Эстер 6:1—14
6 Ошол түнү падышанын уйкусу качып+, ошол убактагы окуялар баяндалган китепти+ алып келүүнү буйрук кылды. Аны падышага окуп берип жатып
2 Мордохайдын Акашберош падышанын дарбаза кайтарган эки ак сарай кызматчысы Биктан менен Терештин+ падышаны өлтүрүүнүн жолун издеп жатышканы тууралуу билдиргенин да окушту+.
3 Ошондо падыша: «Бул үчүн Мордохайга кандай сый көрсөтүлдү эле? Ага кандай сыйлык берилди эле?» — деп сурады. Кызматчылары ага: «Эч кандай сый көрсөтүлгөн эмес»,— дешти+.
4 Бир нече убактан кийин падыша: «Короодо ким бар?» — деп сурады. Ошол убакта падышанын үйүнүн сырткы короосунда Аман турган эле+. Ал өзү жасаткан устунга+ Мордохайды астырыш үчүн падыша менен сүйлөшкөнү келген болчу.
5 Кызматчылары падышага: «Короодо Аман+ турат»,— дешти. Падыша: «Кирсин»,— деди.
6 Аман киргенде, падыша андан: «Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине эмне кылышы керек?» — деп сурады+. Аман ичинен: «Падыша менден башка кимге сый көрсөтмөк эле»,— деп ойлоп+,
7 ага: «Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине мындай кылсын:
8 падышанын кийимин+ жана минген атын+, башына падыша таажысы кийгизилген атын, алып келип,
9 падышанын атактуу төрөлөрүнүн+ бирине беришсин. Анан тиги кишиге ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизип, анын алдында: „Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине ушундай кылат!“ — деп жар салып+, шаар+ аянтын+ кыдыртып чыгышсын»,— деди.
10 Ошондо падыша Аманга: «Тезирээк, өзүң айткандай, кийим менен атты алып кел да, падышанын дарбазасынын алдында отурган жүйүт Мордохайга барып, айткандарыңдын баарын кыл, бирин да калтырба»,— деди+.
11 Аман кийимди алып келип+, Мордохайга+ кийгизди да, аны атка мингизип, анын алдында: „Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине ушундай кылат!“+ — деп жар салып+, шаар аянтын кыдыртып чыкты+.
12 Андан соң Мордохай кайра падышанын дарбазасынын жанына барды+. Аман болсо капаланып, башын жаап, шашкан бойдон үйүнө жөнөдү+.
13 Ал аялы Зереш+ менен досторуна эмне болгонун бүт айтып берди. Ошондо анын акылмандары+ менен аялы Зереш: «Сен жеңиле баштаган Мордохай жүйүт болгондуктан, ага сенин күчүң жетпейт, андан сөзсүз жеңилесиң»,— дешти+.
14 Алар Аман менен сүйлөшүп жатканда, падышанын ак сарай кызматчылары келишти да, Аманды шаштырып+, Эстердикине конокко алып кетишти+.