Элчилер 25:1—27

25  Аймакта* бийлик кыла баштаганынан+ үч күн өткөндөн кийин, Фест Кесариядан Иерусалимге барды+.  Ошондо жогорку дин кызматчылар менен таасирдүү жүйүттөр ага Пабылдын үстүнөн арызданып+, бир өтүнүч менен кайрылышты:  алар андан Пабылды Иерусалимге жөнөтүп, аларга жакшылык кылышын суранышты. Өздөрү болсо аны жолдон өлтүрүш үчүн күтүп жатышкан эле+.  Бирок Фест Пабылдын Кесарияда камакта болушу керектигин, жакында өзү да ошол жакка барарын айтты.  Анан: «Жетекчилериңер мени менен барышсын да, ал кишинин кандайдыр бир айыбы бар болсо, айыпташсын»,— деди+.  Анан Фест ал жакта сегиз-он күндөй жүргөндөн кийин Кесарияга кайтып келди. Эртеси күнү болсо сот тактысына отуруп+, Пабылды алып келүүнү буйруду.  Пабыл келгенде, Иерусалимден келген жүйүттөр аны тегеректеп алып, көп оор айыптарды коюшту+, бирок бирин да далилдей алышкан жок.  Ошондо Пабыл өзүн коргоп: «Мен жүйүттөрдүн Мыйзамына да, ибадатканага да+, цезарга* да каршы эч кандай күнөө кылган жокмун»,— деди+.  Фест жүйүттөргө жагынгысы келип+, Пабылдан: «Иерусалимге барып, ошол жерден менин алдымда ушул айыптар боюнча соттолууну каалайсыңбы?» — деп сурады+. 10  Пабыл: «Мен цезардын сот тактысынын алдында турам+, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Өзүңүз жакшы билгендей, мен жүйүттөргө эч кандай жамандык кылган эмесмин+. 11  Эгерде чынында эле кылмышкер болсом+ же өлүм жазасына тартылгыдай бир нерсе кылсам+, ырайым кылышыңызды өтүнбөйм. Ал эми мага коюлган айыптар негизсиз болсо, анда мени эч ким буларга жагыныш үчүн колдоруна салып бере албайт. Цезардын сотун талап кылам!» — деп жооп берди+. 12  Фест кеңешчилери менен сүйлөшкөндөн кийин: «Цезардын сотун талап кылсаң, цезарга барасың»,— деди. 13  Бир нече күндөн кийин падыша Агриппа* менен Бернике Фест менен учурашканы Кесарияга келишти. 14  Алардын келгенине бир топ күн болгондо, Фест Пабылдын иши жөнүндө падышага мындай деп айтып берди: «Бул жерде Феликс камакта калтырып кеткен бир киши бар. 15  Иерусалимде жүргөнүмдө, жүйүттөрдүн жогорку дин кызматчылары менен аксакалдары арызданып+, аны соттоону суранышты. 16  Мен болсо, римдиктердин тартиби боюнча, айыпталуучуга өзүнүн айыптоочулары менен бетме-бет жолугуп+, өзүн коргоп сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилмейинче, аны аларга жагыныш үчүн колдоруна салып берүүгө болбой турганын айттым. 17  Ошондуктан, алар бул жерге чогулганда, создуктурбай эртеси күнү сот тактысына отурдум да, ал кишини алып келүүнү буйрудум. 18  Мен анын кандайдыр бир жаман иштерге катышы бар деп ойлогом, бирок айыптоочулары ага мен ойлогон айыптардын бирин да коюшкан жок+. 19  Алар жөн эле өздөрүнүн дини жана Иса деген бир өлгөн киши жөнүндө талашып жатышты+. Пабыл аны тирүү деп ырастап жатты+. 20  Бул маселени кантип чечишти билбей, Пабылдан Иерусалимге барып, ошол жерден соттолууну каалаар-каалабасын сурадым+. 21  Бирок ал Август* чечим чыгарганча өзүн ушул жерде калтырууну талап кылгандыктан+, Августка жөнөткөнгө чейин аны камап турууну буйрудум». 22  Ошондо Агриппа Фестке: «Аны мен да угууну каалаар элем»,— деп айтты+. «Анда эртең угасың»,— деди тиги. 23  Эртеси күнү Агриппа менен Бернике шаан-шөкөт менен келишти да+, миң башылар жана шаардын атактуу кишилери менен бирге кеңешме залына киришти. Анан Фесттин буйругу боюнча Пабылды алып келишти. 24  Фест мындай деди: «Агриппа падыша жана биз менен бул жерде отургандар! Иерусалимде да, бул жерде да көптөгөн жүйүттөр алдыңарда турган кишинин үстүнөн арызданып, муну өлтүрүшүмдү талап кылып кыйкырышты+. 25  Бирок мен мунун өлүм жазасына тартылгыдай эч нерсе кылбаганын түшүндүм+. Анан, өзү Августтун сотун талап кылгандыктан+, ага жиберүүнү чечтим. 26  Бирок мырзама бул киши жөнүндө жаза турган эч кандай маалыматым жок болгондуктан, тергөө жүргүзүлгөндөн кийин+ бир нерсе жаза алышым үчүн аны силердин алдыңарга, айрыкча, Агриппа падыша, сенин алдыңа алып келдим. 27  Анткени камактагы кишинин айыбын көрсөтпөй туруп падышага жиберүү туура эмес деп ойлойм».

Шилтемелер

Б. а. Жүйүт аймагында. Башкаруучунун резиденциясы Кесарияда болчу.
Же: «императорго».
Ирод Агриппа II.
Төртүнчү император, цезарь Нерон. Бул наам биринчи жолу Октавианга ыйгарылган.