Эстер 10:1—3
10 Акашберош падыша өзүнө караштуу жерлер менен аралдарда жашагандарды+ кул кылды+.
2 Анын бардык улуу, зор иштери жөнүндө, ошондой эле падыша зоболосун көтөргөн+ Мордохайдын+ улуулугу жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин Мадай жана Персия+ падышаларынын тарыхы баяндалган китепке жазылган+.
3 Жүйүт Мордохай Акашберош падышадан кийинки эле абалды ээлеген+, жүйүттөрдүн арасында кадыр-барктуу, алардын көпчүлүгү сыйлаган киши болгон. Ал өз элинин жыргалчылыгын, алардын урпактарынын тынчтыгын көздөгөн+.