1 Жылнаама 17:1—27

17  Өзүнүн үйүндө жашай баштаганынан көп өтпөй Дөөтү+ Натан пайгамбарга+: «Мен бал карагайдан салынган үйдө жашап жатам+, Жахабанын келишиминин сандыгы+ болсо чатырда турат»,— деди+.  Натан ага: «Жүрөгүң эмнени каалап жатса, ошону кыл+, анткени чыныгы Кудай сени менен»,— деди+.  Ошол түнү Кудай Натанга мындай деди+:  «Барып, кулум Дөөтүгө мындай деп айт: „Жахаба мындай дейт: “Мен жашай турган үйдү сен курбайсың+.  Ысрайылды Мисирден алып чыккан күндөн тартып ушу күнгө чейин мен үйдө жашаган жокмун+, мен чатырдан чатырга+, бир жерден экинчи жерге көчүп келатам+.  Ысрайылдын арасында жүргөнүмдө+: “Эмне үчүн мага бал карагайдан үй курбайсыңар?”— деп элимди кайтарууга дайындалган Ысрайыл бийлеринин бирине айттым беле?”“+  Кулум Дөөтүгө мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл элиме жол башчы болушуң үчүн+, мен сени кой кайтарып жүргөн жериңден тандап алгам+.  Сен кайда барба, мен сени менен болом+, душмандарыңдын баарын кырып жок кылам+, сенин атыңды улуу кылам+, сен жер жүзүндөгү атактуу адамдардын бири болосуң+.  Мен ысрайыл элиме жер берип, аларды ошол жерге отургузам+. Алар ошол жерде жашашат, эч ким алардын тынчын албайт. Ыймансыздар+ аларга мурункудай болуп кысым көрсөтүшпөйт+, 10  ысрайыл элиме бийлерди дайындаган убактагыдай+ аларды кысымга алышпайт. Сага бардык душмандарыңды багындырып берем+. Мен сага: “Жахаба сага үй тургузат”,— деп айтып жатам+. 11  Көз жумуп, ата-бабаларыңа кошулгандан кийин+, сенин ордуңа тукумуңду — уулдарыңдын бирин — коюп+, анын падышалык бийлигин бекемдейм+. 12  Мага үйдү ошол курат+, мен анын тагын түбөлүккө бекем кылам+. 13  Мен ага ата болом+, ал мага уул болот+. Аны, сага чейинки кишини мээримдүүлүгүмдөн ажыратканымдай+, мээримдүүлүгүмдөн ажыратпайм+. 14  Аны үйүмө, падышалыгыма+ түбөлүккө башчы кылып коём+, анын тагы түбөлүккө турат”“»+. 15  Натан Дөөтүгө ушул сөздөрдү жана аянды толугу менен айтып берди+. 16  Ошондо Дөөтү падыша Жахабанын алдына барып отурду да+, мындай деди: «Оо, Жахаба Кудай, сен мен үчүн ушунун баарын кылгыдай+, мен ким экенмин+, менин үйүм эмне экен?+ 17  Ушунун баары аздык кылып жаткандай+, Кудайым+, сен кулуңдун үйүнүн тээ алыскы келечеги жөнүндө да айтып жатасың+. Жахаба Кудайым, сен мени бир улуу адамдай көрөсүң+. 18  Сен кулуңду жакшы билесиң+, андыктан кулуңа көрсөткөн урмат-сыйың+ жөнүндө Дөөтү дагы эмне деп айта алат? 19  Жахаба, ушул улуу иштердин баарын сен кулуң үчүн жана өзүңдүн эркиңе ылайык жасап+, алардын баарын айкын кылдың+. 20  Оо, Жахаба, сага окшош эч ким жок+, башка көптөгөн кудайлар жөнүндө уксак да, сенден башка Кудай жок+. 21  Жер бетинде ысрайыл элиңдей эл барбы?+ Оо, чыныгы Кудай, сен аларды өзүңө эл кылыш үчүн кун төлөп сатып алгансың+. Мисирден кун төлөп сатып алган ал элиң үчүн башка элдерди кууп чыгып+, улуу иштериң+, коркуу сезимин туудурган иштериң менен өзүңдүн ысмыңды даңктагансың. 22  Сен ысрайыл элиңди түбөлүккө өзүңдүн элиң кылдың+. Оо, Жахаба, сен алардын Кудайы болдуң+. 23  Эми, Жахаба, өзүңдүн кулуң жөнүндө, анын үйү жөнүндө айткан сөзүңө түбөлүккө бекем тур, айтканыңдын баарын аткар. 24  Ысмың+ ишенүүгө татыктуу болуп, түбөлүккө даңкталсын+. Элдер: „Ысрайылдын Кудайы+, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ — Ысрайылды башкарган Кудай“+,— деп айтышсын. Кулуң Дөөтүнүн үйү сенин алдыңда түбөлүккө турсун+, 25  анткени сен, Кудайым, кулуңа үй тургузарыңды өзүң айткансың+. Ошондуктан кулуң сенден ушинтип тиленди. 26  Оо, Жахаба, сен чыныгы Кудайсың+, сен кулуңа ушул жакшы нерсени убада кылдың+. 27  Кулуңдун үйү сенин алдыңда түбөлүккө турушу үчүн, айткандарыңды аткарып, ага батаңды бер+. Анткени, Жахаба, сен өзүң бата бергендиктен, ал түбөлүк бата алат»+.

Шилтемелер