1 Жылнаама 14:1—17
14 Тирдин падышасы+ Хирам+ Дөөтүгө бал карагайларды жөнөтүүнү сүйлөшүш үчүн кишилерин жиберди+, ошондой эле үй курганга+ дубал тургузган жумушчулар менен жыгач усталарды жөнөттү.
2 Дөөтү Жахабанын аны Ысрайылга падыша кылып дайындаганын+ жана өзүнүн ысрайыл эли үчүн анын падышалыгынын зоболосун көтөргөнүн түшүндү+.
3 Ал Иерусалимде дагы бир нече аял алып+, дагы уул-кыздуу болду+.
4 Анын Иерусалимде төрөлгөн балдары булар: Шамуя+, Шобап+, Натан+, Сулайман+,
5 Ипхар+, Элишуа, Элпелет+,
6 Ногах, Непек+, Жапиа,
7 Элишама+, Белиада, Элипелет+.
8 Пелиштиликтер Дөөтүнүн бүт Ысрайылга падыша болуп майланганын угуп+, аны издегени чыгышты+. Бул тууралуу билгенде Дөөтү аларга каршы чыкты.
9 Пелиштиликтер улам келип, репаимдер жашаган өрөөндү+ талап-тоноп жатышты.
10 Дөөтү Кудайдан+: «Пелиштиликтер менен согушканы барайынбы? Аларды колума салып бересиңби?» — деп сурады. Жахаба: «Бар, аларды колуңа салып берем»,— деп жооп берди.
11 Дөөтү Баал-Перасимге+ барып, аларды талкалап: «Чыныгы Кудай душмандарымды колума салып берип, ташкындаган суу кыйраткандай кыйратты»,— деди. Ошондон улам ал жерди Баал-Перасим деп аташты+.
12 Пелиштиликтер кудайларын ошол жерге таштап кетишти+. Аларды Дөөтүнүн буйругу менен өрттөп салышты+.
13 Кийинчерээк пелиштиликтер өрөөндө жашагандарды дагы тоногону келишти+.
14 Дөөтү чыныгы Кудайдан сураганда+, Кудай ага: «Алардын артынан барба. Аларды айланып өтүп, бака* бадалдарынын алды жагынан кол сал+.
15 Бака бадалдарынын үстү менен бирөө басып бараткандагыдай дабышты угарың менен+ согушту башта+, анткени чыныгы Кудай сенин алдыңда пелиштиликтердин кошуунун талкалаш үчүн бараткан болот»,— деди+.
16 Дөөтү бардыгын чыныгы Кудай буйругандай кылды+. Алар пелиштиликтердин кошуунун Гибондон+ Гезерге+ чейин кууп, жолду карай аларды кырып барышты.
17 Ошентип, Дөөтүнүн бүт жакка атагы чыга баштады+. Жахаба бардык элдерди андан корко тургандай кылды+.
Шилтемелер
^ Еврей сөзүнүн транслитерациясы; так мааниси белгисиз.