Элчилер 22:1—30
22 «Агайын-туугандар+ жана аталар, өзүмдү коргош үчүн айта турган сөзүмө+ кулак салгыла».
2 Пабылдын еврей тилинде+ кайрылып жатканын укканда алар ого бетер тынчып калышты. Ошондо ал мындай деди:
3 «Мен жүйүтмүн+, Киликиянын+ Тарс деген шаарында төрөлгөм, бирок Иерусалимде Гамалеилдин+ өзүнөн билим алып, ата-бабаларыбыздын Мыйзамын так аткарууга үйрөтүлгөм+ жана силер сыяктуу эле Кудайга ынталуулук менен кызмат кылып келгем+.
4 Мен бул Жолдо* жүргөндөрдү куугунтуктап+, кээ бирлеринин өлүмүнө да себепкер болгом жана эркек-аял дебей баарын байлап, түрмөгө каматкам+.
5 Буга башкы дин кызматчы да, бүт аксакалдар кеңеши+ да күбө. Мен алардан суранып, Дамасктагы жүйүттөргө каттарды жаздырып алган соң+, жазага тартуу максатында ал жактагыларды байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн Дамаскка бараткам.
6 Жолдо баратып, түшкө маал Дамаскка жетейин деп калганымда, күтүлбөгөн жерден асмандан көз уялткан жарык түшүп, айланам жапжарык болуп калды+.
7 Мен жерге жыгылдым. Анан: „Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?“ — деген үндү уктум+.
8 „Мырзам, сен кимсиң?“ — деп сураганымда, ал: „Сен куугунтуктап жаткан назареттик Исамын“,— деп жооп берди+.
9 Жанымдагылар+ жарыкты көрүшкөнү менен, мени менен сүйлөшкөндүн сөздөрүн түшүнүшкөн жок+.
10 Ошондо мен: „Мырзам, эмне кылышым керек?“ — деп сурадым+. Ал: „Ордуңан туруп, Дамаскка бар. Ошол жерден сага эмне кылышың керектиги айтылат“,— деди+.
11 Көз уялткан жарыктан улам эч нерсе көрбөй калгандыктан, жанымдагылар мени Дамаскка жетелеп барышты+.
12 Ошол убакта Кудайдан корккон, Мыйзам боюнча жашаган жана ал жактагы жүйүттөрдүн баары мактаган+ Анания деген бир киши
13 жаныма келип: „Шабыл бир тууган, көзүң ачылсын!“+ — деди. Ошол замат көзүм көрүп, аны карадым.
14 Ал мага: „Ата-бабаларыбыздын Кудайы+ сени өзүнүн эркин таанып-билсин, Адил болгонду+ көрсүн+, анын үнүн уксун+ деп тандап алды+.
15 Анткени сен уккан-көргөндөрүңдү бардык адамдарга айтып, анын күбөсү болосуң+.
16 Ошондуктан создуктурбай ордуңан тур да, чөмүлтүл+. Анын ысмын чакырып+, күнөөлөрүңдөн тазалан“,— деди+.
17 Иерусалимге кайтып келип+, ибадатканада тиленип жатканымда аян алдым+.
18 Аянда Мырзам мага: „Бол тез, Иерусалимден батыраак чыгып кет, анткени бул жердегилер мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт“,— деди+.
19 Ошондо мен: „Мырзам, сага ишенгендерди түрмөгө каматып+, синагогаларда сабап жүргөнүмдү+ алар жакшы билишет.
20 Сенин күбөң Степандын каны төгүлгөндө+, мен да ошол жерде болуп, аны өлтүрүп жаткандарды колдоп+, алардын кийимдерин кайтарып тургам“,— деп айттым.
21 Бирок ал: „Баргын, мен сени алыстагы элдерге жиберем“,— деди»+.
22 Пабылды угуп турган эл анын ушул сөздөрүнөн кийин: «Өлтүргүлө бул кишини, мунун жашаганга укугу жок!» — деп кыйкыра баштады+.
23 Алар кыйкырып, сырт кийимдерин чечип ыргытып, асманга чаң сапыра баштагандыктан+,
24 миң башы Пабылды жоокерлер үйүнө алып кирип, элдин эмне себептен ага ушунчалык кыйкырып жатканын+ толук билиш үчүн, сабап суракка алууга буйрук берди.
25 Сабаш үчүн Пабылды керип байлап коюшканда, ал ошол жерде турган жүз башыга: «Римдин жаранын соттун өкүмүсүз эле сабаганыңар мыйзамга туура келеби?» — деди+.
26 Муну укканда жүз башы миң башыга барып: «Эмне кылганы жатасыңар? Бул деген Римдин жараны турбайбы»,— деди.
27 Ошондо миң башы Пабылдын жанына келип: «Сен, эмне, Римдин жаранысыңбы?» — деп сурады+. Ал: «Ооба»,— деп жооп берди.
28 Миң башы: «Бул жарандыкты мен көп акчага сатып алгам»,— деди. Пабыл: «Мен болсо төрөлгөндөн эле Римдин жаранымын»,— деди+.
29 Ошондо аны кыйнап суракка алмакчы болгондор дароо кетенчиктей түшүштү. Миң башы анын Римдин жараны экенин билгенде байлап салганы үчүн коркуп кетти+.
30 Миң башы жүйүттөрдүн Пабылды эмне себептен айыптап жатканын так билгиси келип, эртеси күнү анын чынжырларын чечтирип, жогорку дин кызматчылар менен Синедриондун мүчөлөрүнө чогулууну буйруду. Анан Пабылды алып келип, алардын алдына чыгарды+.