин айынан көтөрүп чыгууга аргасыз болушту.
36 Анткени алардын артынан көп эл: «Өлтүр муну!» — деп кыйкырып баратты+.
37 Жоокерлер үйүнө кирерде Пабыл миң башыдан: «Бир нерсе айтсам болобу?» — деп сурады. Ал: «Сен грекче билесиңби?
38 Демек, сен бир нече күн мурун козголоң чыгарып+, канжар көтөргөн 4 000 кишини чөлгө алып барган мисирлик эмес турбайсыңбы»,— деди.
39 Пабыл: «Мен жүйүтмүн+, Киликиядагы белгилүү Тарс шаарынын тургунумун+. Суранам, элге кайрылууга уруксат бер»,— деди.
40 Уруксат алган соң Пабыл тепкичте турган жеринен элге колу менен белги берди+. Тыптынч болуп калышканда, аларга еврей тилинде+ мындай деп сүйлөй баштады: