1 Жылнаама 16:1—43

16  Чыныгы Кудайдын келишим сандыгын алып келип+, Дөөтү атайын даярдаган чатырга коюшту+. Анан чыныгы Кудайдын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ менен тынчтык курмандыктарын+ чала башташты+.  Курмандыктарды чалып бүткөндөн кийин, Дөөтү Жахабанын атынан+ элге бата берди+.  Анан ысрайылдыктардын баарына, эркек-аял дебей ар бирине, тегерек нандан бирден, курма менен жүзүмдүн ныкталып жасалган кагынан да бирден берди+.  Андан кийин элге Ысрайылдын Кудайы Жахабанын иштери тууралуу эскертип турушу үчүн+ жана ага ыраазычылык билдирип+, аны даңктап турушу үчүн+, айрым лебилерди+ Жахабанын келишим сандыгынын алдында кызмат кылууга дайындады+.  Алардын башчысы — Асап+, кийинкилери — Закарыя, Жиел, Шемирамот, Жехиел, Матития, Элиап, Беная, Обет-Эдом, Жиел+. Алар арфа+ жана ар кандай кыл аспаптарды чертүүгө, ал эми Асап+ жез табак кагып турууга дайындалды+.  Дин кызматчылар: Беная менен Жахазиел чыныгы Кудайдын келишиминин сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып турушкан+.  Ошол күнү Дөөтү Асап+ менен анын бир туугандарына Жахабага ыраазычылык билдириши үчүн+ биринчи жолу бул забурду*+ берди:  «Жахабага ыраазычылык билдиргиле+, анын ысмын чакыргыла+, Иштерин элдер арасында жар салгыла+.  Аны даңктап ырдагыла+, обон салгыла+, Бардык кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүрткүлө+. 10  Анын ыйык+ ысмы+ менен мактангыла. Жахабаны издегендердин жүрөгү кубансын+. 11  Жахабаны, анын күч-кубатын издегиле+, Ар дайым анын жүзүн издегиле+. 12  Анын жасап келген ажайып иштерин+, Кереметтерин, оозунан чыккан өкүмдөрүн унутпагыла+, 13  Оо, Кудайдын кызматчысы Ысрайылдын тукуму+, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары+. 14  Ал — Жахаба, биздин Кудайыбыз+, Анын өкүмдөрү бүт жер жүзүндө ишке ашат+. 15  Анын келишимин эч качан+, Буйрук кылган сөзүн, миң муун өтсө да+, унутпагыла. 16  Кудай ал келишимди Ыбрайым менен түзгөн+, Ыскакка ант берген+. 17  Ал антты Жакыпка мыйзам катары+, Ысрайылга кылымдарга түзүлгөн келишим катары берген+. 18  „Сага Канаан жерин берем+, Аны энчиңе берем“,— деген+. 19  Ошол кезде алардын саны аз эле+, Ооба, өтө аз эле. Алар ал жерде келгин катары жашашкан+. 20  Бир элден бир элге+, Бир падышалыктан бир падышалыкка барышкан+. 21  Кудай аларды эч кимге алдаткан эмес+, Аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген+. 22  „Менин майлангандарыма тийбегиле, Пайгамбарларыма жамандык кылбагыла“,— деген+. 23  Бүт жер жүзү, Жахабаны даңктап ырда!+ Анын куткаруусу жөнүндө күнүгө жарыялагыла!+ 24  Элдердин арасында анын даңкын, Бардык элдердин арасында анын кереметтүү иштерин жарыялагыла. 25  Анткени Жахаба улуу, ал зор даңкка татыктуу+. Ал бардык башка кудайлардан сүрдүү+. 26  Себеби бардык элдердин кудайлары — пайдасыз кудайлар+. Ал эми Жахаба асманды жараткан+. 27  Кадыр-барк менен көрк анын алдында+, Күч менен кубаныч анын турагында+. 28  Уруулар, Жахабаны даңазалагыла, Даңкты, күч-кубатты Жахабага ыйгаргыла+. 29  Жахабанын ысмын даңктагыла+, Белек алып, анын алдына баргыла+. Жахабага ыйык кийимчен таазим кылгыла+. 30  Бүт жер жүзү, анын алдында титире*! Жер бекем орнотулду, Ал эч качан козголбойт+. 31  Асман кубансын, жер сүйүнсүн+, Элдердин арасында: „Жахаба падыша болду!“— дешсин+. 32  Деңиз менен андагылар күркүрөсүн+. Талаа менен андагынын баары шаттансын+. 33  Токойдогу дарактар Жахабанын алдында кубанычтуу үн салсын+, Анткени ал жерди соттогону келди+. 34  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+, Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 35  Мындай дегиле: „Куткаруучу Кудайыбыз, бизди куткар+, Ыйык ысмыңа ыраазычылык билдиришибиз үчүн+, сени кубаныч менен даңкташыбыз үчүн+, Бизди чогултуп, элдерден куткар+. 36  Ысрайылдын Кудайы Жахаба түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын“»+. Ошондо ал жердеги бүт эл: «Оомийн!» — деди да, Жахабаны даңктады+. 37  Андан кийин Дөөтү Асап+ менен анын бир туугандарын, алар күн сайын өздөрүнөн талап кылынганды аткарып+, дайыма Жахабанын келишиминин сандыгынын алдында кызмат кылышы үчүн+, келишим сандыгынын алдындагы ордуна калтырды. 38  Обет-Эдом менен анын бир туугандарын, алтымыш сегиз кишини, ошондой эле Жедутундун уулу Обет-Эдом менен Хосаны дарбаза кайтарганга дайындады. 39  Дин кызматчы Садок+ менен анын дин кызматчы бир туугандарын Гибондогу+ бийик жерде турган Жахабанын ыйык чатырынын алдына дайындады. 40  Ал аларды, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар чалынчу курмандык жайында дайыма эртең менен жана кечинде Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды өрттөп, Жахабанын Ысрайылга берген мыйзамында жазылгандардын баарын аткарышы үчүн, ошол жерге дайындады+. 41  Алардын жанына Хеман+ менен Жедутунду, ошондой эле Жахабага «мээримдүүлүгү түбөлүктүү»+ болгону үчүн ыраазычылык билдирип турууга+ атайын дайындалган+, атынан аталып тандалган кишилерди койду. 42  Хеман+ менен Жедутунду+ чыныгы Кудайга арналган ырлар ырдалып жатканда сурнай+ тартып, жез табак кагып жана башка аспаптарда ойноп турууга дайындады. Жедутундун уулдарын+ болсо дарбазага койду. 43  Андан кийин элдин баары үйлөрүнө тарады+. Дөөтү да үйүндөгүлөрүнө бата бериш үчүн үйүнө кайтты.

Шилтемелер

Же: «тартууну».
Же: «сыздаткан ооруну сез».