1 Жылнаама 12:1—40
12 Дөөтү Киштин уулу Шабулдан качып жүргөндө+, Сыклакка+, анын жанына ага салгылашта жардам берген күчтүү кишилер+ барышты.
2 Жаа менен куралданган ал кишилер оң колу менен да, сол колу+ менен да таш ыргытып+, жаа+ атышчу+. Алар Бенжемин уруусундагы Шабулдун бир туугандары эле.
3 Алар: гибалык+ Шемайдын уулдары Ахиезер башчы менен Жоаш, Азмабеттин+ уулдары Жезиел менен Пелет, Беракак, анатоттук+ Жеху,
4 отуз кишинин бири болгон жана отуз кишини башкарган+ гибондук+ күчтүү киши Ишмая, Жеремия, Жахазиел, Жоханан, гедералык+ Жозабат,
5 Элузай, Жеримот, Беалия, Шемария, хариптик Шепатия,
6 Корактын тукумдарынан+ болгон Элкана, Ишия, Азарел, Жоезер, Жашобам,
7 гедордук Жерохамдын уулдары Жоела менен Зебадия.
8 Ошондой эле Дөөтү чөлдө+, киши оңой менен бара алгыс жерде жүргөндө, анын тарабына айрым гаттыктар да өтүшкөн болчу. Алар чоң калкандары менен найзаларын камдап+, согушканга даяр турган, жүздөрүндө арстандын сүрү бар+, тоодогу жейрендей тез чуркаган+ эр жүрөк, күчтүү жоокерлер эле.
9 Алардын башчысы — Эзер, экинчиси — Обадия, үчүнчүсү — Элиап,
10 төртүнчүсү — Мишмана, бешинчиси — Жеремия,
11 алтынчысы — Атай, жетинчиси — Элиел,
12 сегизинчиси — Жоханан, тогузунчусу — Элзабат,
13 онунчусу — Жеремия, он биринчиси — Махбанай.
14 Алар Гаттын+ уулдарынан чыккан аскер башчылары эле. Алардын эң алсызы жүз кишиге, эң күчтүүсү миң кишиге тете болчу+.
15 Алар Иордан дарыясын биринчи айда, ташкындап турган маалда+, кечип өтүп+, өрөөндө жашагандардын баарын чыгыш менен батышка кууп жиберишкен.
16 Дөөтү киши оңой менен бара алгыс жерде жүргөндө+, ага Бенжемин менен Жүйүт уулдарынын айрымдары да барышты.
17 Дөөтү алардын алдынан чыгып: «Эгер тынчтык менен келсеңер+, мага жардам бергени келсеңер, анда дос болобуз+. Эгер мени, эч кандай жамандык кылбасам деле+, душмандарымдын колуна салып бергени келсеңер, анда муну ата-бабаларыбыздын Кудайы+ көрүп, өзү сот болсун»,— деди+.
18 Ошондо отуз кишинин башчысы Амасайга Кудайдын руху түшүп+, ал:
«Дөөтү, биз сеникибиз!+ Жышайдын уулу, биз сен тараптабыз!
Сага тынчтык болсун, сага жардам бергенге да тынчтык болсун!
Анткени Кудайың сага жардам берип жатат»,— деди+.
Дөөтү аларды кабыл алып, аскердик топторуна башчы кылып койду+.
19 Менаше уруусунан да Дөөтү тарапка өткөндөр болду. Ал убакта Дөөтү пелиштиликтер менен бирге+ Шабул менен согушканы бараткан эле. Бирок ал пелиштиликтерге жардам берген жок, анткени пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары+ өз ара кеңешип: «Эгер бул Шабул мырзасынын тарабына өтүп кетсе, анда башыбыздан айрылабыз»+ — деп, аны артка жөнөтүп жиберишкен болчу.
20 Ал Сыклакка+ келгенде, ага Менаше уруусунан миң сандаган кишилердин башчылары+ Аднак, Жозабат, Жедаел, Микеил, Жозабат, Элиу, Зилтайлар келишти.
21 Алар күчтүү, эр жүрөк кишилер+ болушкандыктан Дөөтүгө талап-тоноочулар+ менен согушууга жардам берип жүрүштү. Кийин алар анын аскер башчылары болушту.
22 Дөөтүгө жардам бергени келгендердин+ саны күндөн күнгө өсө бергендиктен+, анын аскери Кудайдын аскериндей+ аябай көбөйдү.
23 Шабулдун падышалыгын, Жахабанын буйругу боюнча+, Дөөтүгө өткөрүп бериш үчүн+ Хебронго+, Дөөтүгө барган куралчан жоокерлердин саны мынча болду:
24 Жүйүт уулдарынын арасынан чоң калкан менен найза көтөргөн 6 800 киши,
25 Шымон уулдарынын арасынан күчтүү, эр жүрөк 7 100 киши барды.
26 Леби уулдарынын арасынан болсо 4 600 киши барды.
27 Арундун уулдарынын+ жол башчысы Жоят+ менен 3 700 киши барды.
28 Алардын арасында күчтүү, эр жүрөк жигит Садок+ жана аны менен бир тукумдан болгон 22 башчы бар эле.
29 Бенжемин уулдарынын+, Шабулдун бир туугандарынын+, арасынан 3 000 киши барды. Бенжемин уулдарынын көбү ошол убакка чейин Шабулдун үйүндөгүлөрүн ишенимдүүлүк менен колдоп келатышкан.
30 Эпрайым уулдарынын арасынан өз уруусунда атагы чыккан күчтүү, эр жүрөк+ 20 800 киши барды.
31 Дөөтүнү падыша кылууга Менаше уруусунун+ жарымынан атынан аталып тандалган 18 000 киши барды.
32 Исахар+ уулдарынын арасынан 200 башчы барды. Алар ысрайыл элинин кайсы учурда эмне кылышы керектигин+ жакшы билишчү+. Алардын бир туугандарынын баары алар берген буйруктарды аткарышчу.
33 Забулун уруусунан+ ар кандай курал-жарактары бар, аскер кызматына жарактуу 50 000 жоокер барды. Алардын баары Дөөтүнү бүт жүрөгү менен колдош үчүн анын жанына чогулуп жатышты.
34 Напталы уруусунан+ 1 000 башчы жана алар менен бирге чоң калкан менен найза көтөргөн 37 000 киши барды.
35 Дан уруусунан 28 600 жоокер,
36 Ашыр уруусунан+ аскер кызматына жарактуу 40 000 жоокер барды.
37 Иордандын аркы өйүзүндөгү+ Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Менаше уруусунун жарымынан ар кандай курал-жарактары бар 120 000 киши барды.
38 Аскердик тартипте тизилип, согушка дайым даяр турган бул жоокерлердин баары Дөөтүнү бүт Ысрайылга падыша кылыш үчүн+ чечкиндүүлүк менен Хебронго барышты. Калган ысрайылдыктар да Дөөтүнү падыша кылууну бир добуштан колдошту+.
39 Бир туугандары баарын даярдап койгондуктан, алар Дөөтүнүн жанында үч күн болуп, ичип-жешти+.
40 Алардын жанында жашагандар, атүгүл Исахар+, Забулун+ жана Напталы+ урууларына таандык жерлерде жашагандар да эшектерге+, төөлөргө, качырларга жана өгүздөргө артып көп тамак-аш алып келип жатышты. Алар анжир менен жүзүмдүн ныкталып жасалган кагын+, ун+, шарап+, май+, ошондой эле бука+, кой+ алып келип жатышты, анткени Ысрайыл кубанып жаткан эле+.