1 Жылнаама 10:1—14

10  Пелиштиликтер+ ысрайылдыктар менен согушуп, ысрайылдыктар алардан качып жөнөштү. Пелиштиликтер болсо аларды Гилбоя тоосунда+ кырып жатышты.  Алар Шабул менен анын уулдарынын+ артынан сая түшүп, анын уулдарын: Жонатанды+, Абынадапты+, Малкишуаны+ өлтүрүштү.  Анан Шабулга катуу сокку ура башташты. Жаа аткандар аны жарадар кылышты+.  Шабул куралын көтөргөн жигитине+: «Кылычыңды сууруп+, мени сайып сал. Болбосо бул сүннөткө отургузулбагандар келип+, мени маскара кылышат»,— деди+. Бирок ал коркуп, болбой койду+. Ошондо Шабул кылычына сайынып өлдү+.  Анын өлгөнүн көрүп, курал көтөргөн жигити да кылычына сайынып өлдү+.  Ошентип, Шабул, анын үч уулу, ошондой эле ал жерде анын үйүндөгүлөрүнөн кимдер болсо, ошолордун баары өлдү+.  Өрөөндө жашаган ысрайылдыктар ысрайылдык жоокерлердин душмандардан качканын, Шабул менен анын уулдарынын өлгөнүн көрүп, шаарларын таштап, качып жөнөштү+. Пелиштиликтер келип, ал шаарларды ээлеп алышты.  Кийинки күнү пелиштиликтер өлгөндөрдүн буюмдарын тоногону келип+, Гилбоя+ тоосунан Шабул менен анын уулдарынын өлүгүн табышты.  Алар Шабулдун бүт нерсесин, курал-жарагын чечип, башын кесип алышты да+, бул тууралуу өздөрүнүн буркандарына+ жана элге жарыялаш үчүн+ бүт Пелишти жерине кабар жиберишти. 10  Анан анын куралын өздөрүнүн кудайынын үйүнө коюп+, баш сөөгүн Дагондун үйүнө илип коюшту+. 11  Жабеш-Гилаттын+ бардык тургундары пелиштиликтердин Шабулду эмне кылышканын+ укканда, 12  алардын эр жүрөк кишилеринин баары барып, Шабул менен анын уулдарынын өлүгүн Жабешке+ алып келишти да, чоң дарактын түбүнө көөмп+, жети күн орозо тутушту+. 13  Ошентип, Шабул Жахабага ишенимсиздик көрсөтүп+, Жахабанын сөзүн аткарбаганы үчүн жана өлгөндөрдү чакырган аялга кайрылганы үчүн+ өлдү. 14  Ал Жахабага кайрылган жок+. Ошондуктан Кудай аны өлтүрүп, падышалык бийликти Жышайдын уулу Дөөтүгө берди+.

Шилтемелер